Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

А.Момунтаева: Кыргызстанда укуктар сакталбай калды


3-февралда Таласта “Манас-1000” бейөкмөт уюмунун электр кубатынын кымбатташына байланыштуу жыйыны өтпөй калды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Талас облусундагы акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Арзыкан Момунтаева жооп берди.

- 3-февралда бейөкмөт уюмдун жарыктын кымбатташына байланыштуу жыйыны эмне үчүн үзгүлтүккө учурады?

Арзыкан Момунтаева: Бул маселе бир эле жактуу нерсе эмес. Бул адамдардын эркин жыйындарга болгон маселенин жолго коюлбаганынан деп ойлойм. Конституцияда 15-20-беренелеринде “тынч митинг жыйындарга чогулууга, бийликке өз пикирлерин айтууга, ар кандай маселелерди чечип алууга укуктары бар” деп айтылган. Тилекке каршы, кечээ бул укук бузулду.

“Манас-1000” уюмунун жетекчиси Серен Шейшенов - абдан активдүү киши. Ал Талас жерине көп жакшы иштерди жасап жүрөт. Бирок ошондой активдүү адамдарды колдогондун ордуна басынтып, же кордоп койгон учурлар Таласта көп эле болот.
Укуктарыбыз деп эле милдеттерибизди унутуп калган болбойт.


- Бул жерде анын укугу укук коргоо органдары тарабынан тебеленип атабы, же жергиликтүү бийлик тарабынанбы?

Арзыкан Момунтаева: Ал мага телефон чалып, аны милиция кызматкерлери унаага салып алып, адамдар менен жолугушуу мөөнөтүндө ары-бери алып жүрүп отуруп, убактысын өткөрүп, анан беркилер менен жолукпай калган.

Булар жолугуп алып эле мамлекетке каршы иш жасамак беле. Булар мындан бир апта мурун электр энергиянын өтө кымбаттап кетиши тууралуу талкулоо жүргүзгөн эле. Мени акыйкатчы катары чакырышкан, катышкам.

Туура, адамдардын укуктары да, милдеттери да бар. Укуктарыбыз деп эле милдеттерибизди унутуп калган болбойт. Бирок укуктарыбыз бул жерде тебеленип калганы тууралуу бир эле Серен, же 1-2 киши айткан жок. Муну бүтүндой Кыргыз мамлекетинин жарандары айтып атпайбы.

- Арзыкан айым, 2005-жылдын март айынан бери ыңкылаптан кийин адамдардын укугуна болгон мамиле кайсы жагына өзгөрдү?

Арзыкан Момунтаева: Адамдардын укугуна болгон мамиле мен оң деп айта албайм. Бизде көп нерселер сакталбайт. Сакталсын деп БУУнун эл аралык шартнамелеринде, биз кабыл алган көп мыйзамдарда да жазылып туруп атат. Биз аткарабыз деп кабыл алып, аны аткаралбай жатабыз, кептин баары ошондо болуп атат.
Кары-картаң, оору-сыркоо деген бар. Эмчектеги балдар да бар. Түнкү саат 12ден баштап бешке чейин өчөт.


Электр энергияны айтсак, өкмөттүн 12-ноябрда чыккан токтомун биз 30-ноябрда чыкты деп жаңы жылда угуп атпайбызбы. Муну ноябрга чейин эл талкууга коюш керек болчу. Анан кийин ал жарыктын канчалык кымбатташын, же арзандашын эл чечип бериш керек болчу. Таңуулагандай эле болуп калды.

Кары-картаң, оору-сыркоо деген бар. Эмчектеги балдар да бар. Түнкү саат 12ден баштап бешке чейин өчөт, өзү кымбат. Ушунун баары эле адам укугун тебелөө болбогондо, эмне болмок эле?

- Рахмат маегиңизге.
"Азаттыктын" архивинен: Кыргызстанда энергетика каатчылыгы курчуйбу?

Энергетика тармагындагы кырдаалга байланыштуу суроолорго Улуттук электр тармактар ишканасынын башчысынын орун басары Мурат Дурусалиев жооп берди.

Кыргызстанда энергетика каатчылыгы курчуйбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

XS
SM
MD
LG