Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалды


Имамоглуну колдогон акция. Түркия.
Имамоглуну колдогон акция. Түркия.

Түркиянын соту жекшембиде Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алууга санкция берди. Имамоглунун кармалышы өлкөдө акыркы он жылдагы эң чоң толкундоолорго алып келди.

Түрк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Имамоглуну ишемби күнү беш сааттай суракка алышкан. Жума күнү ушундай эле сурак төрт саатка созулган. Мэр тыюу салынган Күрд жумушчу партиясын колдогонун жана коррупцияга байланыштуу айыптын баарын четке каккан.

Мындан кийин сот болуп, прокуратура аны жана ондогон шектүүнү камакка алууну суранган.

"Жекшемби эртең менен соттун чечими менен Имамоглу абакка камалды", - деп билдирди A Haber телеканалы.

Соттук отурум алдында бийлик имаратка келчү жолду жана жакынкы метролорду жапкан. Жүздөгөн полиция кызматкерлери жана ондогон суу чачуучу жабдыктар иштеген. Анткен менен ондогон адамдар сот алдына келген, калгандары Стамбулдун мэриясынын алдына чогулушкан.

Шаар бийликтери демонстрация өткөрүүгө 26-мартка чейин тыюу салып, транспорт каражаттарынын киришине жарым-жартылай чектөө киргизген.

Ага карабай ишембиде Түркиянын шаарларында демонстрациялар уланды. Анда 323 адам кармалганын Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Али Ерликая Х социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

ЖМКнын маалыматында, полиция нааразыларга көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу менен аткан. Айрым демонстранттар желим ок жегенин айтышкан.

Жума күнү өткөн митингде Түркиянын Ички иштер министрлиги Стамбул, Анкара, Измир, Адана, Анталья, Чанаккале, Эскишехир, Конья жана Эдирне шаарларында 343 адам кармалганын билдирген.

Имамоглуну 19-мартта кылмыштуу топту жетектөө жана коррупция айыбы менен кармашкан. Anadolu агенттиги саясатчыга карата терроризмге байланыштуу иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Түркиянын прокуратурасы жүздөй адамды камакка алууга ордер берген, анын арасында Стамбулдун администрациясынын жогорку даражадагы кызматкерлери да бар. Кармоо Имамоглуну 2028-жылы президенттик шайлоого талапкер катары жарыялоо алдында болду.

Евробиримдиктин жана Германиянын бийликтери анын кармалышын айыпташты. Анкара мэрге карата саясий куугунтук болгонун четке кагууда.



Шерине

XS
SM
MD
LG