Соңку жылдары Лейлек районунун Ак-Терек айылында ээн калган үйлөр көбөйө баштады. Буга акыркы үч жылдан бери айылды байма-бай каптаган сел себеп болууда. Тургундар кыян каптаган үйүн кайра-кайра оңдоого чамасы жетпей, Кыргызстандын башка, коопсуз аймактарына жер которууга аргасыз болууда.
“Данисте” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Баткендеги экологиялык мигранттар тууралуу айтып беребиз.
Сел бир көчөнүн тып-тыйпылын чыгарды
Зарлыкбек Айбашевдин агасынын үйү - Ак-Терек айылындагы сел алып кеткен жыйырмадан ашуун турак жайдын бири. Бул үйдүн урандысы турган жерде үч жыл мурун эле коломтодо от күйүп, бир бүлө балдары менен очор-бачар турмуш кечирип жаткан эле.
"Быйыл жайында биздин айылды үч жолу сел каптады. Агам биринчи селден кийин үйүн тазалаганга аракет кылды. Бирок экинчи жолу келген сел катуу болуп, үйдү жарактан чыгарды. Ошондон кийин ал малын сатып, үй-бүлөсү менен Чүйгө көчүп кетүүгө аргасыз болду. Мен да агамдын кошунасы элем. Сел биздикин толугу менен бузган жок, бирок ичине суу кирип, жашаганга мүмкүн болбой калды. Селден кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери келип, үйдү бузуш керектигин айтышкан. Бирок макул болгон жокмун. Канча жылдык мээнетимди талкалатууга колум барган жок. 50 жаштан өтүп калдым, кайрадан жаңы үй саламбы же жокпу – билбейм", - деген Зарлыкбектин агасына окшоп, Ак-Теректе ондогон үй-бүлө аргасыз журт которуп, башка аймактарга кетүүгө мажбур болгон.
Улам сел каптай берип, турак үйлөрдө жашоого мүмкүн болбой калганда гана айрымдар ата конушун таштап кетишти дейт Зарлыкбек:
"Бул Турдуев Курманбектин үйү. Биринчи селдин кесепетин жоё электе, экинчи сел келди. Анан үчүнчүсү үйдүн бир ыптасын кулатып салды. Айла жок, баарын таштап, айылдан көчүп кетти. Азыр анын үйү мал сарайга айланып турат. Малды деле басып калышы мүмкүн. Ушул көчөдө эле Курбанбек, Нурханбек, Тынарбек, Акыл аба... Сами аба... Сабыр аба... 9-10-11 үй бош турат. Булар кайра келишпейт го. Үйлөрү деле урап жок болсо керек".
Зарлыкбек Айбашевдин үйүн сел үч жыл мурун жарактан чыгарганда төрт баласы менен айылдын башка тарабындагы атасынын үйүнө көчүп келген. Энеси үч жыл мурун, атасы былтыр каза болгон. Бул там Бишкекте жашаган инисине тийиштүү. Бирок анын айылга кайтып келиши деле арсар дейт ал:
"Алты бир тууганбыз. Үч эркек, үч кыз. Агам селден кийин Чүйгө көчүп кетти, иним болсо Бишкекте жашайт. Мен атабыздан калган үйгө көчүп келдим. Документ боюнча бул үй инимдин атына жазылган. Атам 85ке чыгып каза болду. Ошол убакка чейин айылда сел болгон эмес экен. Климат өзгөрүп жатат деп жатышат. Үйүбүз эле эмес, арыктар да селдин жолунда калды. Мунун айынан айылда жашоо оорлошуп кетти. Мурдагы огородубуздан жыл сайын тонналап алма алчубуз. Азыр айдоо жерге суу жетпей, эч нерсе өспөй калды".
Ак-Теректе ээн калып, эшигин кулпу кайтарган үйлөр бир топ. Селдин кесепетинен соңку төрт жылда эле 30га жакын үй-бүлө көчүп кетти дейт айылдагылар. Бул канчага созуларын эч ким айта албайт.
Үйүн сел алгандан сырткары, дыйканчылык, мал кармоого болбой калганын айтып, көчүп кеткендер бар. Сел менен кошо тоодон агып келген кум-шагыл арыктардын нугуп бууп, дыйканчылык кылуу оорлошкон.
Айылдан көчүп кеткендердин арасында мектеп директору, айылдагы жалгыз механизатор, мечиттин имамы да бар.
"Эки кабат үйүм сел астында калды"
Кеңешбек Шүкүровдүн үйү акыркы үч жылда ондон ашык селге кабылды. Адеп башында үйүн оңдоп-түзөп, жашап келген. Соңку жолу сел анын үйүн биротоло кыйратып кеткен:
"Башында аракет кылдык, бирок табият күчүнө туруштук берүү оңой болгон жок. Эшигимдин алдында автоунаам бар эле. Аны айдап чыкканга араң үлгүрдүм. Акыркы сел катуу болду. Эки кабат үйүмдүн четинен талкалап жүрүп, эч нерсесин калтырган жок. Агамдын үйү да жаныбызда эле. Анын да тыптыйпылы чыкты".
Өкмөт Кеңешбек Шүкүровго селден жабыркаган үйүн тикелеш үчүн бир миллион сом кенемте берген. Ал айылдын башка тарабынан жер тилкесин сатып алып, үй салууда. Кыш-кыроого чейин көчүп кирсем деп, керелден-кечке курулуш менен алек:
"500 миң сомго жер сатып алдым, азыр бир бөлмөсүн бүтүрдүм. Дагы бир ай иштесем, жаңы үйгө кирип калабыз. Беш балам бар. Алар чоңоюп калышты. Улуу кызымды сел алган үйдөн узатканбыз. Той-аш бергенде кенен болсун деп эки кабат кылып салдык эле. Айла жок деп отуруп калдым. Эми бул үйүбүздү жакшы тилектер менен салып жатабыз".
Селден кийин ӨКМ Кеңешбек Шүкүровдун үй-бүлөсүнө убактылуу баш калкалоо үчүн чатыр тигип берген.
"Чатырда жашоого көндүк. Бирок жайында ысык, күзүндө суук болот экен. Кантсе да үстүбүздө ушул чатыр болгонуна шүгүр кылып жатабыз. Эми күн дагы сууктагыча үйүбүз бүтсө, жакшы болот эле", - деди Шүкүровдун аялы Гүлзат Айтматова.
Лейлек менен Баткенди байланыштырган негизги кан жолдун боюндагы Ак-Теректе келечек кандай болорун болжош кыйын. Бирок айылдагылар көчүп кеткен жердештери кайра кайтып келерине бекем ишенишет.
"Мен көп жылдан бери Сүлүктүдө шахтада иштейм. Айылды таштабагыла деп айылдаштарымдын көбүнө айтам. Баарыбыз эле көчүп кете берсек, айылды, чек араны ким коргойт? Эл-журтту ойлош керек да".
Лейлектен журт которгондордун Чүйдөгү тиричилиги
Орто жашка барып калган учурда жер которуп, ата конушун таштап кетүү, башка жерге барып орун-очок алуу оңой эмес. Өзгөчө кыргыз коомунда. Ак-Теректен көчкөндөрдүн көбү Чүй бооруна келишкен. Алардын бири Жыргалбек Момунов үч жыл мурун көчүп келиптир. Ал азыр Бишкектеги автоунаа оңдоочу жайлардын биринде иштейт:
"Сел үйүбүздү жарактан чыгарганда айылдагы инимдин үйүндө убактылуу жашадым. Айылдагы мечитте имам болчумун. Бирок имамга айлык берилбейт. Тиричилик кылыш керек болду. Ошентип, ишимди башка балага табыштап, беш баламды алып, Чүйдүн Беловодск айылына көчүп келип, "Дордой" базарындагы автонунаа оңдоочу жайлардын бирине жумушка кирдим. Айылда машиналарды оңдой калчумун. Бул шыгым азыр мага шаарда жашоого жардам берип жатат".
Жыргалбек Момунов көп өтпөй Бишкектин четиндеги конуштардын бирине чакан үй куруп алган. Алгач бирөөнүн үйүн ижарага алып жашаган, кийин жер сатып алып, жаңы жашоо баштаган:
"Беловодск айылында аялымдын туугандары бар. Башында аябай кыйналдык. Улуу балдарым талаага, жалданма жумуштарга чыгып иштеп жүрдү. Мен болсо күнүгө Бишкекке келип иштедим. Анан акча топтоп үй салдык. Дос-туугандар жардам берди. Азыр кудайга шүгүр, жашообуз оңолуп калды".
Жыргалбек эки жолу журт которуп, азыр баш калаа Бишкекте турмуш кечирүүдө. Ал дале болсо айылына кайтуу үмүтүнөн ажырай элек:
"Ушул үйгө киргенде, бир күнү катуу жамгыр жаады. Ошондо кичине балам терезеден карап, "ата, бул жерде сел кайсы жактан келет?" деп жатпайбы. Балдар коркуп калышыптыр. Баткендегидей короодон жер-жемиш үзүп жешсин деп, жаңы үйүбүздүн огородуна шабдалы, жүзүм эктим. Бирок айылда береке бар. Эгер өкмөт коопсуздукту камсыз кылса, кайра айылга кайтып барсам деген тилегим бар".
Селден коргонуу чаралары
Өкмөт селден коргонуу чараларын көрүү үчүн, табигый кырсыктарды алдын алууга жыл сайын жергиликтүү бюджеттен каражат бөлөт. "Буга айрым учурда эл аралык уюмдар да көмөктөшөт" дейт Лейлектеги Ак-Терек айылынын башчысы Абдыжалил Шеров:
"Кызыл ай коому ар бир үйгө цемент, кум-шагылын алып берген. Ага ушундай дамбаларды эл өздөрү курду. Айылдагы 6-7 тилкеде сел коркунучу бар. Акырындык менен бардыгына ушундай дамбаларды курушубуз керек. Биздин айылда жер тартыш. Селден жабыркаган 25 үй-бүлөгө Баткендин Ак-Турпак айыл аймагынан жер бөлүнгөн. Бирок ал жакка эч ким көчүп барган жок. Себеби ал жерди трансформациялоо узак убакытты талап кылат экен. Азыр жер алууга 700дөй киши кезекте турат".
Айыл тургуну Эрмат Таштановдун үйү да сел коркунучу бар деген тилкеде жайгашкан. Жамгыр жааган сайын кокту-колоттон кыян жүрүп, тоо этегиндеги үйлөрдүн баарына коркунуч жаралат. Ал өкмөттү күтпөй селден коргонуу чараларын өз алдынча жасай баштаган.
"Акыркы сел кошуналарымдын үйлөрүн агызып кетти. Биздин үйгө аз-маз кирди. Дагы келсе үйдү жууп кетеби деп корком. Ошондуктан атамдан калган эски машинени тоого сүйрөп чыгып, селден коргоо үчүн таш менен толтуруп жатам. Бул ыкма жардам берет деп ойлойм. Цемент кымбат. Аны алганга чамам аз", - дейт Э. Таштанов.
Эрмат - Ак-Терек айылындагы аз сандагы жаштардын бири. Адатта айыл жеринде мектептин аяктаары менен эле жаштар окуу же жумуш издеп шаарга агылат.
"Биз бул жакта кой-эчки багып, күн көрүп жатабыз. Айылды таштап кетким келбейт. Бирөө болсо да айылда жашашы керек. Атамдан калган трактор бар. Ошону менен элдин жерин айдап берип, тиричиликке акча табам".
Кыргызстанда эгемендик жылдардан кийин турмуш шарттын оордугу, жумушсуздук айынан ички жана тышкы миграция күчөгөн болсо, соңку мезгилде табият кырсыктарынан, экологиялык себептерден улам жер которгондор агымы пайда болду.
Дүйнөлүк Банктын изилдөөлөрү боюнча, 2050-жылга чейин Кыргызстанда 200 миңге жакын киши ушундай тагдырга дуушар болушу мүмкүн.
2 миңдей киши жашаган Ак-Терек айылы - азыркы маалда ушундай көйгөйгө туш болгон алыскы айылдардын бири.
Шерине