Добуш берүүнү жеңген социалисттер “косметикалык өзгөрүүлөр” жүргүзүлгөнүн айтып, нааразы болушууда. Байкоочулар болсо бийликтеги партия бул өнөктүктөн сабак албаса, 2012-жылкы президенттик шайлоодо да жеңилип калышы мүмкүн дешет.
Франциянын маалымат каражаттарынын дээрлик бардыгы жазгандай, борборчул-оңчулдардын мындай утулушуна өлкө ондогон жылдардан бери күбө боло элек эле. Президент Николя Саркозинин UMP партиясы шайлоо өткөрүлгөн 26 аймактын 23үндө жеңилип калды.
Жалпы жонунан бийликтеги блок добуштардын 35,4 процентин алды, алардын негизги атаандашы – социалисттерге шайлоочулардын 54,1 проценти артыкчылык беришти. Ашынган оңчулдар партиясы – Улуттук фронт (FN) өлкө боюнча 9,4 процент добуш чогултканы менен, өзүнүн салттуу эки чөлкөмүндө 22 проценттен көп добуш алды. Айта кетчү жагдай, 14-мартта болгон шайлоонун биринчи айлампасында да башкаруудагы партия утулган.
Бул жолку шайлоодо өкмөттүн 8 министри ат сатышкан. Алардын бардыгы тең элдин элегинен өтпөй калышты. Францияда министрлер чөлкөм кеңештерине жана алардын төрагалагына шайлана алышат.
Франция жумурияты – бул унитардык мамлекет. Бирок 1982-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, билим берүү, аймакты тейлөө, транспорт, экономика, маданият жана спорт маселелерин чечүү регионалдык кеңештердин карамагына өткөрүп берилген.
Эми президент премьер-министр, партиянын баш катчысы, башка жооптуу адамдар менен мындан аркы кадамдарды талкуулап жаткан кез. Шаршембиде Саркози министрлер кеңешинде шайлоонун жыйынтыктарын чыгарып, болочок стратегияны белгилейт деп күтүлүүдө.
Адатта мындай утулуштан кийин өкмөт башчы кызматынан кетүү арызын берет. Бирок Франсуа Фийон ордунда калчудай. Дүйшөмбүдө Саркози Акитэн аймактык кеңешиндеги орун үчүн ат салышкан эмгек министри Ксавье Даркосту кызматынан алуу менен чектелди.
Бийликтин айрым өкүлдөрү жергиликтүү шайлоонун маанисин төмөндөтүп көргөзүүгө аракеттенишүүдө, башкалары болсо добуш берүүнүн жыйынтыктарын экономикалык рецессия менен байланыштырып жатышат.
- Бул – кризис тушундагы добуш берүү болду. Шайлоо француздар финансылык, экономикалык жана социалдык кризистин кесепеттерин сезгенин көргөздү. Алар бир жагынан эртең эмне болот деп тынчсызданып, экинчи жагынан сабырсыздыгын билдиришти, - деди иммиграция министри Люк Бессон.
Жумушсуздуктун деңгээли өлкөдө 10 процентке жетти, өкмөттүн экономикалык-социалдык саясатына, коопсуздук жана иммиграция маселесин жөнгө салуу ыкмасына нааразылыгын билдиргендер көбөйдү. Президенттин эң популярдуу эмес жана ийгиликсиз саясий иш-чарасы катары улуттук насил-нарк тууралуу талкууну аташууда. Андай дебаттар, шайлоо далилдегендей, акыр аягында улутчулдардын турумдарынын бекемдешине гана алып келди.
Париждик шайлоочулардын бири Саркози добуш берүүдөн сабак алышы керек дейт:
- Француздар шайлоо аркылуу добуш берүүчүлөр Саркозинин саясатын жазалашты. Өкмөт жана Саркози андан сабак алып социалдык тармактагы саясатын жакшыртууга тийиш деп ойлойм.
Шайлоодо жеңилгендер болгондон кийин, уткандар да болот эмеспи. Социалисттик партиянын ички араздашуулардан арылып, биригүүгө багыт алышы жемиш бергендей. Партиянын лидери Мартин Обри шайлоочулар социалисттерге кайра ишеним көргөзө башташты дейт:
- Француздар солчулдардан конкреттүү сунуштарды күтүшөөрүн так айтышты. Алар биз башка коом, башка экономикалык модель, көбүрөөк социалдык теңчилик сунуш кылууга кудуреттүү болобуз деп күтүшөт.
Бийликтеги партиянын жеңилгенине аз келгенсип, профсоюздар аларга дагы бир сынак даярдашты. Шейшембиде өлкө аймагы боюнча кайрадан иш таштоо башталды. Ага негизинен транспорт жана билим берүү тармактарынын кызматкерлери катышууда.