Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Чочко тумоосунун экинчи толкуну келатабы?


Кошмо Штаттардын Нью-Орлеан шаарында жайгашкан Биоэкологиялык изилдөөлөр борборунун илимпозу Жон Барри эл аралык коомчулукту дүрбөлөңгө салган чочко тумоосу али табына жете электигин эскертет. “Улуу эпидемия” аттуу китептин автору Жон Барри – адамзат тарыхында болгон чоң эпидемиялардын, айрыкча 1918-жылы миллиондогон кишилерди кырган жугуштуу дарт алааматын ар тараптан изилдеп чыккан илимпоз.

Жон Барринин айтымында, адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу эпидемия 1918-жылы дүйнөнү каптаган “испан тумоосу” болгон, анын айынан кеминде 35 миллион киши кырылган, ал оорудан жайран болгондордун чыныгы саны 100 миллионго жетиши да мүмкүн.
Азыркы чочко тумоосуна кол шилтеп үстүртөн караганга болбойт, оорунун эң чоң толкуну ушул жылдын күзүндө капташы этимал, - деп эскертет ири эпидемиялардын тарыхын иликтеген Барри мырза.

- Буга чейин адамзатты каптаган 4 пандемиянын тарыхын алсак, тумоонун биринчи толкуну аз дегенде алты ай ичинде күч алса, кийинкиси эң узарса эки жылда барып деми чыгат. 1889- жана 1918-жылкы эпидемиялардын 3-толкуну да болгон. Азыркы чочко тумоосу кишилердин организмине оңой жабышкандыктан экинчи толкуну коркунучтуураак болобу деп кооптонуп турам. Бирок, кудайга тобо, азыркы тумоодо ал 1918-жылкы вирустун белгилери байкалган жок.

Ал арада АКШнын Техас штатында бир аял чочко тумоосун жуктуруп каза тапканы кабарланды. Оорунун очогу - Мексика менен чектеш бул Техас штатында тумоону жуктургандардын саны 60 адамдан ашыптыр. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөнүн 21 өлкөсүндө катталган оорулуулардын саны 1500 кишиге жакындап калганын билдирди.

Айрым агенттиктер Мексикада чочко тумоосунун жайылышы басаңдай баштаганын кабарлашты, андан уламбы, айтор, “ушул эл аралык дүрбөлөң салгандар ири фармацевтикалык кампаниянын далдалчылары” деген пикир Интернетте кадам сайын кездешет. Бирок, сактыкта кордук жок демекчи, бул кишиден кишиге жуккан вирус азыр басаңдай түшүп, күзгө маал жаңы өзгөргөн формада кайра капташы ыктымал, - деп эскертет Нью-Орлеандык илимпоз.

- Бул вирусту көзөмөлдөө иши колубуздан келбейт. Мындай тумоо каптаган чакта вирус өзүн өзү билген бир падышага айланат. Ошентсе да, көп нерсени алдын алып, маселен, зарыл дары-дармекти өндүрүү ишин жолго койгон оң. Жаңы вируска каршы дары өндүрүү иши бир нече айлык иш. Калкты медициналык жактан камсыздоо, саламаттыгын текшерүү иштерин күчөтүү абзел. Даярдыктардын баары, албетте, алдын алуу чараларын камтышы керек.

Мексикада тумоонун жайылышы пастай түшкөнү – эпидемиялар тарыхын билгендер үчүн экинчи, эң маанилүү толкунга камдангыла деген эскертүү, - деп жыйынтыктайт сөзүн америкалык илимпоз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG