Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Ош милициясы 12 жаштагы баланын кармалышы боюнча маалымат берди


Ош ОИИБ тараткан сүрөт
Ош ОИИБ тараткан сүрөт

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндө рейд учурунда 12 жаштагы баланын кармалышы тууралуу маалымат берди.

Анда өспүрүм дүкөндө соода кылып жатканда милиция алып кеткени, түшүндүрүү иштеринен кийин ата-энесине өткөрүлүп берилгени жазылган.

"21-март күнү Өзгөндө "Өспүрүм - түн", "Укук тартип" аталышында рейддик иш-чара өткөн. Ага ылайык, кызматкерлер ар кандай укук бузуу, кокустуктарды алдын алуу максатында түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок, өз алдынча жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча иш алып барышкан", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакта Өзгөн шаарында он эки жаштагы баланы милиция кызматкерлери кармап, алып кетип жатканы тууралуу видео тараган.

Анда белгисиз адамдар кармалган бала болгону 12 жашта экенин айтып, милиция кызматкерине нааразылык билдирип жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, балдарга 16 жашка чейин иштөөгө болбойт. Бирок ошол эле мыйзамда өзгөчө абалдарда балага 15 жаштан, ден соолугуна зыян келтирбеген жумушта иштөө үчүн ата-энесинин же камкорчусунун макулдугу менен 14 жаштан баштап иштөөгө уруксат берүү каралган.

Балдар эмгегин пайдаланууну мамлекеттик көзөмөлдөө функциясы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлгѳн.

Кыргызстанда балдардын укуктары Балдар жөнүндѳ кодексте,
Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясында, Үй-бүлө кодексинде жана Конституцияда жазылган. (DSh/ST)



Шерине

XS
SM
MD
LG