Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

Ооган президенти "Талибанга" кайрадан кол сунду


Оогандар өлкөнүн эгемендик күнүн белгилеп жатышат, 19-август, 2018-жыл.
Оогандар өлкөнүн эгемендик күнүн белгилеп жатышат, 19-август, 2018-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Курман айтта “Талибан” кыймылын ок атышпоого чакырды. Ооган лидери мындай режим 20-августта башталып, үч айга созуларын өлкөнүн эгемендик майрамына арналган салтанатта билдирди.

19-августта Ооганстанда өлкөнүн эгемендигинин 99 жылдыгы белгиленди. Президент Ашраф Гани баштаган жетекчилер баш калаа Кабулдагы Коргоо министрлигинин ичинде уюштурулган салтанатка катышты.

“Өлкөдөгү жарандарыбыз мусулмандар үчүн ыйык Курман айтты тынчтыкта майрамдасын деп 20-августтан тарта ок атышпоо режимин жарыяладык. “Талибан” ага макул болуп, кабыл алса, режим Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө чейин созулат”, - деген Гани талиптер ок атышууну токтотууга макул болгонун айткан жок.

“Биз "Талибандын” жетекчилигин оогандардын түбөлүк жана чыныгы тынчтык орнотуу тилегин кабыл алып, исламдын баалуулуктарына жана принциптерине таянган тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр болууга үндөйбүз”, - деп кайрылды ооган президенти.

Кабул өкмөтү менен "Талибан" кыймылы үч күндүк ок атышпоо тууралуу июнда - Орозо айтта да макулдашкан. Анда биринчи жолу жаатташкан эки тарап ок атышпоо тууралуу бир сөзгө келген. Бирок ал шарт сакталган эмес. Кандай болгон күндө дагы бул согушка баткан өлкөдө тынчтыкка жетсе болот деген үмүттү жандырган эле.

Ооганстанда эгемендик күнү белгиленип жатканда «Талибандын» жоочулары өлкөнүн түндүгүндөгү Фаряб провинциясынын борборун ээлеп алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдады.

Провинциянын губернатору Нажибулла Файек ооган армиясы менен “Талибандын” бир нече күнгө созулган кармашынан кийин 18-августта Билчираг району талиптердин колуна өткөнүн айтты. Губернатордун баамында, өкмөттүк аскерлерге кошумча күч келбей калган.

Провинциянын жергиликтүү кеңешинин эки мүчөсү өкмөттүк күчтөр куралчан топтун жоочуларына кантип багынып бергени тууралуу эки башка маалымат беришти. Алардын бири Абдул Ахад Элбектин айтканына караганда, полиция, аскерлер жана жергиликтүү бийлик бир ай бою талиптердин курчоосунда калып, ал маалда Фарябдын борбору Меймена шаарында турган өкмөттүк күчтөрдөн жардам келбей койгон.

Жергиликтүү кеңештин дагы бир мүчөсү Мохаммад Нури армиянын батальону чегинген соң 60 полиция кызматкери уруу башчылары менен сүйлөшүп алып, талиптерге багынып бергенин айтты.

Ушул айдын башында “Талибандын” жоочулары Фаряб провинциясында жайгашкан аскердик базаны басып алган. Ооганстандын Коргоо министрлиги согушкерлер 17 жоокерди өлтүрүп, 20га чукул кишини жарадар кылгандан кийин Гормач районундагы базаны 13-августта өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

Айрым кабарларда талиптер ондогон жоокерди колго түшүрүп кеткени айтылган.

Батыш өлкөлөрү колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы ооган жергесинен НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин өлкөдөгү “Талибан” баштаган куралдуу топтордун мизин кайтара албай, кармаш жүрүп жатат.

18-августта “Талибан” кыймылынын лидери молдо Хайбатулла Ахундзада билдирүү таратып, анда Ооганстандагы чет элдиктердин “баскынчылыгын” токтотуу үчүн Кошмо Штаттарын бетме-бет сүйлөшүүгө чакырган.

Ахундзада козголоңчул топтун Вашингтон менен “таза, ачык-айкын жана бир жыйынтык чыга турган сүйлөшүүгө” ниети бардыгын билдирген. Ал ошондой эле эки тараптын ортосунда кандай гана сүйлөшүү болбосун “биздин исламдагы максаттарыбызга, мекенибиздин эгемендигине жана согушту аяктоого кепилдик бериши керек” деп кошумчалаган.

Пакистанда жашынып жүргөн Ахундзада “Талибан” кыймылы ооган бийлиги менен эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын айтып, Кабулдагы өкмөттү “куурчак” деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG