Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Социал-демократтардын талапкерлери Атамбаев, Султанбеков милицияда сурак берүүдө


“Социал-демократтар” партиясынан шайлоо штабынын алды. Бишкек. 13-ноябрь, 2024-жыл.
“Социал-демократтар” партиясынан шайлоо штабынын алды. Бишкек. 13-ноябрь, 2024-жыл.

13-ноябрда кечинде Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков сурак берүү үчүн Бишкек шаардык милицияга жеткирилди.

Азырынча Бишкек милициясы бул боюнча комментарий бере элек.

Мунун алдында “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөттү.

Бул окуядан көп өтпөй Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген видео боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Мунун алдында социалдык тармактарда Карамушкина жана Чолпонбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сүйлөшүп жатканы угулат. Видеодо Чолпонбаев Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер экени жазылган. Аудио жазуу качан, кайда жаздырылганы жана аны ким жарыялаганы белгисиз

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында Социал-демократтар партиясынын 39 талапкеринин ичинде Данияр Чолпонбаев жок. Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин VI чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон.

Азырынча бул иш боюнча БШК комментарий бере элек.

Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков суракка алынып кетер алдында Инстаграмдагы баракчасында тинтүүнүн жүрүшүн сырттан тартып көрсөттү. Ал муну "саясий басым" катары баалап, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине жана башка аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууда.

Аймактык реформанын негизинде Кыргызстанда айыл-кыштактар ирилешип, жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда тарап, кайра шайлоо белгиленген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG