Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

Бишкек "Талибан" менен кандай шартта кызматташат?


Кыргызстандын расмий делегациясынын жана "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакинин жолугушуусу. 23-сентябрь, 2021-жыл
Кыргызстандын расмий делегациясынын жана "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакинин жолугушуусу. 23-сентябрь, 2021-жыл

Кыргызстан Ооганстанда бийлик жүргүзгөн “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. “Талибан” кыймылы Кабулдагы бийликти кайра басып алганына үч жыл болду. Ооганстанда да Кыргызстандын элчилиги иштеп жатат.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси “Талибан” кыймылын "кара тизмеден" чыгарганын 6-сентябрда кечинде ырастады.

"Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

6-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушканы маалым болгон. Жапаров эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экенин айтканы кабарланды.

Бишкек “Талибан” кыймылын "кара тизмеден" чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

5-сентябрда Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына Кыргызстандын чечимине ыраазычылык айткан билдирүү жарыяланган. Кабулдагы тышкы иштер мекемеси Кыргызстандын “Талибанды” тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгарган чечимин жогору баалап, өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзүлөрүн белгилеген.

“Башка мамлекеттердин кадамдарына шайкеш келген Кыргызстандын бул аракети Ислам Эмиратынын аймактык жана эл аралык деңгээлде саясий жактан таанылышынын күчөп жатканын көрсөтүп, Ислам Эмиратынын башка өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого тоскоол болгон барьерди алып салат”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Талибан” кыймылы Кыргызстанда 2006-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары таанылып, өлкөнүн аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бул чечим Кыргызстандын ошол мезгилдеги эл аралык коомчулуктун “Талибанга” карата жалпы мамилесин, терроризмге каршы күрөштү кубаттаган позициясын чагылдырган.

Кыргыз-ооган мамилеси

Өткөн жумада да Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Бишкек Ооганстан менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, 29-августта Өзбекстандын Термез шаарында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизийдин жолугушкан. Анда тоо-кен, мунайды кайра иштетүү жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушууда Ооганстандын өнөр жай жана соода министрлигинин башчысынын Кыргызстанга боло турган сапары талкууланган.

Бишкекте ооган элчилиги 2002-жылы, ал эми Кабулда кыргыз элчилиги 2014-жылы ачылган. Ооганстандагы бийликке 2021-жылы “Талибан” келгенден кийин да дипломатиялык өкүлчүлүктөр ишин токтоткон эмес.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстанга “Талибандан” коркунуч жоктугун, бирок Бишкек аны расмий тааныбай турганын 6-апрелде “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде айткан:

"Биз “Талибан” башкарган Ооганстанга көз салып жатабыз. Ошол эле учурда 40 миллионго жакын ооган эли бар. Алар дагы кандай кыйынчылыкта жашап жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан эки жыл гуманитардык жардам бердик. Памирде жашаган биздин боордошторго эки жолу жардам алып бардык. Мал-жандыктары дагы ветеринардык кароодон, вакцинациядан өткөрүлдү. Бул ишти дагы уланта беребиз. Бизде ашып-ташып жаткандыгынан эмес, мамлекет катары жардам беришибиз керек. Кошуна турган мамлекетте эл кыйналып, ачарчылыктан кырылуу коркунучу турганда, кантип жардам бербей турасың? Жардам бериш керек да. Бирок “Талибанды” дипломатиялык жол менен тааный элекпиз".

Иманкулов: "Талибандан" коркунуч жок, бирок расмий тааныбайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:29 0:00

Казакстан, мисалы, "Талибанды" террордук уюмдардын тизмесинен чыгарганын расмий билдирген. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул чечимди Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү ниети менен негиздеген. Ошондой эле, Алматыда Ооганстан боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Борбор Азия үчүн аймактык борборунун түзүлүшү да бул чечимдин бир бөлүгү болуп саналат.

2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстанда 20 жыл бою талибдерге каршы согуш жүргүзүп келишкен. Үч жыл мурда, 15-августта “Талибан” Кабулдагы бийликти кайрадан басып алган, президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен. 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү ооган жергесинен чыгарылган.

“Талибан” кыймылы Кабулдагы бийликке келгени үч жылдан ашса да, Ооганстандын жаңы өкмөтүн бир да мамлекет расмий тааный элек.

БУУ: Ооганстандагы “гендердик апартеид”

Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы августтун этегинде аялдарга коомдук жайларда ырдоого, үнүн чыгарып китеп окууга жана жүзүн ачып жүрүүгө тыюу салган жаңы мыйзамдарын жарыялады. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга тынчсыздануу билдирди.

25-августта БУУ Ооганстанда талибдер кабыл алган талаштуу адеп-ахлак мыйзамы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева мындай чектөөлөрдү Ооганстандын келечеги үчүн "санаарката турган" көрүнүш деп атады.

"Бул [мыйзам] ооган аялдары менен кыздарынын укуктарына каршы ансыз да чыдагыс чектөөлөрдү күчөтөт. Керек болсо аялдын үнү үйүнүн сыртында адеп-ахлакты бузуу катары саналып калгандай", - деди Отунбаева.

Талибдердин өкмөтү билдиргендей, жаңы мыйзам жогорку руханий лидер Хибатулла Ахунзада жактыргандан кийин кабыл алынды.

Документтин 13-беренесине ылайык, аялдар ар кимди азгыруудан жана кимдир-бирөөлөргө азгырылуудан оолак болуу үчүн жүзүн жана тулку боюн коомдук жайларда жаап жүрүүсү керек. Ал эми кийген кийими да жука эмес, дене боюна чапталбай, кенен болуусу абзел.

Кыз-келиндердин "үнү интимдүү болуп саналгандыктан", алардын ырдаганын, китеп окуганын эч ким укпашы керек.

Андан тышкары аялдарга күйөөсүнөн башка, туугандык байланышы жок эркектерди кароого дагы тыюу салынат.

"Бул мыйзам адеп-ахлакты жайылтууга жардам берет деп ишендире алабыз",- деди Ыйманды жайылтуу жана жосунсуз жоруктардын алдын алуу министрлигинин өкүлү Абдул Гафар Фарук.

Жалпы 35 беренеден турган мыйзамды кабыл алгыча эле "Талибан" ооган кыздарына алтынчы класстан кийин мектепке барууга тыюу салып, кыз-келиндер иштей ала турган мекемелердин санын чектеп, аялдарга коомдук ишмердүүлүккө активдүү катышуусуна чекит койгон.

"Күн өткөн сайын алар аялдарды коомдон сүрүп чыгарууга аракет кылып жатышат. Эл аралык коомчулуктун "Талибандын" иш-аракеттери боюнча үн катпоосу аларды дагы жаңы мыйзамдарды, чектөөлөрдү чыгарууга түртүүдө",- деди "Рейтерге" өзүн Халима деп тааныштырган 37 жаштагы Кабулдун тургуну.

Министрлик бул мыйзамды бузгандарга алгач эскертүү жасап, такыр болбосо бир сааттан үч күнгө чейин абакка камоо чечимин чыгара алат. Андан тышкары жаза катары мыйзам бузгандардын мүлкүн конфискациялай алат.

"Ондогон жылга созулган согуштан кийин терең гуманитардык кризиске баткан ооган эли үй-бүлө мүчөсү эмес башка бирөөнү карап койгону, сүйүктүүсүнүн сүрөтүн жанына алып жүргөнү жана батага кечигип калганы үчүн абакка түшүүдөн жакшыраак нерселерге татыктуу", - деди Отунбаева.

"Талибан" кыймылы БУУнун тынчсыздануусун четке какты. Эл аралык Human Rights Watch уюмунун аялдар укуктары бөлүмүнүн жетекчи орун басары Хизер Баррдын билдирүүсүнө караганда, бул эрежелердин көбү мурда эле бар болчу, болгону эми расмий киргизилип жатат.

"Бул биз соңку үч жылдан бери байкап жүргөн нерсенин белгиси, тактап айтканда репрессиялардын туруктуу жана акырындап күчөп жаткан эскалациясы", - деди Барр.

Ыйманды жайылтуу жана жосунсуз жоруктардын алдын алуу министрлигинин өкүлдөрү бул мыйзамдарды бузгандарды үч жылдан бери аныктоого аракет кылып келишет. Мекеме ушул аптада билдиргендей, соңку бир жылда эле бул боюнча 13 миң киши кармалган. Алардын жарымынан көбү акыркы 24 саатта колго түшкөн.

Мыйзамдын башка беренелерине ылайык, айдоочулар эркектердин коштоосу жок жалгыз жүргөн аялдарды транспортко отургуза алышпайт.

Эрежелер андан тышкары медиага жалпы эле тирүү жандыктардын сүрөт-видеолорун көрсөтүүгө тыюу салат.

Былтыр жайда талиб өкмөтү Ооганстандагы бардык чач тарачтарды жана сулуулук салондордун жабууну буйруган. Бийлик алардын кожоюндарына бизнесин жыйынтыктоо үчүн бир ай берген.

Талибдер бийликке кайтып келгенден кийин 1990-жылдардын аягындагы абал кайталанбайт деген убадасына турган жок.

11-августта Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму үч жылдан бери Ооганстанда "аялдардын укугуна байланыштуу эң олуттуу кризис жаралганын" билдирди.

Укук коргоочу уюмдун баяндамасында айтылгандай, талибдердин тушунда Ооганстан кыздар 6-класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланды, аялдардын эркин жүрүүсү, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелди, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажырап калды.

Оор гуманитардык кризистен биринчи кезекте кыздар, аялдар жабыркап жатканы белгиленет.

"Ооганстан обочодо калбашы керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:34 0:00

XS
SM
MD
LG