Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Өткөн жылы бруцеллез оорусу миңден ашык кишиге жуккан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы эхинококкозду 855, бруцеллезду 1144 адам жуктуруп алган.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын зооэпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгы билдирди.

Аталган башкармалык бруцеллез жуккан мал 14 күн ичинде союлуп, колбаса жасоочу цехке тапшырылууга тийиш экенин эскертет. Эхинококкозго чалдыккан малдын өпкө-боору көмүлүшү керек.

Мамлекеттин атайын токтому менен Кыргызстандагы мал-жандыктардын жугуштуу тогуз ылаңына каршы вакцина акысыз берилет.

2008-жылы өкмөттүн токтому менен ветеринардык кызматтын айрым укуктары жеке мал доктурларга өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө элеттеги ветеринарлар мамлекеттен айлык албайт. Алар райондук башкармалыктар менен келишим түзүп иштейт жана мал ээлери төлөгөн акыга жашайт.

Учурда республика боюнча 1449 мал доктур бар. Алардын басымдуусунун жашы 50дөн өтүп калган.

Ветеринардык кызматтын зооэпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгы 2025-жылдан тарта Нарын облусундагы мал доктурларга мамлекет эсебинен акы төлөгөн пилоттук долбоор киргенин билдирди. Долбоор иштеп кетсе, республиканын бардык облусундагы мал доктурларды мамлекеттен акы төлөп иштетүү каралууда.

  • Бруцеллез - кой-эчкиден, чочкодон жана уйдан жугуп, адамдын көптөгөн органдарын жана системаларын жабыркатат. Көп учурда ылаңдаган уйдун чийки сүтүнөн жана каймагынан жугат.
  • Эхинококкоз - боордо, өпкөдө жана башка органда эхинококк деген мите курту пайда болгон оору. Мите абдан чыдамдуу келип, айлана-чөйрөдө бир нече айга чейин сакталып, адамга жана малга жугуу коркунучу жогору. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG