Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:15

Халилзад оогандарды биригип, тынчтыкка келүүгө үндөдү


Залмай Халилзад.
Залмай Халилзад.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад тынчтыкка келүү үчүн ооган коомун биригүүгө үндөдү. Ал жеке пикир келишпестиктерди четке коюп, 17 жылдык согушту басууга болгон аракетти жумшоого мезгил жеткенин белгиледи.

Халилзад соңку айларда Жакынкы Чыгышта “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бирок ал жолугушууларга Батыш колдогон Кабулдагы өкмөт катышкан жок.

5-6-февралда Москвада президент Ашраф Ганинин бийлигине оппозиция болгон ооган коомунун таасирдүү өкүлдөрү “Талибандын” мүчөлөрү менен жолугушту.

Оппозициялык ишмерлер Ганинин администрация башчысы жетектеген сүйлөшүүчү топту "бардык тараптар кирген эмес" деп сындады.

Халилзад ооган өкмөтүн “күчтүү, улуттук” сүйлөшүү тобун түзүүгө чакырды.

Вашингтондун чабарманы жергиликтүү “Tolo News” агенттигине “өкмөттүн жетекчилигинин таасири бар топ түзүү зарыл” деп айтты. “Ошол эле маалда башка саясий күчтөрдүн катышуусу керек”, – деди ал.

Халилзад Кабул шаарында президент Ганинин администрациясы жана башка таанымал саясий ишмерлер менен кезикти. Ал эми “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен 25-февралда Катарда жолугушат.

XS
SM
MD
LG