Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Boeing алтынчы муундагы согуштук учактын тендерин утуп алды


АКш президенти Дональд Трамп жана коргоо министри Пит Хегсет тендердин жыйынтыгын жарыялашууда.
АКш президенти Дональд Трамп жана коргоо министри Пит Хегсет тендердин жыйынтыгын жарыялашууда.

Ак үй Boeing корпорациясынын алтынчы муундагы кыргын салуучу учак боюнча өткөн тендердеги жеңишин жактырды.

АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн сунуштары тууралуу 2023-жылы белгилүү болгон. Пентагон мындай үлгүдөгү 200 учак сатып алары күтүлүүдө.

Next Generation Air Dominance Fighter аттуу тендерди Boeing утканы тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп коргоо министри Пит Хегсет менен биргеликте жума күнү жарыялады. Кыргын салуучу учак F-47 деген ат менен пайдаланууга берилет.

Аскер-аба күчтөрү узак аралыкка, ылдамдыкка жана көздөн далдаа учканы менен өзгөчө учакты каршылаштары Кытай жана Орусиянын заманбап согуш куралдарына каршы туруу үчүн алууда. Истребителдер согуш майданына автоматташтырылган компаньон дрондордун коштоосунда барат.

Reuters учакты иштеп чыгуу жана өндүрүү келишими 20 млрд долларга бааланганын билдирди. Божомолдорго караганда мындай учактын ары бири 300 млн доллар турат, программанын жалпы баасы 80 млрд долларга өсүшү мүмкүн.

F-47 Lockheed Martin корпорациясы иштеп чыккан F-22 учагын алмаштырат. Бул корпорация дагы тендерге катышып, бирок утулуп калган.


Шерине

XS
SM
MD
LG