АКШда Tesla Cybertruck электромобили жарылып, бир адам каза тапты. Окуя 1-январда Лас-Вегас шаарында 64 кабаттуу Trump International Hotel мейманканасынын жанында болду. Маалыматка караганда, жарылуудан жети киши жаракат алды.
ABC News телеканалы полиция бул окуяны теракт катары да иликтеп жатканын кабарлады.
Полициянын маалыматы боюнча, жарылуу унаа мейманкананын жанына токтогондон көп өтпөй болгон. Каза тапкан адам ошол учурда электромобилдин ичинде отурган.
Жарылууга эмне себеп болгону азырынча так айтыла элек. ABC News полициянын маалыматына таянып кабарлагандай, унаанын ичинен пиротехникалык каражаттар, бензин куюлган канистр табылды. Тергөөдө айдоочу унааны өзү жардырган болушу ыктымалдыгы тууралуу версия да каралууда.
Tesla ээси Илон Маск анын компаниясы да окуянын чоо-жайын иликтей баштаганын билдирди.
Trump International мейманканасы Невада штатында жайгашкан. Ал АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка таандык. Илон Маск соңку шайлоо өнөктүгүндө Трамптын негизги өнөктөшү болду.
АКШ бийлиги Лас-Вегастагы окуянын Жаңы Орлеандагы кол салууга байланышы бар-жогун иликтеп жатат. Президент Жо Байден азырынча укук коргоо органдарында бул окуялардын байланышын тастыктаган далил жок экенин белгиледи.
1-январга караган түнү Луизиана штатынын Жаңы Орлеан шаарында жүк ташуучу унаа калаа борборунда Жаңы жылды майрамдап жаткан топ элди сүзүп, кеминде 15 киши каза болгон. Дагы 30дан ашуун киши жаракат алган. Унаанын айдоочусу ок чыгарып, полиция менен атышууда эки офицер жарадар болгон. (AiA)
Шерине