4-марттагы макалада "Нью-Йорк Таймс" 54 жаштагы Махмуд Карзайды "Ооганстандагы эң бай ишкерлердин бири" деп мүнөздөгөн эле.
Бирок Карзай өзүн ак эмгеги менен Ооганстандын келечегине кызмат кылган, мыйзамды сыйлаган ишкер деп эсептейт. "Мен эң бай 1 миң оогандын да катарына кирбейм" деп билдирди ал Азаттык менен маегинде.
Махмуд Карзайдын Ооганстанда машина соодасы жана көмүр казуу менен алектенет. Аны сындагандар анын агасы президент Хамид Карзайдын аркасы менен көп сандаган турак-жай фирмаларына жана өлкөдөгү жалгыз цемент заводуна ээ болду деп айтышат.
Махмуд Карзай бул ырастоолорду агасынын саясий оппоненттеринин ойлоп тапканы экендигин билдирди:
– Ооганстанда мыйзамдуу жол менен бизнес жүргүзүш өтө кыйын. Өкмөт менен байланыштарына таянып, уурулук менен алектенгендер гана миллионер боло алат. Менин агам президент болбогондо деле Ооганстандагы менин ишкердигим алга жылмак. Бирок мен өтө сак болууга мажбурмун, анткени менин айыман агамдын саясий чатакка кабылышын каалабайм.
Махмуд Карзай - АКШнын атуулу, анын Калифорния жана Мэрилэнд штаттарында төрт рестораны, бир үйү, машина токтотуучу жайлары жана башка менчиги бар. Буларга ал 2001-жылы АКШ баштаган чабуулдан талибдер куланганда Ооганстанга кайтып келгенге чейин эле ээлик кылчу.
Өзүнүн айтымында, анын АКШдагы байлыгы ал Ооганстанга кайткандан бери көбөйгөн жок, ал эми тапкан пайдасын толугу менен киндик каны тамган мекенин кайра курууга жумшап жатат:
– "Нью-Йоркт Таймс" жазган цемент заводун айта туган болсок, мен бул гезиттин кабарчысына бардык акция кармоочулардын тизмесин бергем. Ал заводдо 4 жарым миң акция бар, мага 300ү гана тийешелүү. Бирок гезит мени ишкананын ээси кылып көрсөтүптүр. Бул туура эмес.
Карзай жана анын беш ишкер шериги АКШнын чет өлкөлөрдөгү жеке менчик инвестиция корпорациясынан миллиондогон доллар карыз алып, Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында ири турак-жай долбоорун ишке ашырып жатат. АШКнын аталган федералдык агенттигине Карзайды мурда Республикачыл партиядан конгресске мүчө болгон Жэк Кемп тааныштырган.
"Нью-Йорк Таймстын" жазышынча, Кемп менен достук алакасы бар Карзай бул долбоор үчүн Кандагар бийликтеринен 10 миңдеген гектар жерди ит бекерге алган.
Бул жерге ээлик кылган ооган армиясы анын башка колго өтүшүнө нааразылык билдирген, бирок Карзай жерди Кандагар шаар бийлигинен мыйзамдуу жол менен алганмын деп ырастады.
Карзай ошондой эле ооган өкмөтүн чет элдик инвестицияны тартуу үчүн бизнес эрежелерин жакшыртууга чакырганын билдирди.
Ооганстанда азыр 19 банк, беш чөнтөк телефон оепратору, 12 сателит телеканалы бар. Махмуд Карзайдын айтымында, анын өлкөсү туура багытта баратат, бирок кошумча реформалар зарыл:
– Элдер абал начар деп өгеле камтама болушат. Ооганстан өзгөчө мезгилди башынан өткөрүп жатат. Ооба, бизге реформалар керек, бизге жаңы экономикалык саясат, жерди колдонуунун жаңы системасы керек.
Махмуд Карзайдын пикиринде, Ооганстандын өкмөтү бардыгына өзү жетише албайт, ошондуктан өлкөнү кайра курууга элге мүмкүнчүлүк жаратышы керек.