Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Би-Би-Си кыргыз кызматы 25 жылдыгын белгилөөдө

Би-Би-Си кыргыз кызматынын 25 жылдыгына арналган иш-чара. Би-Би-Синин кызматкери Кубат Чекиров (оңдо) жана радионун мурдагы кызматкери, учурда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев. Бишкек шаары, 2-июнь, 2021-жыл

Би-Би-Си кыргыз кызматы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө. 25 жылдыкка арналган иш-чара 2-июнда Бишкектеги "Хаят" мейманканасында өтүп жатат.

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыга баштаган.

Ошондой эле 2009-жылдын декабрь айынан баштап "Сапар" документалдык телевизиондук программасын даярдап келүүдө.

Би-Би-Си кыргыз кызматынын теле жана радио берүүлөрү, иш күндөрү көрсөтүлгөн жаңылыктары жана бир айда бир чыгуучу документалдык "Би-Би-Си Сапар" программасы Кыргызстандын Коомдук теле-радио корпорациясы аркылуу таркатылат.

Ошондой эле Би-Би-Синин радио программаларын жана "Сапар" берүүсүн Интернет аркылуу да угууга жана көрүүгө болот.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы (ВBC World Service) радио, теле жана санарип форматында дүйнөдөгү жаңылык, окуяларды 28 тилде чагылдырат. (МТа)

XS
SM
MD
LG