Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Грузин элинин эсинен кетпеген беш күндүк согуш


Грузин элинин эсинен кетпеген беш күндүк согуш
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:43 0:00

2008-жылдын август айында орус армиясы Грузияга басып кирген. Беш күнгө созулган согуш элдин жүрөгүндө айыккыс так калтырды. Бул Грузиядагы биринчи куралдуу конфликт эмес. 90-жылдардын башында абхаз жикчилдери Орусиянын колдоосу менен грузин аскерлерине каршы чыккан.

Азыр Орусия Грузиянын аймагынын 20% оккупациялаган. Бул – Туштүк Осетия менен Абхазия. Эки согуштун айынан жүздөгөн грузиндер үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Аларга башында бир аптага гана кетип жаткандай туюлганы менен ушул кезге чейин үйгө кайтуу үмүтүн жоготуп, убактылуу жашаган жеринде кала берүүдө. Көпчүлүгү Орусия 2014-жылы Украинада баштаган согушту Грузиядагы окуялардын уландысы катары көрүшөт. Грузин ыктыярчылары ушул тапта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жатат. Алар үчүн Украинадагы жеңиштен алардын өз өлкөсүнүн келечеги көз каранды. “Настоящее время” телеканалынын журналисти Катерина Кочкина «Грузия: (не) одна война» фильминде грузин согушун баштан кечирген адамдардын бир заматта өзгөргөн тагдырларын баяндайт.

XS
SM
MD
LG