Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Социал-демократтардын тизгини колуна тийген Темирлан Султанбеков деген ким?


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешинде шайлоодон четтетилип, төрагасы Темирлан Султанбеков "добуш сатып алуу" беренеси менен камакка алынды. Ал 26 жашта, саясатка эрте аралашкан, учурда "Социнтерн" эл аралык бирикмесинин вице-президенти.

Айрым байкоочулар Султанбековдун курчтугун, тайманбастыгын, билимдүүлүгүн, чукугандай сөз тапкан тапандыгын белгилесе, кээ бирлери анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ашкере мактап, актап-жактаганын жана анын бийлигинин тушундагы негизги кемчиликтерге көз жуумп жүргөнүн айтышат.

Социал-демократтар партиясы Бишкектеги шайлоодо үгүт иштерин жигердүү жүргүзүп жаткан. Анын лидери катары Темирлан Султанбеков эл менен тынбай жолугушууларды өткөрүп, кеңири маектерди берип, соцтармактарда пикирин байма-бай билдирип жүргөн.

"Мен өзүмдү оппозициядай сезбейм деп айттым"

Султанбеков соңку маектеринин биринде шайлоого катышып жаткан себебин билимин, тажрыйбасын шаарды өнүктүрүүгө жумшагысы келгени менен түшүндүргөн. Өлкөдөгү көйгөйлөрдү көз жаздымда калтырбасына токтолуп, ошол эле маалда өзүн оппозиция деп эсептебей турганын да белгилеген.

Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

"Кандай гана маселе болбосун, биз ал көйгөйлөр тууралуу пикирибизди айтып келе жатабыз. Кемпир-Абад маселеси болобу же желекти өзгөртүүбү, журналисттердин камалышы тууралуубу, оюбузду айтып жатабыз. Ошол эле учурда жакшы нерселерди дагы, ооруканалардын, мектептердин салынганын да айтып жатабыз, талдап, билдирүү жасап жатабыз. Кыргызбыз да, кыргыз болгондон кийин биринчи кезекте өзүбүздүн мамлекетибиз тууралуу дагы көбүрөөк ойлонушубуз керек. Мен азыр айтып жатам: мени Педро Санчостон (Испаниянын премьер-министри) баштап Олаф Шольцко (Германиянын премьер-министри) чейин, Гуттеришке (БУУнун баш катчысы) чейин пайдаланып, колдонуп жатат. Кыргыздарга мен акысыз иштеп берейин, кыргыздар дагы мени пайдалансын деп жатам. Анткени жашпыз, билимибиз бар. Шаардык кеңеш - бул маанилүү жер. Анткени Бишкекте 1,5 миллиондон ашык адам жашайт. Бул шаар өтө маанилүү, туура багытта өнүктүргөнгө чоң аракет кылышыбыз керек. Бизди оппозиция деген боюнча айтсам, мен бир жолу Садыр Жапаров менен сүйлөшүп калгам, ал киши дагы "мына силер оппозициясыңар" деп айтты. Мен ага өзүмдү оппозициядай сезбейм деп айттым. Себеби бизде, Кыргызстанда "оппозиция" түшүнүгү сөзсүз түрдө бийликке каршы, бийликти алмаштыргысы келет дегенди билдирет. Бизде болсо мындай нерсе такыр жок. Тескерисинче, биз көптөгөн иш-чараларды колдогонго даярбыз, колдоп деле келе жатабыз".

Темирлан Султанбеков 26 жашта, ал Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулуп өскөн. Атасы - Куралдуу күчтөрдүн ардагери, Башкы штабдын башкармалыгын да жетектеген, полковник. Ал эми апасы - Чек ара кызматынын отставкадагы офицери.

Султанбеков мектепти артыкчылык менен бүтүргөн жана окуучу кезинде тарых сабагынан республикалык олимпиаданы жеңген. Жогорку билимди Москвада "Экономиканын жогорку мектеби" улуттук иликтөө университетинде алган, дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинде окуган.

Социал-демократтар партиясынын башына келиши

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн жана жетектеген Кыргызстан Социал-демократтар партиясына 2016-жылы, Москвада студент кезинде кошулган. Ал алгач ошол кезде бийликте турган партиянын Москвадагы өкүлү болсо, 2018-жылы бул партиянын саясий кеңешине мүчө болгон.

2017-жылы аталган партия Сооронбай Жээнбековду сүрөп чыкканда, 19 жаштагы Султанбеков да бул талапкерди колдоп, соцтармакта да жазып турчу. Кийин бул аракети үчүн өкүнүчүн билдирген.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда ырк кетип, КСДП экиге бөлүнүп кеткенде Султанбеков Атамбаевди колдогондор түзгөн "Социал-демократтар" партиясына кирип, анын төрагасы болуп шайланган.

Жаш саясатчы соңку маектеринин биринде экс-президент партиянын ишине аралашпай калганын билдирген. Ошол эле маалда анын кичүү уулу Кадыр Атамбаев менен жакшы, дос мамиледе экенин такай айтып жүргөн.

"Менин партиянын төрагасы болуп шайланганыма төрт жылдан деле ашып баратат. Алмазбек Атамбаев бизге каржылык жардам берген жок да, мен төрага болуп турганда бир дагы жолу аны-муну кылгыла, билдирүү жасагыла деп көрсөтмө берген эмес. Мен кеңеш сурап кайрылган күндө деле ал силер муну өзүңөр жакшы билесиңер дейт. Атамбаев бул партияны көп жыл башкарган, бул чындык. Өнүккөн өлкөлөрдө партиялардын бир канча жылдык тарыхы бар. Бул убакыт аралыгында атактуу лидерлери чыккан. Алардын көзү өткөндө деле ошолордун партиясы деп атала берет. Бул ысык-суукту, бийликти көргөн, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн партия. Мен ошон үчүн абдан сыймыктанам. Атамбаевдин балдары менен партиялаш болгонума абдан сыймыктанам. Булар убагында президенттин балдары болгон, ошол доордон өткөн, болгондо дагы туура багытта өткөн. Мен барга көппөгөн, байлыктан башы айланып кетпеген адамдар менен чогуу шайлоого баргым келет. Муну мен өтө маанилүү деп эсептейм. Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетип жатканда мен мектепте окучумун. Убагында Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогом. Шайлоодон кийинки Бабановго жасалган куугунтукту туура эмес экенин жазып чыккам. Садыр Жапаров бошотулушу керек деп мен Атамбаев президент болуп турганда эле айтчумун".

Султанбеков 2019-жылы августта Кой-Таш окуясы маалында Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн. Ал коомчулуктун калың катмарына негизи 2020-жылдагы парламенттик шайлоо маалында таанылган. Ошол маалда ал Социал-демократтардын тизмеси менен шайлоого барып, аталган партиянын атынан коомдук биринчи каналдагы телетаймашка катышкан. Кызуу өткөн ошол дебатта Султанбеков ал кездеги бийликти кескин сынга алган, бир катар билдирүүлөрдү жасаган. Анын дебаттагы айрым сөздөрү лакап болуп, тамаша-чыны аралаш эл арасында азыркыга чейин айтылып келет.


Султанбеков 2020-жылдагы шайлоого нааразы болгондордун сап башында жүргөн жана Социал-демократтар мөөнөтсүз митинг жарыялаганын билдирген. Шайлоодон кийинки нааразылык акциялары тоз-тополоң менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Султанбеков 10-октябрда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен кошо 10-декабрга чейин камакка алынган. Көп өтпөй ал үй камагына чыккан.


"Темирлан сыноолорду татыктуу өткөрөт деп ойлойм"


Бийлик алмашкандан кийин ошол маалда Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырып, конституциялык реформа баштоо тууралуу чечим кабыл алган.

Буга байланыштуу "Азаттык" өткөргөн талкууда Султанбеков менен ал президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси Акылбек Жапаров катышып, экөө катуу кайым айтышкан. Көп өтпөй бул жагдайга байланыштуу Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду кеңешчи кызматынан бошотконун билдирген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын пикиринде, Султанбековго байланыштуу соңку окуя адилет шайлоо аркылуу саясатка келүүнү каалаган айрым жаштардын шагын сындырды. Ал Султанбековду жаштайынан тартып билерин, кенедей кезинен саясатка кызыккан өзүнүн баласы да ушул партиянын тизмеси менен Бишкек шардык кеңешке шайлоого катышып жүргөнүн айтты:

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

"Темирлан 20 жашта эле, биз Бишкекте ресторандардын биринде жолугуп, саясий көз карашы тууралуу ой бөлүштү эле. Мен ошондо анын ой жүгүртүүсүнө, терең билимине, ачык мүнөзүнө таң калдым. Керек болсо бир топ саясатчыларга караганда ошол маалдагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп, терең талдай биле алганына таң калдым. Кичинекей кезинде эле үйүндө парламент деген оюн ойношконун айтып берген эле. "Мен бир туруп Келдибеков болом, бир туруп Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев болуп ойногом. Мен аларды кумир тутам, чындыкты так сүйлөп, ошолордой болом деп чоңойдум. Ал эми карындашым болсо такай Жылдыз Жолдошева боло берчү", - деп айтып берген. Темирландын келечеги бар, башындагы ушундай сыноолорду татыктуу өткөрөт деп ойлойм. Атасы дагы кыргыздын мыкты жигити экен. Азыркы бийлик Темирланга ушундай мамиле жасоо менен абийир тапкан жок. Шайлоо системасындагы акыйкаттык деген институтка доо кетирип коюшту. Бишкектеги шайлоого негизинен жаштар катышты да. Камчыбек Ташиев деле жаш кезинен шайлоого барып азап чеккен. Убагында аны дагы четтетип коюшкан. Эми ошол нерсе азыр кайталанбашы кере эле да. Кекчилдик, өч алуу айлампасынан кетишибиз керек эле. "Биз көргөн кордукту силер дагы көрүшүңөр керек, биз түрмөдө отуруп чыктык, силер дагы отуруп чыккыла" деген позицияны карманбаш керек. Биз ошондон арылышыбыз керек".

Темирлан Султанбековдун камалышына байланыштуу 16-ноябрда анын атасы, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, Медетбек Султанбеков элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоду. Анда өзү 30 жыл өлкөгө кызмат кылганын, уулуна татыктуу тарбия бергенин белгилеген. Ал соңку кездеги уулуна карата мыйзамсыз иш-аракеттерге унчукпай келгенин, күч кызматкерлеринин акыркы аракеттеринен улам уулунун коопсуздугуна тынчсызданып жатканын айтып, буга байланыштуу жоопкерчилик бийликте болорун эскертти:

"Ушул күндөрү Темирланга жасалган мыйзамсыз аракеттерге үн катпай, реакция кылбай келдим. Аны мыйзамсыз 16 саат бою суракка алып, талапкердин конституциялык укугу бузулуп жатканда дагы унчуккан жокмун. Уулумду уурдап кетишкенде дагы үн катпадым. Кечээги сотто ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлеринин аракеттеринен кийин ата катары менин уулумдун коопсуздугуна тынчсыздана баштадым. Бүгүнтөн тартып Темирландын саламаттыгы жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөйм”.


Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Социал-демократтар партиясынын айланасындагы окуяларга саясий боёк берилип жатканын сынга алган. Тергөө бүтүп, сот чечими чыга электе эле бул партияны добуш сатып алууга күнөөлөгөн:

"Добуш сатып алуу мыйзамсыз деген эреже бар. Садыр Жапаров "добуш сатып алууга аракет кылгандарды, добуш саткандарды дагы токтотобуз. Ким укпаса, мыйзам чегинде чара көрөбүз" деп бир канча кайрылуу жасады. Акча таратуу фактысы менен шайлоодон четтетилген бир топ окуялар болгон. Тилекке каршы, мындай окуялар айрым партияларга сабак болбоптур. Добуш сатып алууга шек саналып Социал-демократтар партиясы шайлоодон четтетилди. Бул партияда, албетте, тажрыйбасы чоң саясатчылар бар. Алар элди манипулация кылып саясий куугунтук болуп жатат деген аргументтерди келтирүүгө аракет кылып жатышат. Бирок күнөөлүү жана себепкери өздөрү, алардын мыйзам бузууга, добуш сатып алууга болгон аракетинин натыйжасы. Алмазбек Атамбаевге таандык партия буга чейин шаардык кеңешке өткөн. Экс-президенттин бир уулу ал жерде депутат болуп отурду. Дагы бир уулу азыр дагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат. Депутаттык ишмердиги учурунда бийликке коркунуч жараткан учурлары болгон эмес. Башкалардан айырмаланган жарык саясатчы деп деле айтуудан карманат элем. Андыктан Социал-демократтар партиясын шайлоодон өткөрбөй коюуга эч ким кызыкдар эмес. Болгону алар акча таратып, добуш сатып алуу фактысы менен четтетилип жатат. Бул окуяга саясий боёк берүүнүн кажети жок. Таза шайлоо өткөрүү - президентибиз Садыр Жапаровдун негизги максаттарынын бири. Бул аракеттер токтобойт, мындан ары да уланат".

Садыр Жапаров Султанбековдун камалышы, Социал-демократтардын партиядан четтетилиши тууралуу комментарий бере элек. Добуш берүү күнү буга чейин саясий толкундоолор, бийлик алмашуу менен аяктаган окуялар шайлоолордун айынан чыкканын белгилеп, азыркы бийлик таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылып жатат деди.

"Акыркы 30 жылда бизде үч жолу революция болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыкпадыбы. Ошондуктан мен акыркы бир айдын ичинде бир канча жолу кайрылуу жасадым. Анткени биз элге так жеткизишибиз керек, себеби шайлоо системасы оңолду, эл эми өзүңөр оңолгула деген кайрылуу болду", - деген Жапаров.

Султанбековдун артыкчылыгы жана кемчилиги


Деген менен саясат талдоочу Эмил Жураев соңку окуяны саясий атаандаштыкка доо кетирди деп эсептейт:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Султанбековдун камалышы эң өкүнүчтүү окуя болду. Ал жаш жигит бийликти бир жагынан сындаса, ал конструктивдүү сын экенин такай айтып келген. Азыр жокко чыгып калган оппозициялык талаада бирден бир унчукпай калбаган, үнү угулуп турган саясатчылардын бири. Өтө жаш болгондуктан буга чейин ушундай жетишкендиги бар деп айта албайбыз. Жаштыгы менен тазалыгы көп элди кызыктырган саясатчы болду. Азыр кеп жалгыз эле Темирлан эмес, жалпы эле Социал-демократтар партиясы жөнүндө. Бул бир канча жылдан бери саясатта активдүү болгон партия, саясий күч. Оппозициячыл, туруштук бере алган, каяша айта алган деген көз караштан карай турган болсо, анда Социал-демократтар ошондой партиялардын сап башында болушу мүмкүн. Бул партия өзү бийликте турганда өздөрү деле кандай кадамдарга барганы - албетте, башка сөз. Азыр айрымдары "буларга сооп болуптур, ажап болуптур" дегендей дагы сөздөрдү айтып жатпайбы. Менимче, ушул жерде бир нерсени экинчиси менен чаташтырып салганыбыз туура эмес. Азыр мыйзамдын, принциптин негизинде, саясий ачык таймаштын, күрөштүн негизинде караганда, Социал-демократтар өздөрү айтып жаткандай, болор-болбос нерсенин, бурмаланган аракеттердин негизинде шайлоодон чыгарылып калганы таптакыр туура эмес. Бейтарап адамдар бул жерде суроо көп экенин түшүнүп турат. Саясий атаандаштык сөзсүз болушу керек".

Журналист, талдоочу Адил Турдукуловдун пикиринде, Султанбековдун кемчилиги анын Алмазбек Атамбаевди ашкере көкөлөтүп келгени болду:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Буга чейин деле айтып келе жатабыз, азыр саясий талаа тазаланды, көптөгөн чыгаан саясатчылар өздөрүн тескеп, чектеп, терс пикир эле эмес, объективдүү оюн айтууга дагы батынбай калды. Ошол саясатчылардын арасынан суурулуп чыгып, ак сөзүн айтып, бийликке акаарат келтиргендердин бири Темирлан Султанбеков болуп жатты эле. Мен эми саясатчыларды жаш же кары деп бөлгүм келбейт. Бирок анын курчтугу, өткүрлүгү дагы ошол жаштыгынын белгиси. Анткени топтогон мүлкү жок, өзүн тескеген саясатчылар менен байланыштары жок. Ошондуктан оюнда эмне болсо ошону айткандыктан эл арасында аны колдогондор бар. Биздин коомдо бир жаман адат дагы бар. Саясий аренадагы бир адамды өтө ашыра көкөлөтүп жиберебиз же болбосо шагын сындырып, жерге түртүп, киргизип жиберебиз. Ошон үчүн азыр аны анча көкөлөтө бербей, бирок азыркы учурда оюн айта алган саясатчы экенин белгилесек болот. Соңку окуялар менен аны оппозициячыл чыгаан саясатчы деп айтканга түртүп жатышат. Азыр эми ал саясий ишин жаңы баштап жатат, акыр-аягына чейин ушундай бойдон барабы же жокпу, билбейм. Мага жакпаган жагы - анын Атамбаевди көкөлөтүп келгени. Буга байланыштуу дагы ортобузда уруш болгон. Атамбаевдин жаман жактарын айтышпайт, көргүлөрү да келбейт. Мен үчүн бул жаман белги. Кыргызстандагы ар бир президенттин жаман дагы, жакшы дагы жактары болуп келген. Туураны туура, туура эмести туура эмес деп айткан - бул жакшы сапат. Жалаң эле жакшы жактарды айта берүү жакшы жолго түртпөйт".

Султанбеков "Социнтерн" эл аралык бирикмесинин вице-президенти болуп 2022-жылы ноябрда шайланган. Курамында 126 өлкөдөн 150 партия бар “Социалисттик Интернационал” (“Социнтерн”) уюму 158 жылдан бери иштеп келет. Учурда бирикмени Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес жетектейт.

Аталган уюм Темирбековдун камалышына байланыштуу тынчсыздануу билдирип, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон.

Алмазбек Атамбаев учурда Испанияда экени айтылып келет. Султанбеков ага абактан кат жолдогону тууралуу маалыматтар тарады. Анда экс-президентти соңку окуяларга байланыштуу эмоцияга жана коомду бөлүп-жарууга алып келген чагымчылыкка алдырбоого чакырганы жазылган.

Жергиликтүү шайлоо: Талапкер суракта, бийликтин жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:58:11 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG