"Мыйзам алдында жооп берсин"
Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы сессиясында Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери жана анын өкүлдөрүнүн маселесин депутат Сеидбек Атамбаев көтөрдү. Ал Темирлан Султанбековдун абалы начарлап жатканын айтып, бийлик жетекчилерин аны менен эрегишпөөгө чакырды.
“Темирлан Султанбеков менен эрегишпей эле койгулачы. Сиз акылдуу адамсыз да. Менимче, жаш жигиттердин түрмөдө көпкө отурганы туура эмес”, - деди ал.
Атамбаевге атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев кесе жооп берип, Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирди.
“Султанбеков менен эрегишпесек, жаш бала болсо, жаш баладай өзүн алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип жатат. Эгер мамлекетти башкара албасаңар, мага бергиле дейт. Ал үчүн өсүшү керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берсин”, - деди Ташиев.
Эл өкүлү Атамбаев Султанбеков менен камалган мурдагы депутат Ирина Карамушкина тергөө абагында жаман шартта кармалып турганын дагы айтты. Ташиев депутаттын сөзүн четке кагып, Атамбаевди жабык жайга барып көрүүгө чакырды.
Дээрлик бир айдан бери тергөө абагында ачкачылык кармап жаткан Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков бир нече кайрылуу жасап, баласына саясий негизде иш козголгонун айтып, аны бошотууну талап кылууда.
Медетбек Султанбеков соңку кайрылуусунда баласынын саламаттыгына тынчсыздануусун билдирди:
“Тергөө абагынын кызматкерлерине жана дарыгерлерине ишенбейбиз. Себеби буга чейин алар Марат Казакбаев менен Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнө жол беришкен. Ачкачылык акциясынын максаты – мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке, укуктук нигилизмге нааразылык билдирүү жана бийликтегилердин көңүлүн буруу болчу. Бирок 27 күн өттү, эч ким реакция кылган жок. Алар аны өз принциптеринен баш тартууга жана унчукпай калууга мажбурлагысы келип жатышат”, - деди Султанбековдун атасы.
10-декабрда Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартканы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенин билдирген. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын белгилеген.
“Темирлан Султанбеков №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатат. Мекеменин жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин улантууда”, - деп айтылат маалыматта.
Султанбековдун ачкачылык кармап жатканына 11-декабрда 28 күн болду. Ал ачкачылыкты Бишкек шаардык милициясы кармаганда эле баштаган. Адвокаттар Темирлан Султанбеков суу жана күнүнө 100 граммдай шире (сок) эле ичип жатканын маалымдады.
11-декабрда Human Rights Watch уюму 10-декабрь - Адам укугунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасап, анда Кыргызстандын бийлигин адам укуктарын сактабаганы үчүн сынга алган. Уюмдун билдирүүсүндө Султанбеков, Карамушкина менен Роза Түрксевердин камалганы мисал келтирилген.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камаган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.
Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча иш козгогон.
Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.
Шерине