Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Манас таануучу Курманбек Абакировдун казак ханы Эр Көкчө тууралуу өрнөктүү эмгеги


Манас таануучу, профессор Курманбек Абакиров.
Манас таануучу, профессор Курманбек Абакиров.

Манас таануу – кеңири жана терең өнүгүп жаткан көп кырдуу илим. Аны изилдөөчүлөрдүн бири, профессор Курманбек Абакиров эпосто эскерилген казак ханы Эр Көкчө тууралуу маалыматтарды жаңыча карап, дың бузгандай эмгек жаратты. Тарыхчынын блогу.

Жаңычыл, изденген манас таануучу

Курманбек Абакиров агайды жалпы фолклор таануучулар, адабиятчылар, ошондой эле “Манас” эпосунун ар кыл өңүттөрүн ар түркүн илимий тармактарда изилдеп келе жаткан адистер мыкты билишет.

Агайыбыз – филология илимдеринин доктору, профессор. Учурда ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУнун) Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келет.

КУУнун Кыргыз адабияты кафедрасынын мүчөлөрү. 2022.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз адабияты кафедрасынын айрым мүчөлөрү Чүй боорунда эс алууда. Кафедра башчысы – профессор Курманбек Абакиров (сүрөттө – оңдон үчүнчү). 2022.

Анын манас таануу жаатындагы баалуу жалпылама китептеринин бири Кытай Эл Республикасында кыргыз тилинде жарык көргөн.

(Караңыз: Абакиров, К. Манас таануу илиминин калыптанышы жана өнүгүшү. Монография. – Үрүмчү, 2016. – 376 б. – Шинжаң «Манас» изилдөө борборунун басылмалары. № 19).

2017-жылы 22-ноябрда ал “«Манас» эпосунун калыптанышы жана өнүгүшү” деген темадагы докторлук диссертациялык ишин 10.01.09. – “фолклор таануу” адистиги боюнча ийгиликтүү жактаган.

Анын ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИАнын) Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна жана Жусуп Баласагын атындагы КУУга караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды коргоо боюнча түзүлгѳн Д.10.16.525 диссертациялык кеңеши кылдат карап, жактоого татыктуу деген бүтүм чыгарган. КР Жогорку аттестация комиссиясы бул бүтүмдү бекиткен. (Диссертанттын илимий кеңешчиси – филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги Абдылдажан Амантур уулу Акматалиев агайыбыз).

Бул диссертациялык эмгекте “Манас” эпосунун өзөктүү маселелери боюнча буга чейин жүзөгө ашырылган ири иликтөөлөрдүн жалпы проблематикасы жана бул изилдөөлөрдө камтылган илимий жоболор талданган. Бул илимий жоболордун айрым үндөштүктөрү гана эмес, өз ара карама-каршылыктары да серептелген.

Менимче, мындай кылдат эмгек постсоветтик доордо жазылгандыгы дурус болду. Анткени автор мурдагы коммунисттик идеологиялык жасалма чидерден эркин болуп, манас таануу илиминин калыптануу жана өнүгүү баскычтары жаатында өз оюн эркин билдирип, калыс илимий сыпаттоого эгемендик доорунда алган мүмкүнчүлүк мурда түшкө да кирбес эле.

Курманбек Абакиров агайдын “Манас” эпосу көркөм-эпикалык шекилде чагылдырып, өз тулкусуна сиңирген кыргыз тарыхындагы орчундуу окуялар жана инсандар ишмердиги тууралуу илимпоздордун көз караштары хронотоп категориясынан алганда 2–3 миң жылдык мезгилди жана бүтүндөй Борбордук Азия, Чыгыш Түркстан жана Шибер аймактарын өз ичине ала тургандыгын көрөбүз, деген бүтүмүн кош колдоп кубаттайбыз.

Азыркы тапта кыргызстандык, орусиялык, казакстандык ж.б. тарыхчылар эл аралык “Кең Алтай” (“Чоң Алтай” делип да жүрөт) илимий долбоору менен биргелешип алектенишүүдө.

Мындагы “Кең Алтай” түшүнүгүнө бүгүнкү Орусиядагы Алтай, Энесай аймактары гана эмес, монгол Алтайы, Орхон, кытай Алтайы, Жуңгария жана Чыгыш Теңир-Тоо, казак Алтайы жана ага чектеш аймактар кирет.

Дал ушул аймактар менен теңир-тоолук кыргыздар байырлаган Жети-Суу, Ала-Тоо, Фергана, Памир аймактары дагы тарыхый жактан киндиктеш болушкан.

Бээжиндик профессор Ю Тайшан, орусиялык синолог Людмила Боровкова, археолог Юлий Худяков жана башкалардын илимий тыянактары жана жоромолдору дагы теңир-тоолук кыргыз тарыхын Кең Алтай менен бирдикте кароого чакырат.

Пикирибизде, “Манас” эпосунун мезгилдик жана мейкиндиктик алкактарын бөксөртпөй кароого умтулуу менен фолклор таануучу профессор Курманбек Абакиров жалпы кыргыз таанууга да зор салым кошууда.

Илимпоздун жайсаңчыларды ашкерелөөдөгү салымы

Профессор Курманбек Абакиров – өздөрүн “жайсаңчыларбыз” деп атап алышкан бурмалоочулардын сүрмө тобунун илим жана маданият үчүн зыяндуу ишмердигин ашкерелөөдө чечкиндүүлүгү жана жүйөөлүү сыны менен айырмаланган окумуштуулардын бири.

Тасма. Профессор Курманбек Абакиров жайсаңчылардын бурмалоолору тууралуу. Кабар KG. 22.11.2016.

Ал “жайсаңчыларбыз” деген топтун “Манас” эпосун бурмалоо далаалаттарынын келип чыгуу башатын жана өнүгүү баскычтарын дагы факттарга таянуу менен “жиликтеп” айтып келет.

Профессор Курманбек Абакиров, маселен, Жайсаң тууралуу алгач маркум жазуучу, драматург Шакин Эсенкулов жазып чыкканда, ал чыгарма – жөн гана бир калемгерге таандык көркөм чыгарма болгон, көп нерсени бул жазуучу өз оюнан чыгарган, анысын ачык айтып, Жайсаң тууралуу гана баяндап жатам, деп, Ш.Эсенкулов бул чыгармасынын бир нече бөлүмүн жарыялаган, деп калыс белгилейт.

Чынында да, эгерде Жайсаң тууралуу жеке жоромол менен чектелген чакта, Ш.Эсенкуловдун жана анын жолдоочуларынын далаалаттары мынчалык курч сынга алынмак деле эмес.

Бирок, кийинчерээк сырттан каржылык жардам алган кайсы бир күчтөр анын идеясын пайдаланып, Шакин Эсенкуловдун өзүн итерип чыгарып, бүбү-бакшы Майрам Сармалдакованы дагы автор катары көрсөтпөстөн, “чыныгы автор – тиги дүйнөдөгү Жайсаң деген манасчынын өзү, ал эми М.Сармалдакова тек гана бул “манасчынын” тиги дүйнөдөн жөнөткөн сигналларын кабыл алып берип жатат” деген тири шумдуктай жалган сөздү жайылтып чыгарышкан, деп К.Абакиров белгилейт.

“Манас” эпосунун негизги варианттарын кылдат иликтеген К.Абакировдун калыс белгилешинче, “Манас” эпосунда эки башка Жайсаң тууралуу кеп болот.

Алардын биринчиси – теги калмак болгон ырчы Жайсаң.

Андан тышкары дагы бир Жайсаң бар. Ал – эч кандай ырчылык шыгы тууралуу айтылбаган кыргыз жоокери. Ал – хан Манастын кырк чоросунун бири – Жайсаң Үмөт уулу, дейт К.Абакиров.

Арийне, эпосту бурмалап жаткан жайсаңчылар бул эки башка кейипкерди одоно бириктирип, бир эле киши кылып түшүнүп алышкан да, калмактын ырчысы Жайсаңды Манасты даңазалаган “алгачкы кыргыз манасчысы” катары көрсөтүүгө далаалат кылышкан, дейт манас таануучу илимпоз агайыбыз.

Профессор К.Абакировдун күйгөнүндөй эле бар: жайсаңчылар эпосту жөн гана бурмалап, анын маңызына доо кетирип чектелишпестен, өздөрүн “ашынган” деп тааныган сот чечимин да көзгө илбестен, бурмалоо аракеттерин андан ары тымызын жана ачык улантышууда.

Ал түгүл жайсаңчыларбыз дегендердин бири, журналист Темирбек Токтогазиевдин XVII кылымдагы манжур ханы Нурхачинин чийме сүрөтүн “Манастын сүрөтү” катары бурмалап тартып, үстөккө-босток сунуштоо далалаты ого бетер улантылды. Ал гана түгүл Т.Токтогазиевдин жалган чийме сүрөттөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылы жарык көргөн “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу эмгегинен да “жылуу орун тапкандыгы” бизди окурман катары өзгөчө капалантты.

Айтор, профессор К.Абакировдун жайсаңчыларга каршы ырааттуу сын пикирлери – бул тили чечен жана жүйөөгө негиздене билген урматтуу агайыбыздын заманбап манас таануу илимине кошкон өзгөчө айырмалуу салымдарынан болуп калды.

Айдаркандын Эр Көкчөсү жөнүндөгү саамалык эмгек

Профессор Курманбек Абкиров 2024-жылдын башында кыргыз таануучуларды өзгөчө оригиналдуу белеги менен кубантты, десек жаңылышпаспыз.

Сөз – заманбап манас таануу тармагындагы Айдаркандын Эр Көкчөсү тууралуу алгачкы китеп жөнүндө болуп жатат.

Курманбек агайдын бул олуттуу китеби “Манас” эпосун изилдөө жааты менен гана чектелбестен, жалпы түрк эпосторунун дурус ачылбай келе жаткан катмарларынын (пласттарынын) бирин алгачкы болуп коңторгон саамалык болуп саналат.

(“Саамалык” сөзү мында илимдеги жаңычылдык, жаңы башат, изденүүнүн жаңы нугу деген түшүнүктөрдү камтууда).

(Караңыз: Абакиров Курманбек. “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын Эр Көкчө” же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүү: (Илимий-популярдуу очерк) / Жооптуу ред. проф. Олжобай Каратаев. – Бишкек: “Мега-Формат” басмаканасы, 2024. – 280 б. – ISBN 978-9967-12-947-5).

Китеп мукабасы. 2024.
Профессор Курманбек Абакировдун “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын Эр Көкчө” же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүү” аттуу китебинин (2024) мукабасы. 25.2.2024.

Китепке эпиграф катары тандалган керемет саптар казак акыны Саят Камшыгерге таандык:

“Түбүбүз бир, таркаганбыз Алаштан,

Казак-кыргыз өңдөнөт жуп канатчан.

Парасатың калган сенин Чыңгыздан,

Баатырдыгын өткөн кандан – Манастан”.

Бул кезектеги монографиялык эмгекте изилдөөчү К.Абакиров тарыхнаамалык өңүттү унутпастан, манас таануу жаатындагы өзүнө чейинки авторлордун эмгектерине да кылдат көз жүгүрткөн.

Маселен, ал тилчи, адабиятчы, философ аалымдардан тышкары, маркум тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариевдин (1949–2021), этнограф Имел Бакиевич Молдобаевдин (1942–2005) ж.б. изилдөөчүлөрдүн эпостогу түркүн этностор жөнүндөгү мол маалыматка сересеп салган эмгектерин да калыс эске алат.

Бул изилдөөчү агайыбыз эле эмес, биз дагы бир нерсеге айран-таң калып келебиз: К.Абакировдун ушул иликтөөсүнө чейин манас таануу жаатында алектенген эч бир окумуштуу тарабынан “жай турмушта да, канды булоон согуштарда да карааны алыстан көрүнүп турган каарман Эр Көкчө тууралуу ирдүү изилдөө жазылбаптыр” (196-бет).

Эр Көкчөнүн бейнеси – “Манас” эпосунда учкай гана айтыла кетчү кейипкердин бейнеси эмес экендигин, ал “эл-жердин эркиндиги үчүн жан аябай кармашкан, адамдык тагдыры да оош-кыйыштарга толгон” өзгөчө татаал жана бараандуу кейипкердин бейнеси экендигин Курманбек агайыбыз дааналап белгилейт.

КР УИАсынын Кол жазмалар бөлүмүндөгү №295 кол жазманын 15-бети.
"Манастын" С.Орозбак уулунун айтуусундагы вариантынын Ы.Абдыракман уулунун колу менен жазылган текстинен. КР УИАсынын Кол жазмалар бөлүмү, №295 кол жазманын 15-бети.

Сагынбай Орозбак уулу өз вариантында Эр Көкчөнү таасын сыпаттагандыгын К.Абакиров (104-бетте) төмөнкү саптарды мисал келтирүү менен белгилеген:

“Айдаркандын Эр Көкчө,

Айбаты журттан бөлөкчө,

Алтындуу наал, жез өкчө,

Көтөргөнү туу болуп.

Көк жаңырган чуу болуп,

Аскерин Көкчө төрт бөлүп,

Ар тарабы өрттөнүп <...>

Кыр ашып Челек жол менен,

Кырк миң аскер кол менен

Эр Көкчө жолго салыптыр...”

Чындыгында да, Эр Көкчө “Манас” эпосунда кокусунан гана айтылып калган баатыр жана хан эмес.

Ал – кыргыздар менен казактардын бир нече кылымдар бою ар кыл тарыхый баскычтарда чыгыштан келген душмандарга (маселен, ойрот жана манжурларга) каршы биргелешип согуш жүргүзгөн чыныгы тарыхый окуяларынын сүтүнөн калпып алынган каймакка тете.

Манас таануучу К.Абакиров дагы бир олуттуу нерсени баамдаган. Кыргыздар жалпы душманга каршы күрөштө жалаң гана казактарга таянышкан эмес.

Маселен, манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун вариантындагы маалыматтарга таянуу менен, К.Абакиров хан Манастын өз Атажуртунун эркиндигин кепилдөө үчүн чоң казатка аттануу оюн колдоого алып чыккандардын арасында казактардын Эр Көкчө, анжыяндык Сынчыбек, эштектердин Жамгырчы, Маргалаңдан Малабек, кең Кокондон Калыбек сыяктуу ар кыл этностордун өкүмдардары болгондугун баса белгилейт. (188-бет).

(Мында, албетте, “эштек” этнонимин этнограф Имел Молдобаев агай башкырлардын “истяк” этноними менен окшоштурган жоромолго да байлай алабыз. Ферганалык боордоштордун арасында көчмөн жана дыйкан өзбектер гана эмес, ферганалык кыпчактар да эске алынган, деп түкшүмөлдөөгө болот).

Саякбай Каралаевдин вариантындагы:

“Эрди сайса ким саят,

Аты калат Манаска.

Кыркы – кырк жерден келген шер эле,

Кыргындуу тууган эр эле”, – деп мүнөздөгөн кырк чоронун арасында Манаска баш ийген ар кыл этностордун ханы жана беги болгондугу дагы кыргыз тарыхый эстутумун аңдоо үчүн өтө маанилүү.

Ички Азиядагы Улуу кыргыз каганаты ыдыраган X кылымдын алачкы чейрегинин акырынан кийинки доорлордо теңир-тоолук кыргыздар Карахандар каганаты, Моголистан, Жаркен хандыгы, Кокон хандыгы, Жетишаар сыяктуу бир катар көп этностуу мамлекеттердин курамында байырлашкан жана бул мамлекеттерди чыңдоого жигердүү катышкан.

Ошол себептүү “Манас” эпосунда эгемендик менен эл достугу ар дайым тыгыз байланышта болуп каралат.

“Курама жыйып журт кылдым” деген сөзгө хан Манастын ар башка этностордун өкүлдөрүн (маселен, Алмамбетти жана Эр Көкчөнү) эч жерибестен, жалпы Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгында баш коштура алган ийкемдүү мамлекет башчы катары бейнеси жөнүндө сыпаттама сыйдырылган.

Менимче, К.Абакиров Манас курган эпостук мамлекеттин көп этностуу маңызын Эр Көкчөнүн мисалында чечмелөөгө мыкты башат ачып берди.

С.Каралаевдин вариантында Эр Көкчө чоң казат маалында аттан кулап түшүп, кас душман тарабынан биротоло туткунга алынаар коогалаңдуу учур жаралат:

“...Айдаркандын Көкчөсү

Аттан түшүп калганда,

Башына коок кийгизип,

Тескери атка мингизип,

Каракандын алдына

Тартуу кылып барууга

Тирүү байлап алыптыр...”

Ошондо кыргыз чоролорунун бири Эр Сыргак “Манастап ураан чакырып”, топ жарып душмандын арасына кирип барып, колу таңылган Эр Көкчөнү боштондукка чыгаргандыгы тууралуу эпизод (эмгекте 109–110-беттер) согуштагы динамиканы жана кырчылдашкан салгылашууну гана чагылдырбастан, чоролордун өз ара бир туугандарча камкордугун да сыпаттап турат.

Профессор К.Абакиров менен композитор Т.Казаков. Бишкек. 20.12.2023.
Манас таануучу, адабиятчы, профессор Курманбек Абакиров менен композитор, публицист, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков (оңдо). Бишкек. 20.12.2023.

Кыскача жыйынтыктасак, Курманбек Абакировдун бул соңку илимий эмгеги “Манас” эпосу кыргыздардын коңшу элдер, анын ичинде казак эли менен тарыхый байланыштарын Эр Көкчөнүн бейнеси аркылуу мыкты чагылдыргандыгын ар тараптуу ачып бере алган олуттуу илимий изилдөө болуп саналат.

Албетте, айрым кыргыз жана казак урууларынын өз ара жоолашкан учурлары да тарыхта болгон (1840-жж. Кенесарынын Чүй бооруна баскынчыл жортуулун эле алалык).

Бирок жалпы эгемендик үчүн кыргыздар менен казактар өз ара саясий ынтымак курган, “Алаш Ордо” сыяктуу орток автономияны түптөөгө биргелешип далаалат кылган, жадитчилерибиз “Алип бээ жаки төтө окуу” сыяктуу орток окуу китебин түзгөн даңазалуу кезеңдер бул боордош жана коңшулаш элдердин тарыхында алда канча арбын болгон.

Эмгекте бир гана өксүк байкалгандыгын анын авторуна да маалымдадым: китептеги айрым шилтемелер кыргызчага которулбастан, орусча бойдон берилгендигин өөн көрдүм (маселен, 54–55-беттерде). Курманбек агайдай билими жана даремети зор айдың жана калемгер “татаалдын татаалы” делген тексттерди деле эне тилибиздин укуругуна оңой-олтоң илип бере алат, деп толуп ишенем.

Пикирибизде, Курманбек Абакиров агабыздын “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын Эр Көкчө” же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүү” эмгегин ар кыл тилдерге (анын ичинде казак , өзбек, түрк жана англис тилдерине) тез арада которуу, бул эмгекти интернетте толук жана ачык (бекер) жарыялоо абзел.

Агайыбызга мындан аркы илимий чабыты ого бетер байсалдуу улантылышын каалайбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG