Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Июнь коогасына 14 жыл: саясий баа, сот иштери


“Энелердин көз жашы” мемориалдык комплекси. Ош шаары.
“Энелердин көз жашы” мемориалдык комплекси. Ош шаары.

Кыргызстандын тарыхында Июнь коогасы деген аталыш менен калган улут аралык жаңжалга быйыл 14 жыл болду.

2010-жылдагы Июнь окуясында жакынын жоготкондор бүгүн Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине чогулуп, бул окуяда курман болгондорго куран окуп, гүл коюшту.

Эскерүү иш-чарасында “Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери” коомдук бирикмесинин мүчөсү Бурма Ашимова каргашада каза тапкандар өткөн жылы эскерилбей калганын билдирип, жергиликтүү бийликке нааразылыгын айтты:

“Быйыл жергиликтүү бийликке бир жума мурда келип эскертип жатып өткөрдүк. Эскерүү иш-чарасы өткөн жылдагыдай болуп өткөрүлбөй калбасын дедик. Ушул күнү эскерип койсо сүйүнүп калабыз да. Мэрия төрт челек гүлгө алы жетпей калабы?”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаров эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 10-июнда тараткан кайрылууда өлкөдөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор Конституцияга жана башка укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетте ынтымак, биримдик жана өнүгүү болору айтылат.

Жапаров мындан тышкары Кыргызстанда этностор аралык ынтымакты бекемдөө үчүн “Кыргыз жараны” концепциясы ишке ашырылганын билдирди.

“Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын ата мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл”, - деп айтылат кайрылууда.

Соттук териштирүү уланууда

Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши 2022-жылы кайра тергеле баштап, кийин сотко өткөн. Кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу болгон.

Учурда бул иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланууда. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаковго, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлуп жатат.

"Айыпталуучулар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асанов ден соолугуна байланыштуу соттук териштирүүгө келбей жаткандыктан, териштирүү 24-июнга жылдырылган. Кылмыш иши күбөлөрдү суракка алуу стадиясында", - деп айтылат Биринчи май райондук сотунун маалыматында.

Кылмыш иши боюнча 2022-жылы 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага суракка кирип чыккан.

Айыпталып жаткандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков бул иште "саясий боёк" бар экенин кайталап, соттук процесстин жүрүшү боюнча айтып берди.

"Жумуштан кеткен мурдагы баш прокурор башында туруп, жаңы иштелип чыгып, президент Жапаров кол койгон кодекстерде "мөөнөтү өткөндө козголгон кылмыш иши токтойт" деп жазылган. 2010-жылдан бери эсептегенде былтыр 13 жыл өткөн болуп жатат. Ушунун эле негизинде иште саясий боёк бар экени анык далилденген. Азыр сот процессинин мыйзам чегинде кетип жатканы бизге ишеним берип жатат", - деди Исаков.

2022-жылдан кийинки жаңы жагдайлар

400дөн ашык адамдын өмүрүн алган Июнь коогасы боюнча 2022-жылдан бери жаңы жагдайлар улам чыгып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 1-июнда 2010-жылы Июнь окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө шек саналып Сузактын 39 жана 46 жаштагы эки тургуну кармалганын билдирген.

Маалыматка ылайык, алар Жалал-Абад облусунда болгон массалык башаламандыкка активдүү катышып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө аралашканы аныкталган. 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын тек-жайы такталбай калган.

Мунун алдында 22-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Июнь коогасы боюнча сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаеваны кармаган.

Облустук милиция 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаева Өзбекстандын чек арасынан Кыргызстанга өтүп жатканда колго түшкөнүн жана кармоо бир топ аракетти талап кылганын билдирген. Адвокат ал өз эрки менен келгенин кабарлаган.

73 жаштагы Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы Июнь коогасына чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган. Ал Июнь окуяларын уюштурууга айыпталып, 2014-жылы сыртынан 16 жылга соттолгон. Буга чейин чет жерде жүргөнү айтылганы менен кайсыл өлкөдө экени белгисиз болчу.

Ага “Массалык тартипсиздиктер, куралдуу каршылык көрсөтүү”, “Жарандардын укуктарына кыянаттык келтирүүчү бирикмелерди уюштурууга жетекчилик кылуу”, “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелери менен айып тагылган. Ал коюлган кинелерди четке каккан. Абдуллаеванын иши боюнча андан бери расмий маалымат бериле элек.

Былтыр августта атайын кызмат Июнь окуясы учурунда күч жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен Кара-Суу районунун 50 жаштагы тургуну кармалганын билдирген.

Ал 2010-жылдын июнь айында Ош облусундагы жапырт башаламандыкка катышкан, Кара-Суунун Нариман айылында укук тартибин коргоочуларды жана Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси болгон деп шек саналууда. Ал Ош шаардык тергөө абагында кармалары маалымдалган. Андан бери бул жагдай боюнча да маалымат бериле элек.

Атайын кызмат Июнь окуясы боюнча тергөө улана турганын, оор кылмыштын мөөнөтү эскирбей турганын, кылмышкерлер жоопко тартыла турганын белгилеген.

Былтыр Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Апрель жана Июнь окуяларын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзгөн. Ал уюм көз карандысыз иш алып барып, ачылбаган айрым фактыларды иликтеп чыга турганын айткан. Андан бери комиссиянын ишмердиги тууралуу маалымат жок.

"Укуктук баа берүү мүмкүн эмес"

Июнь окуяларын иликтеген "Кылым шамы" уюмунун мурдагы жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул каргашага саясий баа берилгени менен, укуктук жагы толук иликтенбегенин белгиледи.

“Иликтөөнүн максаты Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жазалоо болсо, ошол маалда жабыркаган адамдардын жарасын тырмабай, башкача иш алып барыш керек. Муну укуктук талаада тергөө таптакыр мүмкүн эмес жана азыркы бийликти бул ишти тергөөдөн баш тартууга чакырат элем. Бул тамашалай турган окуя эмес”.

2010-жылы 10-июнда башталган кандуу окуяны үч комиссия иликтеген. Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, Июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тапкан. Коогалаң Апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок өзбек коомчулугунда жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Мындай баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болгон эмес.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган.

Андан кийин 2011-жылы Токон Мамытов жетектеген парламенттик комиссия иштеп, “Июнь окуясынын чыгышына уюшкан кылмыштуулук, наркобизнестин да салымы бар. Экономикалык-социалдык кырдаал да таасир берген” деген тыянакка келген.

Расмий маалыматка ылайык, 14 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG