Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:07

“Алып баруучу, блогер, саясатчынын балдары, курулушчу”. Бишкек шаардык кеңешине кимдер келди?


Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын өкүлдөрү. Кубанычбек Конгантиев, Эркинбек Салымбеков, Таалайбек Дайырбеков, Казыбек Эргешов, Болот Ибрагимов.
Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын өкүлдөрү. Кубанычбек Конгантиев, Эркинбек Салымбеков, Таалайбек Дайырбеков, Казыбек Эргешов, Болот Ибрагимов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Бишкек шаардык кеңешинде кимдер мандат алары белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык мандаттын көпчүлүгүн "Жаңы күч" (17 мандат) жана "Эмгек" (12 мандат) партиялары алат. Андан кийин "Адилет" партиясы менен "Ынтымак" партиясына 8 мандаттан, ал эми "Эл үмүтү" партиясына 6 мандат тийди.

Беш жыл калаа көйгөйлөрүн чечүүчү Бишкек шаардык кеңешине кимдер келгенин карап, айрымдарынын саясаттагы туугандарын, буга чейинки ишмердигине сереп салалы.

Эскилер топтолгон “Жаңы күч...”

Алгач эң көп мандат алган "Жаңы күч" партиясынын тизмесинен баштайлы.

Кубанычбек Конгантиев.
Кубанычбек Конгантиев.

Партияны баштап барган Кубанычбек Конгантиев билими боюнча юрист. Ал 2012-жылы "Республика", 2016-жылы “Кыргызстан”, 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан шаардык кеңешке шайланып келген. Акыркы чакырылышта төрага дагы болду.

Ар шайлоо сайын партия которгон Конгантиев бул жолу шайлоо алдында түзүлгөн “Жаңы күчтү” жетектеп келди. 44 жаштагы Кубанычбек Конгантиев - мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу. Кубанычбек Конгантиев атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин баласы Тай-Мурастын өкүл атасы экени белгилүү.

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов жана анын депутаттыкка талапкер уулу Айдар Суракматов.
Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов жана анын депутаттыкка талапкер уулу Айдар Суракматов.

Андан кийинки 29 жаштагы Айдар Суракматов - мурдагы мэр Азиз Суракматовдун уулу. “Елизавета” курулуш компаниясынын ээси Азиз Суракматов өзү дагы шаардык кеңеште депутат болгон. 2018-2020-жылдары калааны башкарган Суракматов 2021-жылы “коррупция” жана “мыйзамсыз баюуга” шек саналып кармалып, казынага 150 млн сом төгүп абактан чыккан.

35 жаштагы Жаныбек Абиров кайрадан шаардык кеңешке келди. Ал 2016-жылы СДПК партиясынан Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. 2018-жылы шаардык кеңеште төрага дагы болуп шайланган. 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келип, 2023-жылы кафедеги мушташка катышкандан кийин мандатын тапшырган. Абиров – өлкөдөгү ири ишкер, маркум Болотбек Абировдун уулу.

"Жаңы күч" партиясында Курманбек Бакиевдин тушунда президент аппаратын жетектеген Үсөн Сыдыковдун небереси, Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбеков дагы мандат алды. 33 жаштагы Бактыбеков буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде “Республика-Ата-Журт” жана “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутат болуп келген. Ата-бала Сыдыковдор өлкөдө ири компанияларга ээлик кылышат.

Мандат тийгендердин дагы бири 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан шаардык кеңеште депутат болгон 35 жаштагы Таалайбек Жакыпов бар. Ал 2012-жылы ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы болгон. Жакыпов 2013-жылы үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгында күнөөлүү деп табылып, 11 жылга соттолгону белгилүү. Буга чейин депутат болгон учурда бул маселе көтөрүлүп, ал соттуулугу алынганын айтып чыккан.

35 жаштагы Жумалиев Чынгыз буга чейин Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат болгон. Ортодо “Бишкексууканал” ишканасын дагы жетектеди. Ал Улуттук статистика комитетинин жетекчисинин орун басары - Зайнидин Жумалиевдин уулу. Ошондой эле “Жаңы күчтө” мандат алгандардан 50 жаштагы Татьяна Кузнецова 2019-жылы Бишкекте вице-мэр болгон.

Айтор, "Жаңы күчтүн" катарында буга чейин башка партиялар менен Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон он чакты киши кайрадан мандат алды.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн беш партиянын ичинен “Эл үмүтүнөн” башкасынын шайлоо алдында БШКга берген тизмеси мандат бөлүштүрөрдө өзгөртүлдү.

Маселен, “Жаңы күчтө” 51-тизмедеги Жаныбек Абиров шайлоодон кийин 7-болуп мандат алат. Абиров тизме боюнча “Азаттыкка” “партиянын ички чечимдери, эч ким нааразы болгон жок” деп жооп берди. Ал “Жаңы күч” партиясында жалаң кесипкөйлөр чогулган деп сыпаттады:

Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

“Коомдо дайыма ар кандай ой-пикирлер боло берет. Ага дагы көңүл бурабыз. Бирок баардыгы тажрыйбалуу адамдар экенин айтып кетейин. Шаарда көптөн бери жашап, жакшы билгендер. “Жаңы күчтө” ар биринин өзүнүн округдары бар. Мага эң көп добуш берген Ленин району. Алымбек Бактыбекович Ак-Ордо, Ак-Өргө конуштарында иштейт. Ильяз Чалов Калыс-Ордо, Ак-Босого, Мурас-Ордодо көп иш кылган”, - деди Абиров.

Салымбековдун “Эмгеги...”

Бишкек шаардык кеңешине 12 мандат алган "Эмгек" партиясын өлкөдөгү белгилүү олиграх Аскар Салымбеков түптөгөнү белгилүү.

Бул партияда парламенттин мурдагы депутаты, Аскар Салымбековдун агасы Мамытбай Салымбековдун уулу Эркинбек Салымбековго мандат тийди. “Дордой Дыйкан” базарынын директору, 49 жаштагы Эркинбек Салымбеков 2021-жылы “коррупциялык схема” уюштурган деген айып менен кармалып, кийин 100 млн сом төлөп абактан чыккан. Эркинбек Салымбековдун иниси Жумабек Салымбеков Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңеште депутат болуп отурат.

“Эмгектин” лидери 40 жаштагы Элмир Досалиев 2016-жылы "Республика - Ата-Журттан”, 2021-жылы “Эмгек” Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. Ал Транспорт министринин мурдагы орун басары, экс-депутат Досалиев Акуналынын баласы.

Сегизден мандат алган “Ынтымак” менен “Адилет”

Сегиз мандат алган “Ынтымак” партиясында буга чейин шаардык кеңеште “Ата-Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынан депутат болуп келген Таалайбек Сариев дагы бар. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаевдин иниси.

Бул партиядагы 34 жаштагы Жибек Шарапова – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Закир Шараповдун кызы. Ачык маалыматтарда ал жеке ишкер экени жазылган. 38 жаштагы Марат Аскеров - Кесиптик кошуундар федерациясынын мурунку жетекчиси Мирбек Асанакунов менен Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын уулу. Марат Аскеров 2019-жылы машина алып-сатуу боюнча кылмыш ишинде аты аталган.

Ушу эле партияда мандат алган Казыбек Эргешов 2024-жылы июль айында жолтандабасын мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн айып төлөгөн. Ал аны кармаган инспектор менен кайым айтышып жаткан видеосу тарап, социалдык тармакта эл өкүлүнүн жүрүм-туруму сынга алынган.

Парламентте тогуз мандаты бар “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев түптөгөн.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Партиянын лидери катары элге берген убадаларына көзөмөл кылам. Ал эми ички иштерине, добуш берүүсүнө кийлигишпейм. Өзүңөрдүн жумушуңарды өзүңөр карагыла деп сүйлөшкөнбүз. Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңеште дагы фракция болгондуктан убадаларды аткарууга оңой болот”, - деди Маматалиев.

2020-жылы түзүлүп, бирок эми гана шайлоолорго катыша баштаган “Адилет” партиясын Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Сулайманов менен Кубанычбек Самаков сүрөп жатканы белгилүү болгон. Экөө тең парламенттин мурдагы депутаттары Нурлан Сулайманов менен Карганбек Самаковдун балдары. Шайлоо алдында парламент депутаты Кубанычбек Самаков "Адилет" партиясын достору үчүн гана колдоп жатышканын “Азаттыкка” айтып берген эле. “Адилеттен” мандат алчулардын мурдагы шаардык кеңештин депутаттары, ишкерлер болду.

“Эл үмүтү” акыры мандатка илинди

Алты мандатка илинген “Эл үмүтү” партиясынан бир эмес эки белгилүү блогерге мандат буюрду. Алар - президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Болот Ибрагимов жана журналист Улукбек Карыбек уулу. Партиянын лидери Аскар Алмаз уулу ыктыярчы катары таанымал. 41 жаштагы белгилүү алып баруучу Нурзат Исакова (Нурзат Токтосунова) дагы мандат алды. Буга чейин бир нече шайлоого катышып келген “Эл үмүтү” партиясын президенттин жакын адамдары менен байланыштырып жүрүшөт. Нурзат Токтосунова буларга токтолду:

Нурзат Токтосунова.
Нурзат Токтосунова.

“Саясатка баруу дымагым мурдатан эле бар болчу. Мунусунда кудай колдоп, өттүк. Алты мандат алдык, колдон келишинче иштейбиз. Биздеги балдардын баарынын эле изги тилектери бар. Жеке мен кудай алдында жакшы иштеп берейин деп баратам. Президенттин биздин партияга байланыштуу дегендерине мен президенттин жакындарын, тааныштарын партиядан көргөн жокмун деп айтам”, - деди.

Токтосунова партия президенттин жакындары менен байланышы жок экенин кошумчалады.

Курулуш компаниянын өкүлдөрү

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин курамында курулуш компаниянын өкүлдөрү бар деген сындар айтылып келген. Жаңы чакырылыштагылардын кимиси курулуш тармагына тиешелүү экенин ачык булактардан карап көрдүк.

Жогоруда атап өткөндөй, “Жаңы күч” партиясынан мандат алган 29 жаштагы Айдар Суракматов - “Елизавета” курулуш компаниясынын ээси, мурдагы мэр Азиз Суракматовдун уулу. Ушул эле партиядан Таалайбек Жакыпов “Мегастрой КейДжинин” мурдагы негиздөөчүсү экени белгилүү. “Эмгек” партиясынан мандат алгандардын бири Султан Жапиев "СК Перспектив" ишканасын негиздеген. “Адилет” партиясынын тизмесиндеги Бекжан Усеналиев “Консорциум строй” ишканасынын аткаруучу директору болгон. “Ынтымак” партиясынынан мандат алган Марат Аскеров - “Бай Сервис Девелопмент” ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

“Баягылар эле келди”

Дал ушул шаардык кеңеште курулуш лоббиси болбош керек деп билдирип келген Социал-демократтар партиясынын шайлоодон четтелип, анын лидери Темирлан Султанбековдун “добуш сатып алуу” беренеси боюнча камалганы бул шайлоону кызыткан окуялардын бири болду.

Султанбеков тергөө абагынан кат жазып, анда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге "Жаңы күч" партиясы жана анын башчысы Кубанычбек Конгантиев боюнча кайрылган. Конгантиев уулу Тай-Мурастын өкүл атасы экенине карабай, Ташиевди добуш сатып алуу фактыларынын баарын текши текшерүүгө, алардын дагы жүйөсүн угуп, баарына бирдей мамиле кылууга чакырган. Ташиев буга байланышту үн каткан жок. Ал эми "Жаңы күчтүн" лидери Конгантиев Султанбековдун дооматтарын четке каккан болчу.

Ага чейин үгүт учурунда Социал-демократтар партиясы менен "Жаңы күч" партиясынын ортосунда чыр чыкканы белгилүү. Социалдык тармактарда тараган видеодо үгүт кампанияларынын биринде Султанбеков “Жаңы күчтөн” талапкер, мурдагы мэр Азиз Суракматовдун баласы Айдар Суракматовду сындап жатканын көрүүгө болот.

Социал-демократтар партиясы шайлоодон четтелишин “саясий буйрук” деп атады. Партия мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бийлик шайлоолорго партиясын катыштырбайт деп билдирген. Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын тизмесин карап, дээрлик көпчүлүгү бийликтин саясатын колдойт десек болот.

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна байкоо салган жарандык активист Мавлян Аскарбеков мындай деди:

“Чынын айтканда, өзгөрүү болот деп күткөм. Жаңы адамдар, жаңы муундун өкүлдөрү келет ко дегем. Ташиев дагы бийликтин партиясы катышпайт деп чакырык таштаган. Бийликтин партиясы болбосо реалдуу саясатчыларга шарт түзүлөт ко дегем. Бирок азыркы реалдуулук, акыркы бекиген тизме көрсөттү - баягы эле саясатчы, аткаминер, коррупционердин балдары, кыздары, неберелери тизме менен өтүп келди”, - деди Аскарбеков.

Бийлик мындан ары шайлоолор акыйкат өтөөрүн айтып, жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырып келди. 17-ноябрда президент Садыр Жапаров журналисттерге сүйлөп жатып, жергиликтүү кеңештин маанисине токтолгон:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Ал мен үчүн эмес, өзү үчүн добуш берет, анткени ошол шайланган депутат беш жыл бою шайланган аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Эгерде коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, ошондуктан азыр таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү”, - деди Жапаров.

Ал ортодо Exclusive.kg ютуб каналы Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин үй-бүлөсүнөн төрт киши Токмок шаардык кеңешине депутат болуп келгенин жазды.

Бишкек шаардык кеңешинин соңку бир нече чакырылышына дагы кесипкөй эмес, калаадагы бизнес кызыкчылыгын коргоо үчүн келген ишкерлерден куралган деген сын айтылып келген. Шаардык кеңештин курамынын басымдуу бөлүгүн курулуш бизнесинин ээлери жана жогорку бийликтегилердин жакындары түзөрү жөнүндө иликтөөлөр жарыяланган.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин - 33 шаардык кеңештин жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Шерине

XS
SM
MD
LG