Эл аралык Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялады. Мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшүп калды.
Буга өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн аягына чыкпай калышы жана башка нерселер себеп болду.
Дүйнө жана Борбор Азия
Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 25-январда жарык көргөн баяндамада жемкорлук дүйнөдө дээрлик мурдагы калыбында сакталып келатканы белгиленди.
Тизмедеги өлкөлөрдүн 86% иш жүзүндө акыркы 10 жылда эч кандай жылыш жасабаганы да маалымдалды.
Transparency International кайсы өлкөлөрдө адам укуктары көбүрөөк бузулса, ошол мамлекеттер аталган индексте төмөнкү позицияларды ээлеп жатканын билдирет. Анткени коррупцияга каршы көңүлкош мамиле адам укуктарын бузат жана демократияны алсыратат. Укуктар чектелсе, демократия артка кетсе, демек, авторитаризм күч алат жана кайрадан коррупция жанданат. Бул айланкөчөк сыяктуу.
Transparency International уюмунун башкармалыгынын төрайымы Делия Феррейра Рубио бул жөнүндө төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Коррупция менен күрөшүүдө адам укуктары – жөн эле айтылып жаткан шарт эмес. Авторитардык ыкмалар системалардын көз карандысыз түркүктөрү менен тең салмактуулугун бузат жана коррупцияга каршы күрөшүүнү башкаруучу элитанын алкымына көз каранды кылып коёт. Бийликти жоопкерчиликке чакыруу үчүн жарандарга ээн-эркин сүйлөө укугун берүү жана чогуу-чаран иш алып баруу, коррупциядан оолак чөйрө түзүү үчүн эң негизги туруктуу жол", - деп айтылат анын сөзү мекеменин сайтында.
Кеп болуп жаткан уюм коррупциянын деңгээлине баа берүү үчүн нөлдөн 100гө чейинки шкаланы пайдаланат.
Нөл баллга ээ болгон мамлекеттерде коррупция өтө курч, 100 баллга ээ болгон мамлекеттерде коррупция таптакыр жок дегенди түшүндүрөт. Ал эми орундар ушунун тескересине шайкеш келет. Баллы канчалык жогору болгон мамлекеттер алдыңкы орундарга жайгашат.
Демек, 2021-жылдын жыйынтыгында Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия 88 баллга ээ болуп, 1-орунду ээлешкен. Бул өлкөлөр мурдатан бери эле алдыңкы орундарда болчу жана бул жогоруда белгиленгендей аларда демократия өнүккөнү менен байланыштырылат.
Норвегия (85 балл), Сингапур (85 балл), Швеция (85 балл), Швейцария (84 балл), Нидерландия (82 балл), Люксембург (81 балл), Германия (81 балл) сыяктуу мамлекеттер адаттагыдай эле коррупция аз деп саналган алдыңкы ондуктун катарын толуктады.
Башка өлкөлөрдөн Бириккен Араб Эмираттары 24-орунда (69 балл), АКШ 27-орунда (67 балл) жана Израил 36-орунда (59 балл) чыкты.
Тизменин артында – 177-орунга Венесуэла (14 балл), 178-179-орундарга Сомали (13 балл) менен Сирия (13 балл) жана 180-орунга Түштүк Судан (11 балл) жайгашты.
Борбор Азия мамлекеттеринин жагдайы буга караганда түзүгүрөөк, бирок кубантарлык да эмес. Казакстан 102-орунда (37 балл), Өзбекстан 140-орунда (28 балл), Кыргызстан 144-орунда (27 балл), Тажикстан 150-орунда (25 балл), Түркмөнстан 169-орунда (19 балл).
Transparency International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык кеңешчиси Алтынай Мырзабекова үн кошту:
“Эгер Борбор Азиянын өзүн алсак, узаган жылдын жыйынтыгында жагдай артка кетип жатканын аныктадык. Жылыш жок, тескересинче жагдай начарлап баратат. Жалпы чөлкөм болгону 27 баллга гана ээ болду. 100 баллдан ушуга эле ээлик кылуу бул абдан төмөнкү көрсөткүч. Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттери Африкадагы көп жылдан бери аскердик кагылыштардан, согуштардан баш көтөрө албай келаткан өлкөлөрдөн гана аз-маз алдыга чыгып жатат. Башкача айтканда, эң акыркылардын гана алдында турат”, - деди ал.
Мурдагы жылы Казакстан 94-орунда болсо, былтыр 102-орунга ылдыйлады. Ал эми Тажикстан 149-дан 150-орунга түшкөн. Түркмөнстан бир жыл ичинде ошол эле 169-орунда калса, Өзбекстан тескерисинче 146-тепкичтен 140-тепкичке чыгып жатат.
Кыргызстандын көрсөткүчүн өзүнчө алалы жана анын себептерин талдап көрөлү.
Кыргызстандын артка кетиши
Transparency International уюмунун индексинде он жыл мурун – 2011-жылы Кыргызстандын тиешелүү баллы 24 болчу. Муну менен өлкө 169 орунда турчу.
2014-жылы индикатор 27 баллга чейин жетип, 2019-2020-жылдары 30-31 балл менен жыйынтыктаган. Ошондо өлкө аталган индексте 124-орунга чейин көтөрүлгөн.
Жогоруда көрүп турганыбыздай, 2021-жылы балл кайрадан 27ни түзүп, Кыргызстан 144-орунга түшүп калды. Башкача айтканда, бир жылда 20 сап ылдыйлап, Африканын Камерун жана Уганда мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү менен теңелди.
Transparency International уюмунун өкүлү Алтынай Мырзабекова мунун себептерин мындайча түшүндүрдү:
“Ооба, Кыргызстан бир жылдын ичинде төрт баллын жоготуп, жатат. Балл 31ден 27ге түшкөнүн көрүп жатабыз. Бул эмне менен байланыштуу? Биз өткөн жылы иликтөөчу журналисттерге, антикоррупциялык активисттерге чабуул болгонун көрдүк. Укук коргоо органдары коррупцияга каршы иликтөөлөрдү баштады, бирок алар аягына чыккан жок. COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан келген финансылык жардамдарды кантип иштеткенин ачык айткан жок. Жарандык активисттер, катардагы жарандар да ал тууралуу маалымат ала алышкан жок. Жалпы жонунан коррупциянын эң негизги себептери болгон ачык-айкындуулуктун жоктугу ошол боюнча кала берди. Отчеттуулук, чынчылдык механизми, кирешелерди декларациялоо жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча талаптар оңолбогон бойдон калды. Сотко ишенимдин жоктугу, укук коргоо органдарынын калыс эместиги мына ушул нерселер да бар. Мунун баары Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге да мүнөздүү көрүнүш”.
2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоого байланыштуу башаламандыктардан кийин бийликке башына келген саясий топ 2021-жылдын башында гана туруктуу отурду. Абактан чыккан Садыр Жапаров былтыр январдын башында президент болуп шайланып, ошол эле айдын аягында инаугурациясын өткөрдү.
Бирок жыл ичи эки жолу референдум өттү, натыйжада Баш мыйзам өзгөрдү. Президенттик, парламенттик жана шаардык кеңештерди кошкондо төрт шайлоо болду. Анын алкагында нааразылыктар да уланып турду. Натыйжада ондогон саясатчылар кармалып, камакка алынып жатты. Анын ичинде бир катар ишкерлерге кылмыш иши козголду.
Transparency International уюмунун индексинде Кыргызстан кыйла тепкичке төмөндөгөнүнө так ушул саясий кризис себеп болгон сыяктуу. Анткени саясий кырдаал экономикага, ишкер чөйрөгө сөзсүз таасирин тийгизет эмеспи.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов тема жөнүндө ойлорун ортого салды.
“Мен саясий жагдайды карап отуруп коррупциялык деңгээл боюнча ушундай жыйынтык болот деп күткөм. Албетте, минтип 124төн 144кө түшүп калат деп ойлогон эмесмин, бирок бир топ ылдыйладык деп ойлогом. Анткени ички жана тышкы инвесторлор, бизнес чөйрөдөгүлөр коррупция кыйла өрчүп кетти деп даттанып жатышат. Кыргызстанда иштеп жүргөн чет элдик ишкерлердин көбүн тааныйм, жекече отуруп калган мезгилде көп нерсени ачык айтып берип жатышат. Кандай кысым болуп жатканын, “үлүш” сурап, “крыша” болобуз дегендер пара сурап же башка да коррупциялык аракеттерге барып жатканын айтышууда. Майда коррупция да көбөйгөнү байкалат”.
Ургаалдуу саясаттын сезилбегенден улам коррупциялык көрүнүштөргө, паракорчулукка, кысымдарга, басып алууларга, текшерүүлөргө кабылып жатканын ишкерлер өздөрү да ар кайсы платформаларда айтып келген.
Маселен, ЖИА ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров мурдараак президент катышкан жыйында мына буларды айткан эле.
“Жакында эле өткөн сурамжылоодо “бизнеске тоскоол болгон көйгөйлөрдү белгилеңиз" деген суроого, ишкерлердин 70% саясий туруксуздук, 63% мамлекеттин ишкерлерди колдоого албаганы жана 50% коррупция деп жооп беришкен. Бул маалыматтарды бизнес-омбудсмендин сурамжылоосу дагы тастыктайт. Биздин жүргүзгөн сурамжылоо боюнча ишкер эки себеп менен коррупциялык иштерге катышат. Биринчиси – ишкер мамлекеттик органдардан сапаттуу жана так маалымат албайт. Экинчиси – мыйзамдагы мүчүлүштүктөр, ишкердин мыйзамды так билбегендиги жана күч органдарынын өзүм билемдигине кабылат", - деген ишкер былтыр 16-ноябрда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында.
Коррупцияга каршы күрөш жана ага баа
Кыргызстанды бир жылдан ашык убакыттан бери башкарып жаткан бийлик коррупциянын алдын алуу үчүн болгон аракеттерин жасап жатканын билдирип келет.
Бул үчүн биринчи кезекте мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү менен салык-бажы органдарын фискалдаштыруу мисал келтирилип жүрөт. Мында тейлөөдө кызматкер менен кардарлар кесилишпейт, натыйжада пара берүү кыскарып жатканы белгиленет.
Экинчи кезекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана башка органдар коррупция боюнча козгогон кылмыш иштер, алардын жыйынтыктары жүйө катары айтылат. Бийлик бул күрөштүн жүрүшүндө былтыркы жылы чоң көлөмдөгү жемкорлуктун орду толтурулганын бир нече жолу айтты.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин 2021-жылды жыйынтыктоочу кеңешмесинде мындай деген эле:
“...Мамлекеттин эсебинен байыгандар менен катуу күрөш жүрдү. 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд. сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө кайтарылды. Жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды. Коррупцияга каршы күрөш улантылат жана абдан күчөтүлөт. Коррупция бул — чоң социалдык коркунуч. Мамлекеттин укуругу узун! Эгер карапайым калктын бир тыйындан чогулган казынасынан жедиби — он эселеп кайтарат”, - деген ал.
Буга чейинки жыйындардын биринде президент Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү идеология болушу керектигин айтканы бар. Ал бул багытта жаңы концепция жазыларын да кабарлаган.
Бирок ошол эле маалда коррупция боюнча козголгон кылмыш иштердин тандалма экени көп талаш жаратып келет. Андан да каражат төлөгөндөн кийин шектүүлөрдүн жазадан кутулуп кеткени боюнча да талаш-тартыштар көп.
Саясатчы Бектур Асанов кайрадан үн кошту:
“Тандалма болгону талашсыз. Тандалма болгондо да, кармалып келген кишини “кустуруп” туруп эле, коё берип жибергени бул, андан бешбетер коррупцияга шарт түзгөнү. Эгер кылмышкер акчаны төлөсө, бул балким ага жеңилдик бериши мүмкүн, бирок ал баары бир жазасын алышы керек. Юридиканын тили менен айтканда чыгымды төккөнү кылмышкерди куткарбайт. Анткени бул анын кылмышын моюнуна алганын түшүндүрөт. Эң өкүнүчтүүсү куду ушундай мамиледен улам коррупция дагы күчөйт деген коркунуч пайда болду. Себеби, коррупциялык жагдайларды кайсы бир деңгээлде жарандык коом, журналистика жана парламент көзөмөлдөшү керек да. Азыр жарандык коом менен журналистика куугунтукка алынып жатат, парламенттеги депутаттардын көбү аткаруу бийлигине көз каранды болуп калды. Бийликтин жарандык коомду талкалап жатканы – бул бийликти бекемдөө, авторитаризмди дагы күчөтүү жана ошондой эле саясий коррупцияга мындан да кеңири жол ачуу болуп эсептелет”.
1993-жылы негизделген Transparency International эл аралык уюму мамлекеттик эмес, көз карандысыз мекеме болуп саналат. Мекеме 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу коррупция боюнча дүйнөлүк индексти чыгарып келет. Баш кеңсеси Берлинде жайгашкан уюмдун филиалдары 100дөн ашык мамлекетте иш алып барат.