Ошентип, Иран оппозициясы бийликтин тыюусуна карабай 18-июнда дагы бир манифестация уюштурууну чечти. Бул ирет көчө жүрүшү жана мечиттердеги акциялар дүйшөмбүдө атып өлтүрүлгөн 7 кишини эскерүү иретинде өткөрүлгөнү жатат. Кабарларга караганда, план боюнча эл Улуттар уюмунун кеңсеси жайгашкан имараттын алдына, кийин Тегерандагы борбордук аянтка чогулмакчы.
Мусави тарапкерлерин кара кийинип келүүгө үндөдү. Анын айтымында, бул - каза болгондорго аза күтүүнүн белгиси гана эмес, “уурдалган шайлоого” карата кайгы билдирүү символу болмокчу. Ал өзү да бүгүнкү тынч демонстрацияга катышууну көздөп жатат.
Кечээ баш калаанын борборундагы нааразылык иш-чарасына он миңдеген киши катышты. Мамлекеттик сыналгы жүрүштөн кыска үзүндүлөрдү көргөзүп чектелди. Чет өлкөлүк журналисттерге көчөлөрдөн кабарлап турууга тыюу салынды. Буга чейинкидей эле маалыматтын көбү демонстранттардын, күбөлөрдүн, катардагы ирандыктардын айткандарына, сүрөт, тасмаларына таянып берилүүдө.
"Фарда" радиосуна эки жактын тең колдоочулары өз ойлорун билдирип жатышат:
- Мусави мырза, сиз ишенимдүү утканыңызды айтып жатасыз. Аны кантип билесиз? Көчөлөрдө илинип турган сүрөттөрүңүз сизди колдогондор көп дегенди билдирбейт. Бул – сиздин үгүттөө үчүн акчаңыз көп экенин далилдейт. Мусави мырза, сиз исламга каршы символго айландыңыз.
Дагы бир угарман болсо төмөнкүдөй оюн билдирип телефон чалган:
- Ахмадинежадды колдогон адамдардын аракеттерине өкүнөм. Биздин кандидат – Мусави шайлоону жеңип, ордун кармап калуу үчүн адамдарды өлтүрүүгө чейин барса, анда биз ага каршы көтөрүлмөкпүз, карапайым адамдарды ырайымсыз өлтүрүүгө жол бербейт элек. Себеби андай адам мусулман өлкөсүнүн президенти боло албайт.
Жума күнкү шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларына бийлик репрессиялар менен жооп берди. Реформисттердин, журналисттердин бир канчасы камакка алынды. Кечээ Ирандын “Азаттык кыймылынын” лидери Ибрагим Язды жана белгилүү саясий аналитик Саид Лайлаз кармалышты.
Тегеран бийлиги чет өлкөлүк өкмөттөргө да сес көрсөтө баштады. Шаршембиде бир нече чет мамлекеттик дипломат Ирандын тышкы мекмесине чакырлытып, аты аталбаган америкалык расмий адамдар Ислам жумуриятынын ички иштерине кийлигишип жатышат деген айыптоолор айтылды.
Вашингтон андай сынды четке какты. Ак Үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс президент Барак Обаманын АКШ Ирандын иштерине кийлигишпестен, камтамачылыгын гана билдирип жатат деген сөздөрүн кайталады.
Буга чейин добуштардын айрымдары кайра саналып чыгышы ыктымал деп кабарланды эле. Бирок Мусави жана анын колдоочулары жаңы шайлоо өткөрүүгө гана көнөрүн ырасташууда. Сакчылар кеңеши шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн четке каккан. Бүгүн болсо кеңеш утулуп калган 3 талапкер менен жолугушууну сунуш кылганы белгилүү болду.
Видео тасма.
Тегеран метросундагы нааразылык жыйын
12-июндагы шайлоонун расмий жыйынтыгына макул болбогон ирандыктар Тегеран метросунда чогулуп, бийликке нааразылыгын билдирип жатышты. Жыйынга катышкандардын бири интернет аркылуу таркаткан бул видео тасма кайсы күнү, саат канчада тартылганы маалымдалган эмес. Facebook.