Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Аялдын үнү менен жүзү. "Талибандын" кыз-келинди кемсинткен жаңы мыйзамы


Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бир нече күн мурда аялдарга коомдук жайларда ырдоого, үнүн чыгарып китеп окууга жана жүзүн ачып жүрүүгө тыюу салган жаңы мыйзамдарын жарыялады. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга тынчсыздануу билдирди.

25-августта БУУ Ооганстанда талибдер кабыл алган талаштуу адеп-ахлак мыйзамы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева мындай чектөөлөрдү Ооганстандын келечеги үчүн "санаарката турган" көрүнүш деп атады.

"Бул [мыйзам] ооган аялдары менен кыздарынын укуктарына каршы ансыз да чыдагыс чектөөлөрдү күчөтөт. Керек болсо аялдын үнү үйүнүн сыртында адеп-ахлакты бузуу катары саналып калгандай", - деди Отунбаева.

Талибдердин өкмөтү билдиргендей, жаңы мыйзам жогорку руханий лидер Хибатулла Ахунзада жактыргандан кийин кабыл алынды.

БУУнан Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева.
БУУнан Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева.

Документтин 13-беренесине ылайык, аялдар ар кимди азгыруудан жана кимдир-бирөөлөргө азгырылуудан оолак болуу үчүн жүзүн жана тулку боюн коомдук жайларда жаап жүрүүсү керек. Ал эми кийген кийими да жука эмес, дене боюна чапталбай, кенен болуусу абзел.

Кыз-келиндердин "үнү интимдүү болуп саналгандыктан", алардын ырдаганын, китеп окуганын эч ким укпашы керек.

Андан тышкары аялдарга күйөөсүнөн башка, туугандык байланышы жок эркектерди кароого дагы тыюу салынат.

"Бул мыйзам адеп-ахлакты жайылтууга жардам берет деп ишендире алабыз",- деди Ыйманды жайылтуу жана жосунсуз жоруктардын алдын алуу министрлигинин өкүлү Абдул Гафар Фарук.

Жалпы 35 беренеден турган мыйзамды кабыл алгыча эле "Талибан" ооган кыздарына алтынчы класстан кийин мектепке барууга тыюу салып, кыз-келиндер иштей ала турган мекемелердин санын чектеп, аялдарга коомдук ишмердүүлүккө активдүү катышуусуна чекит койгон.

"Күн өткөн сайын алар аялдарды коомдон сүрүп чыгарууга аракет кылып жатышат. Эл аралык коомчулуктун "Талибандын" иш-аракеттери боюнча үн катпоосу аларды дагы жаңы мыйзамдарды, чектөөлөрдү чыгарууга түртүүдө",- деди "Рейтерге" өзүн Халима деп тааныштырган 37 жаштагы Кабулдун тургуну.

Министрлик бул мыйзамды бузгандарга алгач эскертүү жасап, такыр болбосо бир сааттан үч күнгө чейин абакка камоо чечимин чыгара алат. Андан тышкары жаза катары мыйзам бузгандардын мүлкүн конфискациялай алат.

"Ондогон жылга созулган согуштан кийин терең гуманитардык кризиске баткан ооган эли үй-бүлө мүчөсү эмес башка бирөөнү карап койгону, сүйүктүүсүнүн сүрөтүн жанына алып жүргөнү жана батага кечигип калганы үчүн абакка түшүүдөн жакшыраак нерселерге татыктуу", - деди Отунбаева.

"Талибан" кыймылы БУУнун тынчсыздануусун четке какты. Эл аралык Human Rights Watch уюмунун аялдар укуктары бөлүмүнүн жетекчи орун басары Хизер Баррдын билдирүүсүнө караганда, бул эрежелердин көбү мурда эле бар болчу, болгону эми расмий киргизилип жатат.

"Бул биз соңку үч жылдан бери байкап жүргөн нерсенин белгиси, тактап айтканда репрессиялардын туруктуу жана акырындап күчөп жаткан эскалациясы", - деди Барр.

Ыйманды жайылтуу жана жосунсуз жоруктардын алдын алуу министрлигинин өкүлдөрү бул мыйзамдарды бузгандарды үч жылдан бери аныктоого аракет кылып келишет. Мекеме ушул аптада билдиргендей, соңку бир жылда эле бул боюнча 13 миң киши кармалган. Алардын жарымынан көбү акыркы 24 саатта колго түшкөн.

Мыйзамдын башка өңүттөрү

Мыйзамдын башка беренелерине ылайык, айдоочулар эркектердин коштоосу жок жалгыз жүргөн аялдарды транспортко отургуза алышпайт.

Эрежелер андан тышкары медиага жалпы эле тирүү жандыктардын сүрөт-видеолорун көрсөтүүгө тыюу салат.

Ошондой эле мыйзам жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга намазды өз убагында, калтырбай окууга милдеттендирет.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) өз билдирүүсүндө бул мыйзам Ооганстандагы сөз эркиндигине жасалган дагы бир "чоң сокку" экенин билдирди.

"Адеп-ахлак мыйзамы "Талибандын" ыйман полициясына ансыз да араңжан медиа коомчулугун мындан ары чектөөгө ыйгарым укук берет",- деди CPJ уюмунун Азия бөлүмүнүн координатору Бе Ли Йи.

Былтыр жайда талиб өкмөтү Ооганстандагы бардык чач тарачтарды жана сулуулук салондордун жабууну буйруган. Бийлик алардын кожоюндарына бизнесин жыйынтыктоо үчүн бир ай берген.

"Талибан" ошондой эле былтыр аялдарга улуттук Банд-э-Амир паркына барууга тыюу салган. Анда ыйман министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Халед Ханафи аялдар парк аймагында хижаб оронуу эрежесин бузуп жатканын айткан.

Талибдер бийликке кайтып келгенден кийин 1990-жылдардын аягындагы абал кайталанбайт деген убадасына турган жок.

11-августта Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму үч жылдан бери Ооганстанда "аялдардын укугуна байланыштуу эң олуттуу кризис жаралганын" билдирди.

Укук коргоочу уюмдун баяндамасында айтылгандай, талибдердин тушунда Ооганстан кыздар 6-класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланды, аялдардын эркин жүрүүсү, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелди, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажырап калды.

Оор гуманитардык кризистен биринчи кезекте кыздар, аялдар жабыркап жатканы белгиленет.

XS
SM
MD
LG