Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Оппозиция жаңы система курууга аттанды


Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр тилектештик меморандумуна кол коюшту. Революциялык кыймыл менен “Жаңы Кыргызстан” партиясы меморандумга кошулушкан жок.

Оппозициялык кеңири чөйрө кабыл алган Меморандум азыркы бийликти үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун туткунуна түшүп берди деп сындап, мындан мамлекетти сактап калуу үчүн башкаруу системасын түп-тамырынан алмаштыруу зарылдыгын белгилеген. Өз максаттарын оппозиция жаңы иштелип чыккан “Акыйкаттыкка карай жол” аттуу концепция аркылуу ишке ашыруу ою бар. Концепцияда азыркы парламентти таратып, убактылуу өкмөт түзүп, жаңы парламентти шайлап, андан кийин гана президенттик шайлоону өткөрүү каралган.

Системаны алмаштыруу максатынын айланасында биригүү үчүн оппозиция бир айдан ашык сүйлөшүү жүргүздү. Анын натыйжасында пайда болгон меморандумга “Акыйкат үчүн”, “Бириккен Кыргызстан” кыймылдары, СДП, “Ата мекен”, “Ак шумкар” баштаган он чакты саясий партия, СДПнын Жогорку Кеңештеги фракция мүчөлөрү, мурдагы депутаттардын, саясий-коомдук ишмерлердин, жарандык коомдордун топтору, оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттары кол коюшту.

Меморандумга кол коюу иш-чарасы аркылуу кыйла тыныгуудан кийин оппозициянын катарында коомчулукка кайрадан мурдагы премьер министр Алмаз Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов чыгышты. Алмаз Атамбаев кабыл алынган документти өтө маанилүү деп, анын мааниси көз караштары айырмалуу саясий күчтөрдүн бир багытка кошулуп жаткандыгы менен негиздеди:

- Жалаң оппозиция эмес, оң канаты болобу, сол канаты болобу, баарыбыз бир негиз, бир принцип менен Кыргызстанды азыркыдай башкарса болбойт деп биригип атабыз.

Мурдагы премьер-министр ошондой эле бардык аракеттер мыйзам чегинде болорун, оппозициянын экинчи жолу ыңкылап жасоо ою жогун айтты. Революциялык кыймыл менен негизги айырмачылык ушундай болуп атканын баса белгиледи.

Элдик революциялык кыймыл меморандумга кошулган жок. Кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев меморандум кабыл алган тарап парламенттик башкарууну таңуулап, ал аркылуу президентти күчтөндүрүп жатат дейт. Бул кыймылдын башкалардан айырмасы - президентти кетирип туруп, жаңы системаны орнотуу милдетин убактылуу өкмөткө тапшырууну жактайт.

Ошол эле мезгилде “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев кеңири чөйрөгө бириккен оппозиция максатын ишке ашыруу үчүн 25-ноябрда элдик жыйын өткөрүп, ошондо чечкиндүү аракеттерди жасап, талаптарды күчөтөрүн билдирди.

Ошол эле мезгилде оппозиция мурдагыдай массалык акцияларга чыгабы же күрөштүн башка жолдорун жандандырабы - ачык-айкын айтышкан жери жок. Күрөшкө даяр экендигин белгилеген “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозициялык күчтөр эмнеге жана кандай куралдарга таянарын тарыхый кырдаал көрсөтөт деди.

Ошол эле мезгилде президенттин айланасындагы саясий күчтөр оппозициянын системаны алмаштыргыдай деңгээлде күчү жок экенин айтып келатышат. Ушундай оюн “Азаттык” менен “Ак жол” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев бөлүштү:


- Бул оппозиция мурдагыдай реалдуу күчкө ээ эмес. Ошондуктан, бул чакырыктар кандайдыр бир реалдуу жыйынтыктарды бербейт. Болгону стабилдүүлүккө гана шек келтириши мүмкүн.


Ошондуктан, депутат Наргозуев оппозиция бийлик менен кызматташуусу зарыл дейт.


Максаттарды толук ишке ашырууга азыр кудурети жете каларына бир нече ай мурда саясаттан кеткен таасирдүү оппозициячылардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов ишенкиребей турат. Анткени, бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстанда деле оппозицияда таяныч жок дейт ал.

- Мен, маселен, майда-баратын эмес, саясий демилгенин өзүн колдодум. Бул оппозициянын системаны өзгөртүү боюнча элге жасаган ишарасы. Ошондуктан, өзгөчө ишеним артпасак дагы кыймылдагандын иши кыймылдаган.

Байболовдун пикиринде, элдин жакырчылыкка кептелип турушу, аны мамлекеттин жөндөй албай жатышы төңкөрүшкө алып келиши ыктымал, бирок, ошол жагдайды пайдалана турган күч жок. Ошондуктан, Байболов меморандумга буга чейин Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн ортосунда кабыл алына жүргөн документтердин бири катары карайт.


Кошумчалап койчу жагы, мындай меморандумдардын бири март окуясынын алдында, 2004-жылдын 29-декабрында “Жаңы Кыргызстан”, “Элдик Конгресс”, “Ата журт”, “Эркин шайлоо үчүн” өңдүү саясий күчтөрдүн катышуусунда “Кегети” кафесинде кабыл алынган.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG