Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Минскидеги жардырууга шектүүлөр кармалды


Бул тууралуу Беларустун баш прокурорунун орун басары Андрей Швед журналисттерге билдирди.

11-апрелде Минскиде метродогу жардырууда набыт болгон 12 кишинин 8нин сөөгү аныкталды. Жарадар болгон 150 кишинин 40тайы өтө оор абалда.

Жардыруунун күчү тротил эквиваленти боюнча 5-7 киллограм деп бааланды. Жардыруучу түзүлүш майда метал бөлүкчөлөр менен толтурулуп, «Октябр» метро бекетиндеги отургучтун алдына коюлуптур.

Адистердин пикиринде, жардыруучу түзүлүш дүрмөттөлүп тажрыйбасы жок бирөөлөрдүн колунан чыккан.

Президент Лукашенко болсо дүйшөмбүдөгү кооптуу окуяны 2008-жылы өзү катышкан концерт маалында ишке ашкан жардыруу менен байланыштырды.
13-апрел Минскиде аза күтүү күнү деп белгиленди.

XS
SM
MD
LG