Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Байден менен Трамп Ак үйдө жолугушту


АКШнын президенти Жо Байден менен шайланган президент Дональд Трамп Ак үйдө саламдашып жаткан учур. Вашингтон. 13-ноябрь, 2024-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден менен шайланган президент Дональд Трамп Ак үйдө саламдашып жаткан учур. Вашингтон. 13-ноябрь, 2024-жыл.

13-ноябрда Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдө азыркы мамлекет башчы Жо Байден менен жолугушту.

Байден Трампты 5-ноябрда өткөн шайлоодогу жеңишинен кийин Ак үйгө чакырган. Экөө саламдашып, жылуу учурашты.

"Саясат-оңой эмес нерсе, көп учурда бул өтө жагымдуу эмес дүйнө. Ал эми бүгүн бул сонун дүйнө жана мен муну абдан баалайм",-деген Трамп.

Ал бийликтин өткөрүп алуу жараяны салтка ылайык болорун кошумчалады.

Трамп өзү 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Байденге утулуп калганда аны менен жолугуп, бийликти расмий өткөрүп берген эмес.

Шайлоо кампаниясынын маалында Байден Трампты "демократияга коркунуч" катары мүнөздөсө, Трамп Байденди “компетентсиз” деп атаган.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен көп добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи утту. Демократтардын атынан алгач Жо Байден шайлоого аттанып, Трамп менен алгачкы дебатындагы начар көрсөткүчүнөн көп өтпөй анын ордун Харрис баскан.

АКШны 2017-2021-жылдары да башкарган Трамптын инаугурациясы 20-январда өтөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG