Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

Санарип министрлиги интернеттин үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санарип өнүктүрүү министрлиги тышкы интернет берүүдө маселе жаралганын билдирди. Мындай билдирүүнү мекеменин маалымат катчысы Махтумкули Рысбеков 13-ноябрдын кечинде "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.

"Бул кырдаал Казакстан Республикасынын аймагындагы жогорку деңгээлдеги провайдерлердин көйгөйлөрүнө байланыштуу. Азыркы учурда адистер интернет байланышын туруктуу абалга келтирүү жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат",-деп жазылат билдирүүдө.

13-ноябрдын кечинде кыргызстандыктар интернеттин ылдамдыгы жайлап, айрым учурда такыр иштебей жатканына социалдык тармактарга жазышкан. Mega, Homеline, O! жана башка бир катар мобилдик операторлордун жана провайдерлердин колдонуучуларында интернет байланышында мүчүлүштүктөр болгону байкалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG