Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Бахмут: “Ажал бүркөм” деп келип, ажалга кабылган абактагылар


Евгений Пригожин набыт кеткен "вагнерчи" жоочулардын көрүстөнүнүн жанында. Мындай далай көрүстөндөр кийин жер менен жексен болгондугу айтылып келет.
Евгений Пригожин набыт кеткен "вагнерчи" жоочулардын көрүстөнүнүн жанында. Мындай далай көрүстөндөр кийин жер менен жексен болгондугу айтылып келет.

Көз карандысыз иликтөөнүн натыйжасына караганда, Орусиядагы абактык мөөнөттөн мыйзамсыз кутулуп, тез арада боштондукка жетүү үчүн “Вагнер” жоочулар тобуна кошулуп кеткен абактагылар Украинадагы айтылуу Бахмут шаарынын айланасындагы согуш талаасында он миңдеп набыт кеткени расмий Кремл тарабынан жаап-жашырылып келген экен. Аңгектен качып, дөңгөккө кабылгандар жана болочокто алардын жазмыштуу тагдырын кайталабоо зарылдыгы тууралуу блог.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы советтик тажрыйба

Негизи, демейдеги жарандык коомдун шартында абакка кесилүү – инсан үчүн өз кылмышы же жоругу үчүн адилет сот өкүмү аркылуу жооп берүүнүн катаал бир түрү катары гана бааланат.

Сот адилеттигинин негизинде мөөнөт өтөп келгендер коомго кайрадан татыктуу мүчө болуп кабыл алынууга тийиш. Бул – демократиялык коомдордогу демейдеги көрүнүш.

Ал эми мурдагы Советтер Биримдигинде, өзгөчө, сталиндик тоталитардык режимдин кырдаалында, миллиондогон кишилер жазыксыз жерден абакка кесилген же сүргүнгө айдалган учурлар жапырт көрүнүш болгон.

Абактагыларды, өзгөчө, саясий себептер менен ГУЛАГга камалгандарды, киши катары көрүшчү эмес. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында абактагылардын кармалуу шарттары жана акыбалы өтө кескин начардаган.

Ал эми СССР Экинчи дүйнөлүк согушка 1939-жылы 17-сентябрда эгемен Польшага чыгыштан кол салуу аркылуу кирген жана ошол жылдын 30-ноябрынан тартып эгемен жана “ак” Финляндияга каршы “пролетардык кызыл” согушту майнапсыз жүргүзгөн.

Расмий маалыматтарга караганда, 1940-жылы ГУЛАГда (СССРдеги жалпы абактык системада) 46 миңден ашуун киши набыт кеткен. 1941-жылы абактагылардан 100 миңдей киши, 1942-жылы 249 миңдей киши набыт болгон. Негизи, мыйзамга ылайык, алар өз жаза мөөнөтүн аман-эсен аяктап, кайра өз үйлөрүнө кайтуулары керек болчу.

Абактагыларга түйшүктүү жана катаал эмгек пландары таңууланып, алардын мөөнөтүн шылтоо менен узарткан учурлар арбын болгон.

1941-жылы 22-июндан кийин башталган согуштун жаңы баскычында – Улуу Ата мекендик согуш маалында советтик аскер жетекчилигинин дараметсиздигинин айынан куралы начар көптөгөн советтик жоокерлер набыт кеткен же нацисттик туткунга түшкөн.

1941-жылы 12-июлда СССР Жогорку Кеңешинин Президиуму атайын жарлык чыгарып, айрым кылмыш түрлөрү боюнча соттолгондордун жазаларын жеңилдетүү боюнча чечим кабыл алган. Жеңилирээк жаза алгандар жоокерлеринин катары суюлган Кызыл армияга кызматка чакырыла баштаган. Бул жүрүм андан ары улантылып, кыйла оор жаза алгандар деле жоокерге таңкыс болуп жаткан кан майданга жөнөтүлө баштаган кезең да келген.

1941-жылы советтик абактагы 420 миң киши кан майданга жоокер катары аттандырылган. Саясий себептер менен (кылмыш кодексинин 58- жана 59-беренелерине ылайык соттолуп) абакта кармалгандар жана ашынган кылмышкерлер (бандиттер) гана кан майданга жөнөтүлгөн эмес.

1942-жылдын 28-июлунда чыгарылган №227 буйрукка ылайык Кызыл армияда атайын жазага кабылгандардын аскер бирдиктери – “жазалык батальондор” (“штрафтык батальондор”) түзүлө баштаган. Ар кыл майдан багыттарында (“фронттордо”) бирден үчкө чейинки сандагы “жазалык батальондор” түзүлгөн (мындай батальондордун ар биринде 800дөй киши болгон). Аларга мурдагы абактагылар да кошулган, бирок жалаң гана абактагылардан “жазалык батальон” түзүлгөн эмес, дешет.

Мындай батальондор оор чабуулдарда негизги күчтөрдүн алдына салынууга тийиш болгон.

1943-жылы Кызыл армия чабуулга өтө баштаган чакта, абактагылардын кыйла бөлүгү өз ыктыяры менен согушка аттанган учурлар да болду.

Г.Жуков менен К.Рокоссовский Маскөөдөгү Жеңиш парадында.
Советтик кол башчылар Георгий Жуков менен Константин Рокоссовский Маскөөдөгү Жеңиш парадында. 1945.

Генерал-лейтенант Константин Рокоссовский (1896–1968) жетектеген Батыш фронтунун 16-армиясына мурдагы абактагылар салыштырмалуу көбүрөөк топтолгондугу тууралуу маалымат бар. Эки жолку Советтер Союзунун Баатыры болгон бул аскер башчынын өзү дагы бир учурда (1937-жылдын августунан тартып) абакта кармалган, тактап айтканда, жалган жалаага туш келип, капиталист поляктардын жана жапондордун тыңчысы деген доо боюнча тергөө абагында отурган.

1940-жылы март айында гана ал сталиндик абактан чыккан жана анын дивизиянын командачысы аскер даражасы калыбына келтирилген. Кийинчерээк ал СССРдин (1944) жана Польшанын (1949) маршалы аскер даражасын алган, 1949–1956-жылдары Польшанын Коргоо министри болгон.

Расмий айтылбаган кейиштүү тагдырлар да арбын. Маселен, абактагы Николай Кульба согуш башталганга чейин эле жардыргыч зат даярдагандыгы жана тополоңго катышкандыгы үчүн 10 жылга лагерге соттолгон. 1942-жылы августта ал ыктыяры менен согушка аттанып, 48-гвардиялык аткычтар дивизиясына жөнөтүлгөн. Мыкты мерген (снайпер) атыккан. 1943-жылы октябрда Жовтнево хутору үчүн салгылашууда ал оор жаракат алгандыгына карабастан, мыкты корголгон жайда отурган нацисттик пулемётчуну граната ыргытып өлтүрүп, каармандык кылган. Бул жана башка эрдиктери үчүн ал Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Бирок жаракатынын айынан ооруканага түшкөн Николай Кульба бул сыйлыгы тууралуу билген эмес.

1958-жылы гана сыйлыктын ээси аныкталган. Көрсө, Николай Кульба аскердик ооруканадан кийин кайрадан кылмыш дүйнөсүнө кайтып келип, талап-тоноо жана зордуктоо кылмыштары маалында тутулуп, кайрадан ГУЛАГга жөнөтүлгөн экен...

1959-жылы Кульбанын бардык сыйлыктары (анын ичинде Советтер Союзунун Баатыры наамы) советтик бийликтер тарабынан жокко чыгарылган.

Дегиңкиси, чыныгы баатырдык кылган мурдагы абактагылар кайрадан сый-урматка бөлөнгөндүгү тууралуу факттар миллиондогон кишилердин эсинде калды, андан соң алар тууралуу аңыз кептер көркөм адабиятка жана көркөм тасмаларга көчтү...

“Вагнер” жоочулар тобу жана орусиялык абактагылар

2014-жылы путиндик Орусия эгемен Украина жумуриятына чыгыштан кол салды, Кырым жарым аралын жана Донбасстын айрым бөлүктөрүн аскер колдонуу жана өзү каржылаган жикчилерге шылтоо кылуу менен каратып алды.

2022-жылдын 24-февралынан тартып путиндик согушчан режим Украинага каршы баскынчыл согуштун жаңы жана кеңири өлчөмдөгү баскычына өттү.

Путиндик режим кеңирсиген кан майданга улам жаңы жоокерди жөнөтүүгө аргасыз болуп жаткан чакта, жардамга орусиялык “Вагнер” жоочулар тобу келди.

Бул куралчан топту “жоочулар тобу” деп атаганыбыздын себеби – ал машыккан согушчандардын жалданма тобу болуп саналат жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн расмий бөлүгү саналбайт.

Аталган мыйзамсыз топтун жетекчилиги да өз жоочуларынын катары кескин суюла баштаган чакта Орусиянын ар кыл абактарынан ыктырдууларды жоочулукка чакыра баштады.

Мында “жоокер катары” эмес, “жоочу катары” деп өзгөчө белгилеген себебибиздин жөнү да бар: “жоокер” – бул тигил же бул мамлекеттеги мыйзамдуу аскерлердин катарына расмий чакырылган жана аскер кызматын өтөп жаткан киши; “жоочу” – бул тигил же бул мыйзамсыз куралчан топко чакырылып, согуш аракеттерине катышып жаткан согушчан киши.

Евгений Пригожин. 31.5.2023.
Евгений Пригожин "Вагнер жеке менчик аскердик компаниясы. Экинчи майдан" деп аталган үгүт долбоорунун бет ачарында. Владивосток, Орусия. 31.5.2023.

Орусиядагы жоочулардын “Вагнер” тобун президент Владимир Путиндин бир кездеги көздөй кишиси болгон Евгений Пригожин (1961–2023) негиздеген, деп айтылат.

Менимче, башкы негиздөөчү – Путиндин өзү. Анткени Пригожин президент Путиндин уруксаты жок туруп ар кыл орусиялык абактарды каалашынча кезмек тургай, ал абактардын жанында жөнсүз чүчкүрө да албайт болчу.

Айтор, “Вагнер” тобу 2022-жылдан тартып Орусиядагы абактагы далай кишилерди өз катарына азгырып алгандыгы – чындык. Муну Евгений Пригожин жана анын жактоочулары даярдаган көптөгөн видео тасмалар дагы айгинелейт.

Кээ бир абактагылар чын эле Украинадагы согуш талааларында алты айдай же андан көбүрөөк убакытка кызмат өтөгөн соң, толук эркиндик алып, кайра өз үй–өлөң төшөгүнө кайткан учурлар бар.

Алардын айрымдары, балким, биротоло туура жолго түшкөндүр. Алардын көбү Украинанын өзүндө баскынчыл согушка катышуу – оор кылмыш экендигинен эч кабарсыздыр, айрымдары өкүнүп жүрүшкөндүр.

Мурдагы абактагылардын айрымдары болсо Орусиянын ар кыл аймактарында соңку жергиликтүү кылмыш окуяларынын хроникасынын терс “каармандары” катары чет-четинен “даңазалана” башташты.

Түрмөдөн – көргө түз жол

Орусияда “чет элдик агент” катары таанылган “Медиазона” аттуу эркин басылма бар. Бул басылма Би-Би-Си Орус кызматынын иликтөөчү журналисттери менен бирдикте өзгөчө кылдат изилдөө жүргүздү. Медиа шериктер “Вагнер” жоочулар тобуна тартылган орусиялык мурдагы абактагылардын Украинанын согуш талаасындагы өлүм-житими жөнүндөгү маалыматты 2024-жылы 10-июнда шардана кылышты.

2023-жылы май айында “Вагнер” жоочулар тобунун жетекчиси Евгений Пригожин таркаткан видео тасма алигиче коомчулуктун эсинде болсо керек.

Даректүү тасмада Е.Пригожин “вагнерчилердин” өлүктөрү жаткан жерде камерага: “Шойгу! Герасимов! Ок-дарылар каякта?!” деп сөгүнүп кыйкырып жатканы чагылдырылган.

Пригожин Бахмут шаары үчүн кырчылдашкан салгылашууда өзүнүн 20 миңдей жалданма жоочусу набыт кеткенин мойнуна алган. (Адатта, Орусиянын жетекчилиги өз тарабынын өлүм-житими тууралуу так маалымат бербейт).

Жалпы эле Украинага каршы согушка (аны Пригожин путинчил лексика менен “аскердик иш-чара” атайт) абактагы 50 миң кишини тандап алгандыгын жана алардын 20 пайызга жакыны набыт кеткендигин Пригожин өзү Константин Долгов аттуу путинчил саясий технолог менен курган маегинде мойнуна алган. Бул маек Бахмут шаары орусиялык баскынчылар тарабынан каратылган соң курулган.

Эми Би-Би-Си Орус кызматы менен “Медиазона” басылмасы Бахмут шаары үчүн салгылашууларда набыт кеткен 19 547 вагнерчинин толук тизмесин алып, алардын жеке маалыматтарын изилдеп чыгышты.

Көрсө, набыт кеткен вагнерчи жоочулардын Пригожин айткандай жарымы эмес, дээрлик 88 пайызы – мурдагы абактагылар болуп чыгышты. Тактап айтканда, Бахмутта өлгөн “вагнерчилердин” 17 175 кишиси – мурдагы абактагылар экен.

Бул изилдөөчү медиа каражаттарынын булагы болгон тарап 2023-жылы августта (б.а. Евгений Пригожин өзү набыт кеткен соң) алган маалымат топтондусунда Бахмут үчүн болгон салгылашууларда набыт кеткендер үчүн төлөнгөн кенемте акы тууралуу маалымат келтирилген экен.

Өлгөндөрдүн ар биринин жеке жетонунан (энтамга сыяктуу жеке белгиден) тышкары жоочулардын кан майдандагы шарттуу ысымдары жана өлгөн күнү тууралуу маалымат бул топтомдо камтылган.

Жетондогу кыска баш тамгалардан жана сандардан улам мурда абакта болгон жана ыктыярдуу жоочу болуп калган киши кайсы түрмөдөн же лагерден “Вагнер” тобуна чакырылгандыгын жана анын абактагы кезиндеги жеке номуру кайсындай болгондугун аныктап билсе болот. Анын негизинде иликтөөчү журналисттер Бахмутта өлгөн мурдагы абактагылар орусиялык кайсы абактан бошотулуп келгендигин да аныктай алышкан.

Көбүрөөк набыт кеткен мурдагы абактагылар Красноярск аймагындагы катаал режимдеги “ИК-6” абагынан болуп чыкты (136 жоочу).

Курман болгондордун миңдейинин так аты-жөнү айтылбаса да, набыт кеткен киши эркин жалданма болгон беле, же мурдагы абактагы киши болгонбу – анын жетонуна карап, бул жагдайды даана тактоого мүмкүн болгон.

Ал эми супсак маалыматтар Бахмутта набыт кеткендердин 12 пайызы гана эркин жалданма жоочу болгондугун, демек, Пригожин көп ирет мактангангандан тетирисинче абал – эркин жоочу менен мурдагы абактагынын макамы эч убакта бирдей эмес болгондугун кыйыр тастыктайт.

“Вагнер” тобунун жетекчилиги Бахмутту коргоп жаткан украин жоокерлерине каршы улам-улам чабуул койгон жоочу топтордун алдыңкы катарына көбүнесе мурдагы абактагыларды жайгаштырган. Бул амалдын аркасында өлүмгө баш байлаган жоочуларды аткылап жаткан украин жоокерлеринин так мерчемдери аныкталып турган. Буйруксуз артка чегинген жоочулар катаал жазага кабылышкан (ал түгүл айрымдары согуш талаасында өздөрүнүн жоочулары тарабынан атып өлтүрүлгөн).

Бахмуттагы кырчылдашкан салгылашуу Орусиядагы режимдин адамгерчиликсиз дагы бир өңүн ашкереледи: анда мурдагы абактагылар атайылап замбирек бутасы (орусча “пушечное мясо” – “замбирек үчүн эт”) болуу үчүн чабуулга жөнөтүлүшкөн. Бул мурда абакта болгон карапайым жоочулар украин жоокерлеринин алда канча кубаттуу жана заманбап аскер куралдарынын гана эмес, путиндик ырайымсыз режимдин да мерчеми болуп калышкан.

“Вагнерчилердин” жалган убадалары кыргыз мигранттарын да кыйгап өткөн эмес

“Вагнер” жоочулар тобунун өкүлдөрүнүн тил эмизген үгүт сөздөрүнө алданып, Бахмутта набыт кеткен кыргызстандыктар да болду.

Орусияда "адам уурдоо" жана "опузалап акча талап кылуу" айыбы менен соттолуп, абакта жазасын өтөп келген кыргызстандык 30 жаштагы Аян Алишеров 2023-жылдын башында Украинадагы согушта каза тапканы белгилүү болду.

Маркумдун апасы Рахатай Абдивалиева уулунун Украинадагы урушка кандай жол менен кеткени табышмак экенин “Азаттык” үналгысына айтып берген.

Жакындарына келген "кара кагаздагы" маалыматка ылайык, “Вагнер” жоочулар тобунун катарында эгемен Украинага каршы согушкан Аян Алишеров Бахмут шаарына жакын жерде набыт болгон.

А.Алишеровдун тагдыры тууралуу даректүү тасма баян (1,2 миллион) 2023-жылы “Азаттыктын” көрөрмандарынын көңүлүн эң көп бурган видеолордун катарына кошулду. Эми бул тасмадан ала-тоолуктар жана алардын Орусиядагы жакындары өзгөчө кооптуу сабак алышса болду!

Деги, эгемен Украинага Путин ачкан баскынчыл согушка бизге бышырып коюппу!

Ылайым бул согуш Украинанын 1991-жылдагы чек арасын толук калыбына келтирүү жана украин жана кырым татар элдеринин толук жеңиши менен менен тез арада аяктаса экен!

Биз, кыргызстандыктар, өз аймагыбыздын мамлекеттик чегин аныктоодо 1991-жылдагы статус-квону көз карегиндей сактап жатабыз. Эгеменчил Украина дагы дал ушундай мамилеге татыктуу.

Ал эми ар кандай себептер менен абакка түшкөндөрдү баскынчыл согушка аттанууга жана эрте өлүмгө азгыруу – бул дагы адамгерчиликке каршы кылмышка жатат.

Баскынчыл согуштан аман-эсен кайткандар дагы мурдагы кылмышка кошумча жасаган дагы бир кылмышы үчүн өздөрүн адилет жаза күтүп тураарын аңдашы керек.

Украинадагы баскынчыл согушка катышкан айрым кыргыз жигиттери тууралуу калайык дурус билип калды.

Алардын бири – Бекназар Бөрүгул уулу. Эгемен Кыргызстандагы тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылы Орусияга иштөө үчүн кеткен Бекназар Бөрүгул уулу “маңзат” ташуу деген шек боюнча 10 жылга кесилгендиги, кыргызстандыктарга чет өлкөдөгү согушка катышууга тыюу салынганын билип туруп, өз ыктыяры менен абактан “Вагнер” жеке жоочу тобу менен келишим түзүп, согушка кеткени аныкталган.

Ал Украинадагы согушта 2022-жылдын 5-ноябрынан 2023-жылдын 6-июлуна чейин болуп, “Бахмутту алуу” деген сыяктуу медалдарды жана 1 млн. 514 миң рубль акча алганы айтылат. Ал 2023-жылы 1-августта Кыргызстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан камакка алынган. 2023-жылдын 7-декабрында аны Нарын облустук соту 5 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Украинада баскынчылардын тарабында согушка катышканы үчүн Аскар Кубанычбек уулу 2023-жылдын январь айында Кыргызстанга келгенде камакка алынган. Былтыр 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун Украинадагы баскынчыл согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон. 2023-жылы 7-июнда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Бирок, Аскар Кубанычбек уулунун кассациялык арызы Жогорку Сотто 30-августта каралып, ишти кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жиберилген.

2024-жылы 24-январда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деп айыпталган Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык байкоочу (пробациялык) мөөнөт менен сот залынан бошоткон. Мыйзам боюнча ал жаза мөөнөтүн Кыргызстандын аймагында өтөп, маал-маалы менен Пробация департаментинин текшерүүсүнөн өтүп турушу керек болчу.

Арийне, Кыргызстандын соту тарабынан соттолгон 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулу мыйзамсыз жол менен Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Бул окуя – эгемен Кыргызстандын намысын тебелеген жагымсыз окуя катары тарыхта кала бермекчи.

"Азаттык" үналгысы "Вагнер" жоочулар тобунун катарында Украинадагы баскынчыл согушка барып набыт кеткен кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Бул жоочулар тобуна гана катышпастан, Украинанын басып алынган аймактарына “гуманитардык” делген жүктөрдү ташууга жана башка оорук иштерине тартылуунун жана баскынчыл күчтөрдүн убактылуу каратылып алынган аймактардагы ар кыл маданий чараларына катышуунун өзү да эгемен Украина тарабынан кылмыш катары каралаарын Орусиядагы мигранттарыбыз жана ала-тоолук жердештерибиз айкын билүүсү керек.

Кыргызстандын бийликтери азыр дагы Украинанын 1991-жылдагы чек арасын расмий таанып келет эмеспи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG