Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:21

"Абалы оор болчу". Аксыда аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абаддын Аксы районунда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып күйөөсү камакка алынды. Маркум 9-январда Үч-Коргон айылдык ооруканасына “Тез жардам" кызматы менен денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, алган жараатынан улам ошол жерден жан берген.

Аялдын жакындары ал мурдараак да күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, ооруканага жатып чыкканын айтып беришти. Бирок анда эч ким милицияга кайрылган эмес.

10-январга караган түнү саат 01:30 чамасында "Тез жардам" кызматы Аксы районунун Үч-Коргон айылдык ооруканасына денеси көгала, эс-учун жоготкон 51 жаштагы аялды жеткирген. Медициналык мекеменин башкы дарыгери Назира Курбанбаеванын айтымында, аял эртеси күнү каза болуп калган:

“Жараатынан улам аял эртеси саат 9:22де ооруканада жан берген. Дарыгерлер райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кабарлашкан. Аялдын денеси бүт эле көгала так болгон. Атайын дарыгерлер да келип карашты. Бирок анын өмүрүн сактап кала алган жокпуз”.

Милиция кылмышка шектүү катары маркум аялдын күйөөсүн камакка алды.

Аксыдагы бул каргашалуу окуя үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси коомдогу курч көйгөйлөрдүн бирине айланганы тууралуу талкууну кайрадан козгоду.

Ур-токмокко кабылган карындашы 10 күндөй мурун эле катуу сабалып, анда да ооруканага жатып чыкканын маркумдун бир тууган агасы Кубатбек Мырзалимов айтып берди:

“Карындашым турмушка чыгып жашап жатканына 30 жылдан ашты. Үч баласы бар. Алгач күйөө балам 30-декабрда мас келип, карындашымды сабаган. Анан жакын туугандар ооруканага алып барган. Ошондо да абалы оор болгон экен. Кийин 8-январь күнү үйгө чыгарылган экен. Ошол күнү дагы күйөө бала мас келип, кайра сабаптыр. Ошондо ооруканага кайра барып, эртеси өлдү...”

"Карындашым аман калмак"

Маркумдун агасы ошол 30-декабрдагы окуя боюнча ооруканадан милицияга маалымат берилбегенин, өзү алыста жүргөндүктөн кабары болбогонун айтты:

“Эмнеге биринчи токмок жеп Шамалды-Сайга жаткырылганда милицияга кабар беришкен эмес? Андай окуялар дароо милицияга жетиш керек эле. Анткени мен да мурун милицияда иштеген кызматкер катары билем. Же окуяны жаап-жашырыш үчүн токтотушкан го. Анткени күйөө баланын акеси Таш-Көмүр шаардык милициясында иштейт. Ошентип, ооруканадан чыгарып коюшкан да. Эгер ошондо милиция көзөмөлгө алганда, экинчи жолку окуя катталбай, карындашым аман калмак экен деп ойлоп жатам”.

Окуянын чоо-жайын шектүүнүн жакындарынан же адвокатынан угууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Шамалды-Сай жалпы дарыгердик практика борборунун башкы дарыгери Манас Медерканов маркум аял 31-декабрга караган түнү ооруканага кайрылганын ырастады. Бейтап бул мекемеде сегиз күн дарыланган.

Дарыгер ооруканага сабалып келген аял тууралуу милицияга кабарлабай койгон кызматкерлеринин жоопкерчилиги караларын айтууда:

“Аны иниси алып келген. Абалы жакшы эле болгон. Өзү басып келди. Мээси чайкалып калгандыктан бизде 8-январга чейин жатты. Кийин үйүнө чыгарганбыз. Жолдошунун ур-токмогуна учураганы жазылып турат. Бирок биздин кызматкерлер милицияга кабарлабай коюшкан экен. Эми алардын жоопкерчилиги каралып жатат”.

Кооптуу статистика

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза болгонун былтыр августта "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан билдиришкен. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын биринчи жарымында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон. 2024-жылы жаш келиндер мыкаачылык менен күйөөсүнүн колунан ажал тапкан үрөй учурган бир нече окуя коомчулукту нес кылган.

Зомбулукту алдын алууга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлерине нааразылык көп айтылып келет.

Өткөн жыл соңунда Бишкекте өткөн Элдик курултайда дагы бул маселе көтөрүлүп, президент Садыр Жапаров балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алган. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын белгилеген.

Асел Ногойбаева: Запкы жеген аялдарга жардам бергим келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:20 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG