Түндүк Кавказдагы Орусияга караган Чеченстан жана башка жумурияттарда кыз-келиндерди күчтөп күйөөгө берип, аларды “салт-санааларды” сактоого милдеттендирүү уланууда.
Бул республикада кыз-келиндер окуганга, иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, күйөөcү уруп-сабаса дагы ажырашып кете албайт жана көңүлүнө жаккан адамга турмушка чыга албайт. Андан тышкары, “Кавказ. Тынчтык. Өнүгүү” деп аталган иликтөө борборунун маалыматына ылайык, аймакта ушул күнгө чейин “ар-намысты коргоо” деген шылтоо менен жакындары кыз-келиндерди өлтүрүп койгон учурлар катталат.
“Кавказ түйүнү” ("Кавказский узел") басылмасынын эсебине караганда, 2023-жылы мындай шылтоо менен 31 аял өлтүрүлгөн. Алардын 22сине “жосунсуз жүрүм-турум”, “салт-санаага шек келтирди” деген болбогон шылтоо менен өкүм чыгарылган. Көп учурларда “ар-намысты коргоо үчүн өлтүрүү” кыз-келиндерди коркутуп-үркүтүү үчүн колдонулуп, зордуктоо, опузалоо сыяктуу башка кылмыштарды жаап-жашырууга жол ачат.
“Север. Реалии” долбоорунун кабарчысы чеченстандык Ада (аты-жөнү өзгөртүлгөн) менен маектешкен. Аны ата-энеси күчтөп күйөөгө берерде өзү жашаган айылдан окууга барам деп Петербургга качып кеткен. Ал жактан чет өлкөгө чыгып кетип, азыр Европада жашайт. Аданын айтымында, анын айылында эле соңку жылдары “ар-намысты коргоо” деген шылтоо менен бир нече кыз-келин өлтүрүлгөн.
"Аталаш тууганы же таякеси кызын өлтүрүп койгонун билишет"
Ада Чеченстандагы айылдардын биринде төрөлүп-өскөн. Айтымында, үй-бүлөсүндө бардык чечимди атасы гана кабыл алчу. Ал эми кыздар үйдөгү эркектердин айтканына баш ийип келишкен. Кыз-келиндер өз оюн ачык айтып койсо дагы бул адаттан тыш жорук катары саналып, катуу жазага тартылышчу.
Ада чеченстандык Седа Сулейманованын өлүмүнө байланыштуу коомдун реакциясын окугандан кийин үйдөн качуу тууралуу ойлоно баштаган.
Седа Сулейманова дагы Петербургга жакындарынан качууга аргасыз болгон. 2023-жылы жайында туугандары чечен полициясынын жардамы менен уурдап, күч менен Чеченстанга кайтарышкан. Седанын достору жана укук коргоочулардын боолгоосуна караганда, анын туугандары "намыска шек келтирди" деп аны өлтүрүп койгон болушу мүмкүн. Тергөө комитетине жапырт кайрылуулардын жана кеңири коомдук кампаниянын жардамы менен 2024-жылы март айында кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду.
Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ошентсе дагы зордук-зомбулуктун курмандыктарын коргоо менен алектенген “СК СОС” уюмунун маалымат катчысы Александра Мирошникованын пикиринде, Седа Сулейманованын окуясынын коомдук талкууга чыгышынын кандайдыр бир натыйжасы бар.
“Мен муну “домино эффекти” деп айтар элем. Коомго ачык чыккан кандай гана окуя болбосун, бизге кайрылгандардын санын кескин көбөйтөт. Балким, айрымдар мурда эле качып кеткиси келгендир. Алар Седанын окуясын уккандан кийин качып кетүүгө болорун түшүнүштү. Алар ар-намысты коргоо шылтоосу менен жок кылып коёрун гезиттен гана окуп калган эмес. Кыздар мындай окуялар тез-тез кайталанбаса дагы бул кадыресе көрүнүш катары калыптанган чөйрөдө жетилип жатышат. Алар бакубат үй-бүлөлөрдө жашап, мындай көрүнүшкө өзүлөрү туш болушпаса да бала чагынан “аталаш тууганы же таякеси өз кызын өлтүрүп койгонун жана бул үчүн эч кандай жаза албаганын” угуп чоңоюшат", - дейт Мирошникова.
19 жаштагы Адан туулган айылында бир да кыз өзү каалагандай жашабай турганын айтып берди:
“Үй-бүлөсүндө катуу кармабаса дагы патриархалдык баалуулуктар үстөмдүк кылган курбуларым бар эле. Менин туугандарым үчүн үй-бүлөнүн намысы жана аялдардын эркектерге баш ийүүсү биринчи орунда. Ата-энемдин көз карашынан алганда, мен тил алчаак кыз, андан кийин күйөөсүнө баш ийген, үй-бүлөсүн биринчи орунга койгон аял жана эне болушум керек эле. Бүтүндөй өмүрүм ушундай эрежелерден чыкпай өтүшү абзел болчу. Чектен бир аз эле чыксаң, үй-бүлөнүн намысына шек келтирүү катары саналчу", - дейт Ада.
“Ар-намысты коргоо” деген шылтоо менен Чеченстанда жакындары кыз-келиндерди өлтүрүп саларын Ада жакшы билчү. Интернеттен эмес, өз айылында эле мындай бир нече учур болгонун эстеди:
“Бир кыз үйүнөн качып кеткен. Сөөгүн эки айдан кийин табышты. Баары аны жакындары өлтүрүп койгонун билишчү, бирок бул тууралуу эч ким ачык айткан эмес. Дагы бир кызды күч менен күйөөгө берип салышкан. Ал каршы чыкканда, “ар-намыска шек келтирдиң” деп өлтүрүп салышкан. Бул окуялар тууралуу шыбырап дагы талкуулашчу эмес, бул жөн гана биздин реалдуулуктун, биздин жашоонун бир бөлүгү болчу”, - деген Ада анын үй-бүлөсү дагы качандыр бир убакта ушундай эле кадамга бармак деген ойдо. Буга чейин ал бир нерсеге макул болбой койсо, үй-бүлөсү уруп-сабап, үйдөн чыгарбай камап койгон учурлар болгонун эскерди.
Мындай жазага кимдир бирөө менен сүйлөшүп койгондор кабылып келген. Ошондуктан ал 18ге чыгары менен үйдөн качууну чечкен.
“17 жашка чыкканымда өзүмдөн 10-12 жаш улуу кишиге күйөөгө бермек болушту. Мен аны жакшы билчү эмесмин. Нике кыйылганга чейин аны менен сүйлөшүүгө деле мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал жакындарыбыздын таанышы болчу жана ата-энем каалагандай күйөө бала эле. Мен ага турмушка чыгуудан баш тарттым. Бул атам менен агамды абдан кыжырдантты. Алар мени сабап, үй-бүлөнүн намысына шек келтиргенимди айтып жатышты. Мен абдан оор абалда калдым, моралдык жактан дагы... Өзүмдү аябай алсыз сездим. Ошондо гана качып кетпесем, күйөөгө берип же өлтүрүп салышарын түшүндүм”,- дейт Ада.
Ада апасы кызына кол көтөрбөгөнү менен, коргой албаганын да кошумчалады. Муну ал апасынын да жүрөгүнүн үшүн алып койгону менен түшүндүрөт. Кийин ал Чеченстандан кетип, Петербургга окууга тапшырууну чечип, буга ата-энеси да макул болгон. Петербургга баргандан кийин Ада андан ары сыртка чыгып кетүүгө далалаттана баштаган:
“Мен бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын деп чечтим. Анткени жаңы жашоо үчүн жалгыз жол ушул эле”,- дейт ал.
Аданын ата-энеси кызын Петербургга жиберүүгө кантип көнүп калды деген суроого укук коргоочулардын жообу даяр. Буга таң калбай эле коюу керек дешет.
Алардын айтымында, чеченстандык ата-энелер Петербургдагы туугандары аркылуу кызын катуу көзөмөлдөп, адаттан тыш жүрүм-турумун байкаса, полициядагы тааныштарынын жардамы менен Чеченстанга кайтарып аларын баары эле билет. Мирошникова аралыктан “көзөмөлдөө” тажрыйбасы чечен үй-бүлөлөрүндө кеңири жайылганын эске салды:
“Ошондуктан жакындарынын уруксаты менен кыз-келиндер Москва же Петербургга кеткенде, ата-энеси бул шаарлардагы диаспоралардагы тааныш-билиштеринен аларды көзөмөлдөп турууну суранышат. Дагы бир “Айшат кейси” деген окуя бар. Ал туугандарынын үйүндө турчу. Бул аны көзөмөлдөн чыгарбоонун бир жолу эле. Ал батирге чыкканда, туугандары кирип барып, уруп-сабап кайра Дагестанга алып кетишкен. Мындай учурлар да көп кездешет. Кимдир бирөө качып кетсе, жергиликтүү диаспораны бүт көтөргөн учурлар болгон. Ошондуктан Түндүк Кавказдагы республикалардан чыккан кыздарга Орусияда калуу кооптуу”, - дейт ал.
Жаңы жашоо
Чеченстандан кеткенден кийин Ада андан ары дагы чыгып кетиш керек экенин, Орусияда калуу мүмкүн эмес экенин түшүнгөн. Петербургга жеткиче эле ал укук коргоочу-активист, эмигранттардын укугун коргоо менен алектенген “Искра” уюмунун жетекчиси Гера Угрюмова менен байланышкан.
“Мен ызы-чуу болуп, коомго окуямдын ачык чыгышын каалаган жокмун. Кээ бирөөлөр дал ошентип ызы-чуу кылып, укук коргоочулардын жардамы менен чыгып кетишти. Мен антсем, жакындарым эки эсе көбүрөөк издей турганын билдим. Мага коопсуз жай табуу зарыл эле”, - дейт Ада.
Гера Угрюмованын айтымында, укук коргоочулар Адага “Мамлекеттик кызматтар” онлайн тейлөө кызматында аккаунт ачып, паспортко буйрутма берүүгө жардам беришкен.
Бактыга жараша, паспорт анын колуна эки айда тийген. Бул Чеченстанда төрөлгөндөр үчүн өтө сейрек көрүнүш. Анткени бул жумурияттан чыккандарды адатта көпкө текшеришет.
Паспортун алган соң Ада Италияга кетүүнү чечкен.
“Аданын Евробиримдик өлкөлөрүнө визасы жок эле. Ал эми Италияга транзит катары кирип, башпаанек сураса болот. Италияда зордук-зомбулуктан жабыркагандарды атайын коргоо чарасы каралган. Үчүнчүдөн, биз италия тилин билгендиктен, алардын чек арачылары менен сүйлөшө алмакпыз”, - дейт Гера.
Ада мурда чет өлкөгө чыкпагандыктан, кийинки жашоосу кандай болорун ойлоп санаа тартканын айтты. Бирок өзүнүн жакындарынын көрсөтө турган зомбулукту эстегенде эч нерсеге карабай Италияга кирүүгө бел байлаган. Ашыкча шек жаратпоо максатында татаал маршрутту тандап, Петербург - Стамбул - Рим - Каир аба каттамына билет алган.
“Абдан тынчсызданып жаттым. Чек арада токтотуп калышпаса экен же кимдир бирөө качып баратканымды билип калбаса экен деп кооптондум. Бактыга жараша, эч кандай олуттуу көйгөй болгон жок. Стамбулда мага Египетке түз отурууну сунушташты, бирок Максим (“Искра” укук коргоо уюмунун кызматкери) менин Рим аэропортундагы duty-freeге барууну каалап жатканымды айтты. Ошондо гана Римге учакка отургузушту", - дейт Ада.
Римде Ада чек арачыларды Угрюмова менен байланыштарган.
“Адатта англисче эптеп сүйлөгөн бирөө келет. Биз ага "чек арачыларды көрөрүң менен бизге чал" деп эскертебиз. Алар менен сүйлөшүп, бул Орусиядан барган адам, абалы мындай деп түшүндүрөбүз. Ошондой эле аларга анкета толтурганга жардам беребиз", - дейт Угрюмова.
Рим аэропортунан Ада Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн борборго барган.
Анткени, жергиликтүү укук коргоочулар чечен кыз-келиндеринин көйгөйү тууралуу билишет жана аларды дароо кабыл алып, кам көрүшөт. Укук коргоочулар да ушуну билгендиктен, аларга Италияга барууга кеңеш берет.
Учурда Ада дал ошондой борбордо баш калкалап жатат. Эми ал баш паанек алуу үчүн документтерин тапшырып, тил курстарын окушу керек. Аны аяктагандан кийин гана расмий иш издөөгө кирише алат.
"Качып чыккандан кийин жеңилдеп калдым, бирок коркуп жатам. Эркиндик мага күч берди, бирок санаркоодон арылган жокмун. Мени таап алышcачы, өткөндөн кутула албай калсамчы деп корктум. Күн өткөн сайын өзүмдү күчтүү сезип баратам. Мага бул жакта жардам берип жатышат. “Искрадан” бул жакка кайрылсам болорумду айтышкан. Албетте, алдыда оңой эмес күндөр күтүп турат. Бирок көнүп кетериме ишенем. Азыр аты-жөнүмдү жашырганга аргасызмын. Бирок кийин коркпой калганда аты-жөнүмдү ачыктай алам”, - дейт Ада.
Александра Мирошникованын айтымында, Түндүк Кавказдан качкандар үчүн чет өлкөлөр толугу менен коопсуз деп айтууга болбойт.
“Чет жактан кызды күч менен алып келген учурлар болгон эмес. Бирок аракеттер катталган. Маселен, Арменияда. Бирок Европа мамлекеттеринде төрөлгөн кыздарды Орусияга алып кеткен учурлар болгон. Мисалы, Селима Исмаилованын окуясын алсак. Ал немис жана чечен тилинен башка тилде сүйлөбөсө да алып кетишкен. Андай учурларда жакындары адатта кыздарды уурдашпайт, кандайдыр бир шылтоо менен Орусияга чакырып, анан коё бербей коюшат", - дейт Мирошникова.
Укук коргоочулар бул кыздардын тарыхын айтып-жазуу маанилүү деп эсептешет. Алардын баамында, бул окуялар тууралуу уккан-көргөн башка кыздарга зомбулуктун туура эмес экенин, ага каршы күрөшүү керектигин, качып чыккан учурда кодулоо эмес, колдоо табарын жеткирүү керек. Жакында эле Евробиримдиктен баш калка алуу үчүн зордук-зомбулук негиз боло алары жарыяланган. Бирок ал кандай иштей турганы азырынча беймаалым.
"Север.Реалии" долбоорунун кабарчысы Лукас Жалалистин макаласын Элиза Кененбаева которду.