Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Гаага: Атайын борбор Орусиянын кылмыштарын иликтейт


Гаага: Атайын борбор Орусиянын кылмыштарын иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

Киев контрчабуулдагы катуу каршылыктарга карабастан армиясы айыл-кыштактарды бошотуп баратканын билдирди. Москва дагы Бахмут, Лиман, Марьинка, Авдеевка багыттарында катуу уруш жүрүп жатканын маалымдады. Бул арада Гаагада Орусиянын Украинадагы кылмыштарын иликтөө үчүн эл аралык борбор түзүлдү.

Украинанын чыгыш жана туштүк аймактарында айгышкан кармаш уланууда. Киев контрчабуулдагы катуу каршылыктарга карабастан, айрым аймактар бошотулуп жатканын билдирди. Ошол эле учурда орус аскерлери дагы Донецк облусунун Бахмут, Лиман, Марьинка, Авдеевка шаарларында катуу уруш журуп жатканын билдирүүдө. Соңку маалыматтарга караганда, Орусиялык аскерлердин Украинанын Донецк облусундагы чабуулунда - дагы эки жай тургун курман болуп, үчөө жараат алды. Бул арада Гаагада Орусиянын Украинадагы согушу маалындагы кылмыштарды иликтөө үчүн эл аралык борбор ачылганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG