25-мартта борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу саат 9.00дөн 24:00го чейин токтотулат.
Мэриянын маалыматында бул күнү Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский, Ж.Гвардия , ЧЧК, Саадаев көчөлөрүндө, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектисинде ремонт иштерине байланыштуу суу өчүрүлөрүн билдирди.
Красный Строитель, Ак -Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштары да бул тизмеге кирген.
Маалыматта суу "Северный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.
Расмий маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында калкты таза суу менен камсыздоочу 37 суукана жана 334 скважина иштейт. Бекитилген норма боюнча ар бир киши суткасына 170 литр суу колдонушу керек болсо, учурда ал 410 литрге жетүүдө же 2,5 эсеге жакын өскөн.
Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен 2023-жылы 1-июндан тартып таза сууга жана канализацияга болгон тариф кымбаттаган.
Документке ылайык, бир куб метр таза суу шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго, бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго, башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттаган. Ал эми канализацияга болгон тариф шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон, 3,45 сомго, бюджеттик мекемелер үчүн 3 сомдон 4,5 сомго, башка керектөөчүлөр үчүн 6 сомдон 9 сомго көтөрүлгөн. (ST)
Шерине