Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Апта: АКШнын жардамы, Кытайдын сабагы


Кыргызстанда коронавирус 14 адамдан табылды.
Кыргызстанда коронавирус 14 адамдан табылды.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (16-22-март).

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тарта өлкөгө бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады. Анын алдында Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулган жана анда премьер-министрге өзгөчө кырдаал жарыялоо тууралуу сунуш берилген. Өлкөдө оору жуктуруп алгандардын саны 14 адам болду.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 21-мартта өзгөчө кырдаал жарыялоонун шарт-жобосу тууралуу кеңешме өткөрдү. Жыйында атайын план даярдалганын, анда бардык мамлекеттик мекеме-органдардын иш-аракеттеринин тизмеси менен тартиби бекигенин билдирди:

«Планда борбор шаарда жана облустарда блокпостторду жайгаштыруу тууралуу маалыматтар белгиленип, күнүмдүк керектөө товарларын жана дары-дармектерди жеткирүү маршруттары, өлкө ичинде аба каттамдарын ишке ашыруу, коомдук автоунаалардын, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана дарыканалардын иштөө тартиби аныкталган. Ар бир жетекчи режимди кынтыксыз аткарууга жана бардык тартылган кызматтардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого жеке жоопкерчиликти алат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына да, биринчи кезекте алардын калкты азык-түлүк менен камсыздоо боюнча ишине тийиштүү. Чет жактан товарларды ташуу боюнча бизде эч кандай маселе жок, ошондуктан жарандар эч жерде тигил же бул продуктунун жана дары-дармектин тартыштыгына кабылбашы керек», - деди Абылгазиев.

Премьер-министр айрыкча Бишкек менен Ош шаарларына жана коронавирус аныкталган райондорго өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Кеңешмеде бардык бейтаптарды кабыл алууга жетиштүү орундарды даярдоо, 20 мүнөттүн ичинде жыйынтык чыгарган экспресс-тесттерди камсыздоо өңдүү маселелер талкууланды.

Боронов өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абалды түшүндүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдын жол-жобосун түшүндүрүп берди. Ал муну өзгөчө абал менен чаташтырбоо керек экенин эскертти:

«Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат», - деди Боронов.

Анткен менен саясатчы, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, өлкөдөгү кырдаал өзгөчө абал жарыялоого жакындап калды:

«Өзгөчө кырдаал адамдардын укугун чектегенге, мамлекеттик бийлик органдарынын ишин чектеп, өзгөрткөнгө мүмкүндүк бербейт. Мында өкмөт ушундай кырдаалдан улам өзүнүн ишин кайрадан карап чыгышы мүмкүн. Менимче бүгүнкүдөй коркунучтуу кырдаалдан улам өлкөгө өзгөчө абалды киргизүүгө жакындап калды. Эгерде өлкөдө коронавирус менен ооруган адамдардын саны өссө, анда өлкөдө туруксуздук болушу мүмкүн. Кыйсыпыр, кымгуут, дүрбөлөң күчөсө анда аларды катардагы каражаттар, эрежелер менен токтотуп калуу кыйын болот. Өзгөчө абал болгон убакта колунда болгон бардык каражатты - армияны, милицияны жана башка коомдук кошуундарды түзүп, каттал тартипти сактаса болот».

Кыргызстанда бир айлык өзгөчө кырдаал жарыяланганын улам 12-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мөөнөтү кийинкиге жылдырылды.


Бул аптада Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вирусту жуктуруп алган алгачкы адамдар аныкталды.

Соңку маалыматка ылайык, ушул тушта мындай илдет 14 кишиден табылды. Алардын сегизи Сузак районунун, үчөө Ноокаттын, дагы бирөө Баткен районунун тургуну. Дагы бир адам Франциядан келип, «Манас» эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда жаткан, эми экинчиси Сауд Арабиясынан кайтып келип, Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасында изоляцияга алынган жаран. Коронавируска кабылгандардын басымдуу бөлүгү Сауд Арабиясына умрага барып келгендер.

Кыргызстанда бейтаптар аныкталган райондордогу айрым айылдарга карантин жарыяланды. Коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон кишилер обсервацияга жаткырылды.

Соңку кырдаалдан улам Жалал-Абад шаарына кирүү чектелди. Шаар мэри Мураталы Тагаев бир канча жерге тосмо бекеттер коюлганын айтып берди.

«Шаардын кире бериш аймагына үч жерге блокпосттор коюлуп жатат. Бүгүнтөн тарта коомдук транспорт, маршруткалар токтотулду. Базарлар жана соода борборлору жабык. Зарыл жумушу болбогон тургундарды шаарга киргизбөө чечими кабыл алынды», – деди Тагаев.

Жалал-Абадга Оштон күнүнө 100гө чукул адамдын анализин текшергенге мүмкүнчүлүгү бар карантиндеги инфекцияларды тез аныктай турган мобилдүү лаборатория жеткирилди.


Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ал Жалал-Абад облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылганын, жабдуулар менен кошо атайын даярдыктан өткөн адистер келгенин маалымдады. «Бишкек шаарынан карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулары кызматынан кошумча адистер тартылууда. Муну менен тиешелүү дарыгерлердин жумушу бир кыйла жеңилдейт. Учурда бардыгы даяр, анализдер келип түшкөндөн баштап, текшериле баштайт», – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин алынган анализдер Ош жана Бишкек шаарларына жөнөтүлүп турган. Эми анын жардамы менен ушул жерден эле коронавирусту аныктоого болот дешет адистер.

Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус жуктуруп алган үч адам ушул тушта райондук ооруканада жатат. Бейтаптап менен байланышкан 169 киши обсервацияга жаткырылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы райондун аймагындагы Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына коюлган тосмодон башка дагы 35 жерге блокпостторду орнотту.

«Милиция жергиликтүү тургундардан коронавирусту жоюу жана алдын алуу аракеттерине түшүнүү менен мамиле жасап, блокпосттордогу өз милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге туура мамиле кылууну өтүнөт», - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.


Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев районго өзгөчө кырдаал киргизилгенин, бирок базар менен райондун ортосундагы жол жабылбай турганын «Азаттык» радиосуна билдирди:

«Айрым чектөөлөр болот. Бирок жолдор жабылбайт. Санитардык нормалар сакталып, жарандарыбыздын коопсуздугуна өзгөчө маани берилип, дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик ооруну алдын алуу жана жайылтпоо максатында иштерди алып барышат. Базар, азык-түлүк дүкөндөрү иштейт. Башаламан сооданы токтотобуз. Вирус жуктурган кишилер менен байланышта болгондорду обсервацияга жаткыра элекпиз. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн».

Баткен облусунда коронавирус жуктуруп алган адам аныкталганына байланыштуу Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Мындай чечимди Баткен районунун акими Каланбек Маркаев кабыл алган. Учурда аталган айылдарда блокпосттор коюлуп жатат. Бул айылдарда 29 миңге жакын адам жашайт.

Бүгүн Баткен облусундагы Самаркандек айылынын тургуну коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Учурда облус боюнча 35 киши обсервацияга жаткырылды. Төрт адам изоляцияга алынды.

Бишкекте азык-түлүк-сатылган дүкөндөр менен дарыканалардан башка бардык соода борборлор, көңүл ачуу жайлары жабылды. Троллейбустан башка бардык коомдук траспорттор убактылуу токтоду. Акыркы маалымат боюнча өлкө боюнча 649 адам обсервацияда жатат. Умрадан кайтып келгендер менен байланышып, кары-катнашта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ал арада Кыргызстанда окуу жылын аралыктан окутуу режиминде бүтүрүү жагы караштырылып жатат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров мектептер менен жогорку окуу жайлары 8-апрелге чейин каникулга тараганын, окуу жылы жай айларына чейин узартылбай турганын маалымдады.

«Биздин максат – Интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенжерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт», - деп билдирди Нурлан Өмүров.

Министрликтин өкүлү кошумчалагандай, 8-апрелден тарта мектеп окуучулары үчүн видео сабактар башталат.

Президент Сооронбай Жээнбеков жагдайга байланыштуу 18-мартта элге кайрылуу жасады. Ал жарандарды тартипке чакырды:

«Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам. Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу. Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарышы абзел.Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда, алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу врачка кайрылуу керек.Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл,- деди Жээнбеков.​

Президент ошондой эле коронавирус жайылып жаткан шартта жарандарды жеңил пиардан алыс болууга чакырды. Ал Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы жыйынында учурда «бардык маселе боюнча эксперттер көбөйгөнүн» белгилеп, жеңил пиардан оолак болууга үндөгөн:

«Жардам бересиңерби, ырдайсыңарбы же ыйлайсыңарбы коомчулукка жарыялабай эле жасасаңар болот. Жасаган ишиңерди, соопчулукту ошол жерде жашаган эл билсе, анын батасы тиет. Эң негизгиси, Кудай билсе болду. Азыр элибиз ар кандай маалыматтан чарчап турган мезгили. Ошондуктан, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, биринчи тартип болсо гана бул жагдайдан чогуу чыгып кетебиз», - деди президент.

Буга чейин социалдык тармактарда диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун мечитте жума намаз окулбай калганына капа болуп, ыйлап жаткан видеосу тараган эле.​

Сом арзандады

Бул аптада кыргыз сому кескин арзандап кетти жана бир доллардын баасы 19-мартта 85 сомго чейин жетти. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мындан аркы курсу тууралуу божомолдоо болбой турганын билдирди. Ошону менен катар ал курстун кескин түрдө өзгөрүшүнө жол берилбей турганын айтты:

«Улуттук банк эч убакта божомол бербейт. Бирок биз эч убакта кескин түрдө курстун жогорулап кетишине жол бербейбиз. Мисалы, кечээ интервенция жасабасак, ким билет, кандай курс болмок?! Баарыбыз «коронавирус» деп, «чек аралар жабылды» деп дүрбөлөң түшүп жатпайбызбы».

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. 11-мартта Абдыгулов сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин айткан.


20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалга байланыштуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алган. Анда Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүнүн абалын эске алып, улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарыл экенин билдирген.

«Өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетиш керек», - деди президент.

Мамлекет башчы өлкөдө коронавирустун жайылышына жана доллардын баасынын жогорулашына жол бербөө чараларына байланыштуу насыяларын төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болгон ишкерлерди колдоого чакырды. Жээнбеков каржы-насыя уюмдары азыркы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, кардарларына карыз-насыя төлөөдө жардам бериши зарыл экенин белгиледи. Аптанын аягында бир доллардын баасы 78-79 сомдой болду.

АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы турууга жардам бериш үчүн 913 миң доллар (66 миллиондон ашык сом) бөлдү. 11-мартта АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын медицина мекемелери үчүн 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек берген.

«Сорос-Кыргызстандын» өзгөчө кырдаалдар үчүн фонду Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жасалма дем алдыра турган аппарат берди. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылды.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун саламаттык сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов бул аппарат коронавирус менен күрөшүүдө зарыл экенин белгиледи. Фонд бейтаптарга, дарыгерлерге керектүү медициналык каражаттарды алып берүү каралып жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги жасалма дем алдыра турган 624 аппараттын ичинен 100ү атайын даярдалып турганын билдирген. Министр Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, илдетке чалдыккан бейтаптардын 5% гана жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж. Мындан сырткары Дүйнөлүк банк Кыргызстанга адамды жасалма дем алдыруучу аппараттан 200гө жакынын сатып бермей болгон.​

Кытай оорудан арыла баштады

Коңшу Казакстанда ооруга кабылган адамдардын саны 50дөн ашты. Алматы облусунда коронавирус жуктуруп алган биринчи жаран Түркиядан Бишкек аркылуу учуп келгени белгилүү болду. Казакстандын cаламаттык сактоо министринин расмий өкүлү Диас Ахметшариптин билдиришинче, ал 7-мартта Стамбул-Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга келип, андан ары Казакстандын Алматы облусундагы Каскелең аймагына автотранспорт менен өткөн.

Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта жарыяланган жана өлкө боюнча карантин шарттары катаалдаган.

Өзбекстанда болсо оору 37 адамдан табылды. Алардын баары буга чейин карантинде болушкан. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги карантин шартында жашап жаткан адамдардын саны 200 миңден ашарын билдирген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен азырынча Тажикстан менен Түркмөнстанда оору расмий каттала элек.


Коронавирус биринчи чыккан Кытайда бул аптада ооругандар кескин азая баштады. Жуманын соңку үч күнүндө маселен өлкөнүн ичинде оору бир дагы адамдан аныкталган жок, сырттан келген 41 кишиден коронавирус аныкталды.

Бул өлкөдө оору баш-аягы 80 миңден ашык адамга жукту. Жалпысынан 3255 адам ажал тапты. Кытай бийлиги оорунун экинчи эпкини башка мамлекеттен кайткан жарандардын эсебинен башталабы деп чочулап турат.

Европа оорунун очогу бойдон калууда. Италия ажал тапкан адамдардын саны боюнча Кытайдан озуп кетти. Бул өлкөдө оору төрт миңден ашык адамдын өлүмүн жалмады. Соңку үч күндүн ичинде эле адам өмүрү кыйылган 1,5 миңдей учур катталды. Баш-аягы ооруга кабылгандардын саны 50 миңге жакындап калды.

Ооруга байланыштуу Иранда да жагдай оор. Өлкө бийлиги 1,5 миңге чукул адам ажал тапканын кабарлады. Бирок көптөгөн ирандыктар өкмөт оорунун деңгээлин жашырып жатат деп шектенишет. Иранда расмий маалыматка ылайык, коронавируска кабылган адамдардын саны 20 миңге чукулдап калды.

Соңку маалыматка ылайык, коронавирустан ажал тапкандардын саны дүйнө боюнча 11,5 миңге чукулдады. Бул ооруну жалпысынан 275 миңдей адам жуктуруп алды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG