Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

"Кремлдин таасири". Согушка катышканы үчүн соттолгон жаран Орусияга чыгып кетти


Аскар Кубанычбек уулунун Бишкекте сотто тартылган сүрөтү жана Кремль. "Азаттыктын" коллажы
Аскар Кубанычбек уулунун Бишкекте сотто тартылган сүрөтү жана Кремль. "Азаттыктын" коллажы

Кыргызстандын Пробациялык көзөмөл департаменти "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолуп, кийин пробация аркылуу бошотулган Аскар Кубанычбек уулунун Орусияга кантип чыгып кеткени боюнча түшүндүрмө бере элек.

Айрым эксперттер пробациялык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдын Кыргызстандан чыгып кетишине Орусия аралашканын, бул боюнча кылмыш иши козголушу керектигин айтып жатышат.

Кубанычбек уулу 26-апрелде орусиялык журналисттерге интервью берип, соттун өкүмүнөн кийин Кыргызстандан Казакстан аркылуу чыгып кеткенин жана Орусияда жашап, ушул өлкөнүн жарандыгын аларын билдирген.

Чек арадан тоскоолдуксуз өткөн

Украинада согушка катышканы үчүн Кыргызстанда соттолгон 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулу качан, кандай шартта өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз. Коомчулукка анын жагдайы Москвада орус журналисттерине берген маегинен соң белгилүү болду. Анда ал орус жарандыгын алганы жатканын айтып берген.

“Чек арадан өтүүдө эч кандай маселе болгон жок. Каякка баратканымды сурашканда:“Казакстанга, бензинге” деп жооп бердим. Анан жөн эле өткөрүп коюшту. Алматыга барып, ал жактан Москвага учуп келдим”.

27-апрелде Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Кубанычбек уулу Орусиядан саясий башпаанек аларын өзүнүн Телеграм-каналына жазды. Анын маалыматына караганда, Кубанычбек уулунан убактылуу башпаанек берүүгө байланыштуу документтер кабыл алынган.

"Эгерде негиз бар болсо, биздин өлкөнүн жарандыгына кабыл алуу маселеси белгиленген тартипте чечилет", - деп жазган Волк.

Быйыл 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деп айыпталган Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон. Мыйзам боюнча ал жаза мөөнөтүн Кыргызстандын аймагында өтөп, маал-маалы менен Пробация департаментинин текшерүүсүнөн өтүп турушу керек болчу.

Сот токтому Пробация департаментине жеткен эмеспи?

Бирок аталган мекеме Аскар Кубанычбек уулу боюнча соттун токтомун албагандыгын билдирип жатат:

"Биз аткаруучу органбыз. Бизге расмий түрдө соттук органдын өкүмү келип түшүшү керек. Өкүм күчүнө киргени тууралуу соттун тескемеси бизге келген күндөн баштап ошонун негизинде кардар боюнча иш жүргүзө баштайбыз. Бүгүнкү күнгө чейин соттун өкүмдөрү, соттун материалдары келген жок. Соттук акт колубузда жок болгондон кийин биз иш жүргүзө албайбыз", - деди Пробация департаментинин электрондук каттоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Асек Элмирбек уулу.

Ага чейин аталган департаменттин Биринчи Май райондук бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзина Дүйшөналиева чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу пробация бөлүмүнө соттун тиешелүү токтому түшкөндөн кийин дароо колдонула турганын билдирген.

Жогорку Сот Аскар Кубанычбек уулу боюнча чечим эмне үчүн Пробация департаментине жетпей калганы тууралуу түшүндүрмө бере элек. “Азаттык” алардын басма сөз кызматынан маалымат ала алган жок. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул факты боюнча кылмыш иши козголушу керек деген пикирде:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Пробациядагы адам өлкөдөн, жада калса кайсы бир аймактан да чыкканга болбойт. Мыйзамдын талабы ушундай. Эгерде жазасын өтөп жаткан жаран кандайдыр бир жол менен четке чыгып кеткен болсо, анда бул жерде жаза аткаруу шарты бузулган болот. Ал жазаны аткаруудан качканы, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кайра кылмыш иши козголушу керек”.


Аскар Кубанычбек уулу кармалгандан тарта Орусия анын бошотуп алуу аракетин көрүп келген. Орус президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган. Ушундан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага жарандык берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

"Тымызын чыгарып кетишти"

Ушундан улам ал өлкөдөн орус бийлигинин кийлигишүүсү менен чыгып кетти деген пикирлер айтылууда. Жарандык активист Адил Турдукуловдун көз карашын угалы:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Кремлдин Кыргызстанга сөзү өткөн адамдары таасир этти деп айтса болот. Анткени бул орустар үчүн начар прецедент болгон. Алар Украинага каршы согушка башка мамлекеттин жарандарын, майда улуттун өкүлдөрүн салып келген да. Эгер алар жазасын алса, анда мурдагыдай согушка үндөй албай калмак. Ошон үчүн болгон күчүн жумшап, Кубанычбек уулун тымызын чыгарып кетишти”, - дейт активист.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Аскар Кубанычбек уулун 2023-жылы январь айында Кыргызстанга келгенде камаган. Ошол эле жылы 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга кескен. Шаардык сот да ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Бирок 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин кайра кароого жөнөткөн.
2024-жылы 24-январда Биринчи Май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон болчу.

Кубанычбек уулу сотто согуштук аракеттерге катышпаганын, гуманитардык жардам жеткирүү менен алектенгенин айткан. Ошондой эле Кыргызстанда калып, туристтик агенттик ачууну пландап жатканын билдирген.

Былтыр 7-декабрда Нарын облустук соту Орусияда абакта жаткан жеринен “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга абакка кескен. Нарын шаардык соту да андан мурда ушундай эле өкүм чыгарган.

Бекназар Бөрүгул уулунун жакындары ал аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сураган.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

  • "Азаттык" радиосу "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.
  • Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясы аркылуу барган.
  • Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусия азгырган жүзгө жакын борбор азиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.
  • Эл аралык чалгын кызматтары буга чейин Орусияда негизделген "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун ордун эми "Редут" деп аталган жеке аскердик компания ээлегенин, ал ыктыярчылар деген шылтоо менен жалданма адамдарды, анын арасында мурдагы "вагнерчилерди" азгыруу менен алектенип жатканын кабарлаган.
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG