Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Украинадагы согушка катышкан дагы бир "вагнерчи" киши өлтүрүүгө айыпталып кармалды


"Вагнердин" символикасы.
"Вагнердин" символикасы.

Барнаулда "Вагнер" аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып келген жергиликтүү тургун киши өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Анын аты-жөнү айтылган эмес. Маалыматка караганда, шектүү 34 жаштагы Тёма деген каймана ат менен жүргөн музыкант Артём Башкеевди бычак менен тамакка сайган. Маркум Башкеевдин артында аялы жана балдары калды.

Маалымат каражаттарында согуштан кайтып келгендер зордуктоо, киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарды жасаганы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып жатат. Журналисттерге ушуга окшогон жүздөгөн учурлар белгилүү. Кремль резонанс жараткан мындай кылмыштар тууралуу айтпоону сунуштоодо.

Буга чейин Орусиянын Карелия аймагында "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жалдаган, мурда соттолгон, кийин Украинадагы согуштан кайтып келген 37 жаштагы Игорь Софонов алты адамдын өлүмүнө айыпталып камакка алынган.

  • Түрмөдөгүлөрдү "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка азгыруу 2022-жылдын жайында башталган. "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин түрмөлөрдү өзү кыдырып, согушууга макул болгондорго жарым жылдан кийин соттуулугу жоюлат деп, акча да убада кылып келген.
  • 2023-жылы февралда түрмөдөгүлөрдү согушка тартуу жараяны токтогон. "Русь сидящая" фондунун башчысы Ольга Романова билдиргендей, компания өз катарына түрмөлөрдөн 50-70 миң адамды тарткан болушу мүмкүн.
  • Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" аркылуу барган. Алардын ичинен кыргызстандык жарандар да согушка азгырылып, айрымдары урушта көз жумганы кабарланган. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.
  • Былтыр июнда "Вагнердин" Пригожин баштаган башчылары учак кырсыгында каза тапкандан кийин анын ордун "Редут" компаниясы басканы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG