Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Орус рублинин артынан казак валютасы да наркын жоготууда


Орус рублинин артынан казак валютасы да наркын жоготуп жатат. “Азаттыктын” казак редакциясы маалымдагандай, АКШнын бир доллары акча алмаштыруучу жайларда 518 теңгеге сатылууда.

28-ноябрда эртең менен Казакстандын фондулук биржасында бир доллар 503 теңгеге бааланып, кийин 509-510 болуп калды.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 500,42 теңге деп белгиленген. Айдын башында расмий курс 488,26 тенге болчу.

Казакстанда теңгенин куну качканда адатта импорттук товарлар кымбаттайт. Мунай экспорттоочу бул өлкө чет мамлекеттерден электроника жана башка жабдыктарды гана эмес, эл керектөөчү товарлар менен азык-түлүктү да алып турат.

Ал эми Орусиянын Борбордук банкы бейшембиде АКШнын бир долларын 108 рублга баалаган. Ошентип, америкалык валюта бир суткада дээрлик 3 рублга кымбаттады.

Орусиялык экономисттер улуттук акчанын арзандап жатышын орусиялык банктарга, анын ичинен "Газпромбанкка" салынган санкциялардан жана тышкы саясий кырдаалдын курчушунан, асыресе Украинадагы согуштун эскалациясынан көрүшөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG