Бийлик оппозициячыл партия лидерин жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алууга шектеп жатат. Шайлоо маалында талапкерлердин кармалышы Кыргызстанда катталган сейрек окуя болуп калды.
Чечим күчүндө, акция уланууда
2-декабрда Бишкек шаардык соту алгач Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын карады. Жыйынтыгында Свердлов райондук сотунун аны эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.
Сот мунун артынан эле партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карап, алар боюнча да райондук соттун чечимин колдоду.
Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Свердлов райондук соту үчөөнүн тең бөгөт чарасын 15-ноябрда карап, эки айга камакка алган.
Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.
Темирлан Султанбеков 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган, ошондон бери суу гана ичип жатканын адвокаттары кабарлады.
Султанбековдун адвокаты Айбек Турдуев отурумдан соң журналисттерге буларды билдирди:
“Султанбеков дале ачкачылыгын улантууда. Бүгүн 20 күн болуп калды. Ал бул акциясын дагы улантууну көздөп жатат. Анткени, мурда өзү билдиргендей, бул ыкма анын тергөө органдарынын аракеттерине каршылык билдирген бирден-бир мүмкүнчүлүгү болуп жатат. Саламаттыгын Темирлан өзү “канааттандырарлык” деп айтып жатат, бирок биз анын абалы күн сайын начарлап баратканын көрүп жатабыз. Бишкек шаардык сотунун чечими күтүлгөн чечим болсо да, биз баары бир арыз берип көргөнбүз. Тилекке каршы, бул чечим даттанууга жатпайт, бирок биз мыйзам уруксат берген башка механизмдерди колдонобуз”.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. Кийин бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы да колдогон.
Шайлоодон соң партия Бишкектин Административдик сотуна кайрылып, БШКнын аларды шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Сот арызды 21-ноябрда карап, канааттандырган эмес. Партия бул боюнча Жогорку сотко даттанды.
Султанбеков абактан өлкө жетекчилерине адвокаты аркылуу утур-утур кат жолдоп, шайлоодо акыйкаттык болбогонун жазып келет. 23-ноябрдагы президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда ал конституциялык укугу бузулганын айткан.
Саясатчынын Бишкек шаардык сотунда айткан сөзү отурумдан соң Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды:
“Силер бүгүн мени эмес, өз балдарыңардын келечегин талкалап жатасыңар. Силер өнүгүп бараткан, жаркын жана мыкты Кыргызстанды тебелеп жатасыңар. Мен кандай чечим кабыл аларыңарды билем. [...] Биздин миң жылдык тарыхыбызда көптөгөн кыргызстандыктар каза болушкан. Силердей соттор көп болгон. Мендей карапайым патриоттор да көп болгон. Тарыхта мындай окуялар көп болгон, бирок тарых баарын өз ордуна коюп келген”, – деди ал.
Султанбековдун маселеси Европа парламентинде да көтөрүлгөн. Алгач анын депутаты, испаниялык саясатчы Начо Санчес Амор билдирүү таратып, окуяга көз салып жатканын маалымдаган. Бул маселени ал Европарламенттин 25-ноябрдагы жыйынында да көтөрдү.
27-ноябрда болсо ушул эле Европарламенттин депутаттары – испаниялык Хана Жаллуль Муро жана португалиялык Бруно Гонкальвеш да кайрылуу таратып, Кыргызстандын бийлигин Султанбековду бошотууга жана Социал-демократтар партиясынын укуктарын калыбына келтирүүгө чакырышты.
Социал-демократтар партиясы лидеринин фундаменталдык укуктарын жана партиянын укугун калыбына келтирүүгө жетишүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссариатына кайрылды.
Шайлоо жана атаандаштык принциби
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн 17-ноябрда Бишкек шаарында "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" партиялары босогодон өтүп келип, 51 депутаттык орунду ээлешти. 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, биринчи сессиясына чогулду.
Добуш берүү учурунда аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык Социал-демократтар партиясы бюллетенден чийилген. Шайлоого аз күн калганда анын талапкери, болгондо да лидери кармалып, партия өзү жарыштан четтетилгени коомчулукта эмдигиче талкуу жаратууда.
Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу тармагы боюнча эксперт Мелис Төлөгөнов жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "бийлик көп киришкен жок" деген пикирде:
"Бирок бийлик шаарларга, айрыкча Бишкек менен Ошко шаардык кеңештерге өз кишилерин алып келгенге аракет кылып, өз партияларын түрткөнү байкалды. Ошол себептүү оппозициялык партияларды четтетип, артка тартып коюшту. Бул бир чети бийликтин алсыздыгын көрсөтөт. Бийлик күчтүү болсо оппозициядан коркпошу керек болчу. Оппозиция дайыма бийликтин кемчиликтерин көзүнө сайып көрсөтүп турат да, анан жалаң эле кошоматчылардын баарын топтоп алып, алар “хоп” деп бардык чечимдерин колдоп бере беришсе, аягы жакшылыкка алып барбайт. Акыл-эстүү оппозиция болушу керек эле”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, талапкер же партия өзү баш тарткан учурда, өнөктүккө шайлоо фондунан сырткары акча жумшаган учурда, добуш сатып алганы ырасталган учурда же бийлик өкүлдөрү үгүт жүргүзүүгө аралашкан учурда талапкер болуп катталганына карабай шайлоодон четтетилери көрсөтүлгөн.
Бирок ошол эле маалда БШКнын мүчөлөрү муну дайыма “кылмыш үстүнөн кармалган учурда” деп түшүндүрүп келишкен жана шайлоо маалында талапкерди кармоо БШКнын уруксаты менен гана жүрүшү керектигин айтып жүрүшкөн.
Акыркы окуялардан мисал келтирсек, соңку жарышта Токтогул шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан талапкер Болот Дүйшөналиев "массалык башаламандыкка чакырган" деп айыпталып кармалып, сот аны алгач камакка алган. Кийин БШКнын эскертүүсүнөн соң ал кайра коё берилген. Бирок ошондон кийин эле Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда талапкер болгон Султанбеков камакка алынып жатат.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков мындай деди:
“Азыркы мыйзамдын беренелерин мен деталдуу айта албайм, бирок биздин учурда талапкер кол тийгис макамга ээ болчу. Эгерда талапкер болуп катталган болсо, шайлоо бүтүп, Борбордук шайлоо комиссиясы анын жыйынтыгын жарыялаганга чейин ал мыйзам менен толук корголчу. Негизи куду ушундай талапкер өзү жарыштан четтетилген учурлар эсимде жок, мүмкүн, болгондур. Бирок талапкер болуп катталган адамдын укуктары бузулган учурлар катталган. Мисалы, 2008-жылы мен абакта жатып, талапкер болуп катталганымда, шайлоочулар менен жолугушууга уруксат бербей койгон. Болбосо мыйзамда жазылып турган, кол тийбестик макам алгам жана шайлоочулар менен жолугушуум керек болчу. Бул да ошого окшош учур болуп калды окшойт. Негизи бардык өлкөлөрдө шайлоодо талапкер башка талапкерлер менен бирдей укукта болушу керек деген эреже бар. Антпесе шайлоонун адилеттик, калыстык принциби бузулуп калат. Бирок ошол эле кезде биз жакшы көргөн АКШда талапкер болгонуна карабай Трампты сотко улам-улам алып барып жатышты. Анан демократиянын үлгүсү болгон мамлекетте ошондой болуп жатса, башка мамлекеттерди түшүнүш андан да кыйыныраак”.
Бийлик Социал-демократтар партиясынын жана анын лидери Султанбековдун соңку кайрылууларына бийлик жооп бере элек.
Шайлоонун алдында, 15-ноябрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Социал-демократтар партиясын шайлоодон четтетүүдө саясат жок экенин Фейсбукта тараткан видеосунда айткан:
"Азыр дагы Социал-демократтар партиясын шайлоодон өткөрбөй коюуга эч ким кызыкдар эмес. Болгону алар акча таратып, добуш сатып алуу фактысы менен четтетилип жатат. Бул окуяга саясий боёк берүүнүн кажети жок. Таза шайлоо өткөрүү - президентибиз Садыр Жапаровдун негизги максаттарынын бири. Бул аракеттер токтобойт, мындан ары да уланат", – деген Орунбеков.
17-ноябрда жергиликтүү кеңештерди шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң масштабдуу шайлоолордун бири болуп калды. Административдик-аймактык реформанын алкагында көпчүлүк айыл өкмөттөр жоюлуп, шаарлар ирилешкен соң бардык жергиликтүү кеңештер кайра шайланды.
Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышты. Мындан сырткары 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. Жалпы 4,1 шайлоочунун 27% добуш берип, катышуу аз болду.
Шерине