Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Орусияда согуштан кайтып келген "вагнерчи" массалык киши өлтүрүүгө айыпталууда


Игорь Софонов.
Игорь Софонов.

Орусиянын Карелия аймагында "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жалдаган, мурда соттолгон, жакында Украинадагы согуштан кайтып келген 37 жаштагы Игорь Софонов алты адамдын өлүмүнө айыпталып камакка алынды. Ал күнөөсүн танып жатат.

"Север. Реалии" жазганына караганда, Карелиянын Прионежск районундагы Деревянное айылында бычакталган алты жергиликтүү тургундун сөөгү табылган. Адам өлтүрүү бири-биринен эки жүз метр аралыктагы эки үйдө катталган. Биринчи үйдө эки эркек (ата-бала), экинчисинде үч эркек жана бир аялдын сөөгү табылды. Кылмыштын изин жашыруу үчүн эки үйдү тең өрттөө аракети болгон.

Сөөктөр табылгандан алты сааттан соң полиция кылмышка шектүү Софонов менен 38 жаштагы Максим Бочкарёвду кармады. Жергиликтүү медиадагы кабарларга караганда, эки шектүү тең узак мөөнөткө абакка кесилип, бир колонияда отурушкан. Бири "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "талап-тоноо" беренеси менен, экинчиси "зордуктоо", "талап-тоноого" айыпталып камалган. Софонов 2022-жылы "Вагнер" жеке аскердик компаниясына жалданып Украинадагы согушка кеткен.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал согуштан ушул жылы жазында кайтып келген. "Daily Карелия" Телеграм-каналы Софонов согуштан кайтып келгенден кийин ичкиликке жакын болуп калганын жердештеринин айтканына таянып жазды. Ал эми Бочкарёв тууралуу дээрлик маалымат жок. Жактоочу ал күнөөсүн мойнуна албаганын жана полиция тарабынан сабалганын билдирген.

  • Түрмөдөгүлөрдү "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка азгыруу 2022-жылдын жайында башталган. Пригожин түрмөлөрдү өзү кыдырып, согушууга макул болгондорго жарым жылдан кийин соттуулугу жоюлат деп, акча да убада кылып келген. Быйыл февралда түрмөдөгүлөрдү согушка тартуу жараяны токтогон. "Русь сидящая" фондунун башчысы Ольга Романова билдиргендей, компания өз катарына түрмөлөрдөн 50-70 миң адамды тарткан болушу мүмкүн.
  • Жакында "Медуза" жана "Медиазона" басылмалары иликтөө жүргүзгөнүн жарыялап, Украинадагы согушта 47 миңдей орус жоокери каза тапкан деп жазышты.
  • Буга чейин "Вагнер" аркылуу орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка тартылган он кыргызстандык каза болгону аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG