Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Обаманын ооган планы даяр


Президент Барак Обама Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү чечимин эмдиги аптада айтарын бышыктады.
Президент Барак Обама Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү чечимин эмдиги аптада айтарын бышыктады.

Эмдиги аптада АКШ президенти Барак Обама ооган стратегиясы боюнча өз чечимин жарыялайт. Муну президент өзү тастыктады жана анын өкмөтү Ооганстандагы "иштерди аяктоону", террорчуларды толук талкалоону көздөп жатканын белгиледи.

Стратегиянын башкы милдетине ылайык, "Ал-Каидага", анын союздаштарына экинчи баш көтөргүс кылып сокку урулат. Ушул усулда аракеттенип, Обама Ооганстандагы "иштерди аяктооону" көздөйт. Ошол эле учурда стратегиянын ийгилиги түбү барып ооган коопсуздук күчтөрүнүн даярдыгына жараша болот.

"Ооган элине акыры өз коопсуздугун өзү камсыз кылууга туура келет, муну моюнга алуу маанилүү", - деп көрсөттү Обама. Андыктан бул маселе такай көңүл тушунда болмокчу. Буга кошумча стратегияны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн аскерий чаралардан тышкары жарандык жана дипломатиялык күч-аракеттер жасалат.

Пландын башка майда-барат өңүттөрүн Обама сөз кылган жок, өз чечимин ал келерки шейшембиде айтарын бышыктады.

Америкалык аскерий чиновниктер эмдиги жылдын башталышында Ооганстанга кошумча контингент жөнөтүүнү пландап, даярдык иштерин аяктап калышты. Алардын айтымында, бул иш февралда башталат. Баары болуп 35 миңге чейин аскер жиберилиши мүмкүн. НАТО боюнча союздаштарга 10 миң контингент жөнөтүү сунуш кылынат.

Британиянын премьер-министри Гордон Браун шаршемби күнү бир катар мамлекет башчылары менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин НАТО жана алардын өнөктөштөрү ооган жерине 5 миң аскер киргизгенге даяр экенин кабарлады. Алар кайсы өлкөлөр экени айтылган жок, бирок буга чейин Словакия - 250, Грузия – 700дөн ашуун солдат жибере турганын ырасташкан эле. Британия өзү 500 солдат бөлгөнү жатат.

Ооганстанда ушу тушта америкалыктардын 68 миң, ал эми НАТОлук өлкөлөр менен алардын союздаштарынын 45 миң контингенти бар. Бириккен коалициялык күчтөрдүн колбашчысы генерал Стэнли Маккристалл быйыл августта алдыдагы бир жыл ичинде кошумча дагы 40 миң контингент албаса,анда урушту уттурушу мүмкүн экенин эскерткен.

Президент Обама соңку үч ай ичинде бул маселе боюнча өз кеңешчилери менен он ирет жыйын өткөрүп, Ооганстандагы кырдаалды кантип өзгөртүү керектигин талкуулады. Акыркы жыйын мындан үч күн мурда Ак үйдө болду. Президенттин кеңешчилери эми келерки аптада конгресстеги талкууларга катышып, мыйзамгерлерди кошумча аскер контингентин жөнөтүү зарылдыгына ишендириши керек.

Коомдук пикирдин акыркы натыйжалары америкалыктардын теңинен көбү буга каршы экенин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG