Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

БУУ: 2018-жылы Ооганстанда жайкын тургундардын өмүрү көп кыйылды


«Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстандын Чарикар өткөрмө бекетинде. 3-октябрь, 1996-жыл.
«Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстандын Чарикар өткөрмө бекетинде. 3-октябрь, 1996-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстандагы миссиясы былтыр соңку 20 жылга салыштырганда жайкын тургундардын өмүрү эң көп кыйылганын билдирди. Бул көрсөткүч 2017-жылга караганда 11% өскөн.

БУУнун Ооганстандагы миссиясынын жылдык баяндамасында айтылгандай, көпчүлүк учурда куралдуу чабуулдарды Кабулдагы өкмөттүн душмандары койгон. Былтыр ооган жергесинде 65 теракт жасалып, карапайым адамдардын каны төгүлдү.

БУУнун өкүлүнүн маалыматына ылайык, кандуу чабуулдардын 40% «Талибан» тобунун жоочулары, 20% Ооганстан менен Пакистанды байырлаган «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун жихадчылары коюп, бейкүнөө адамдардын өмүрун кыйган. Кол салууларды 6% белгисиз бирөөлөр уюштурган.

Эскперттер былтыр ооган жергесинде жанкечтилер койгон чабуулдар көбөйгөнүн катташкан. 500дөй жайкын тургун өкмөттүк жана эл аралык күчтөрдүн аба операцияларына кабылган.

Баяндамада айтылгандай, ооган согушунда соңку 10 жылда 32 миң жайкын тургун өлүп, 60 миңден ашуун адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG