Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

"Табият кырсыгы көбөйүүдө, ага адам күнөөлүү". Бакудагы жыйын


Испаниянын Летур муниципалитети селден кийин. 2024-жыл, 30-октябрь
Испаниянын Летур муниципалитети селден кийин. 2024-жыл, 30-октябрь

Азербайжандын баш калаасында БУУнун климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулаган COP29 жыйыны башталды. Окумуштуулар лидерлерди абага зыяндуу заттарды, асыресе көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган казылма отунду энергиянын таза булактарына алмаштыруу жаатында конкреттүү чечимдерди кабыл алууга үндөшүүдө.

Өндүрүштөн чыккан зыяндуу газдар – глобалдык жылуулукка салым кошкон негизги факторлордун бири. Абанын глобалдык ысышы сел, ташкын, токойлордун өрттөнүшү, кургакчылык, ыш өңдүү адам баласынын өмүрүнө түздөн түз коркунуч жараткан көрүнүштөрдүн көбөйүшүнө алып келүүдө.

Жекшембиде Испаниянын Валенсия шаарында миңдеген кишилер 220дан көп адамдын өмүрүн кыйган селдин кесепети үчүн бийликти айыптап, нааразылыгын билдиришти. Ондогон жылдардан бери Европада мындай кыйратуучу кырсык катталган эмес. Кеминде 80 киши дайынсыз болууда. Жергиликтүү тургундар чукул кырдаал мекемелери суу ташкын күтүлүп жатканын кеч эскертти деп эсептешет. Алардын айтымында, албетте, аба ырайын өзгөртүү мүмкүн эмес, бирок трагедиянын кесепетин азайтуу жетекчилердин колунда болчу.

Испаниянын улуттук метеорологиялык агенттигинин (AEMET) маалыматында, 29-октябрда өлкөнүн айрым жерлеринде сегиз сааттын ичинде эле жамгырдын жылдык нормасы жааган.

Бийликтин өз убагында чара көрбөгөнүн сындаган демонстранттар. Валенсия. 2024-жыл, 9-ноябрь
Бийликтин өз убагында чара көрбөгөнүн сындаган демонстранттар. Валенсия. 2024-жыл, 9-ноябрь

Климатологдор мындай көрүнүштөр барган сайын көбөйөрүн эскертишет. Себеби климаттагы өзгөрүүлөр аба ырайынын структурасына таасир этүүдө.

Адам баласынын чарба жүргүзүү ыкмасы деңиздин үстүңкү катмарынын жылышына, атмосферанын ысышына алып келип, катуу жаан-чачын барган сайын көп катталат деп түшүндүрөт окумуштуулар.

Испанияда акыркы жылдарда өкүм сүргөн кургакчылыктан улам, жер кыртышы катуу болуп калган. Жаан төккөндө суу дароо сиңбей, сел жүргөн.

Экология саясаты боюнча лондондук эксперт Фридерике Оттонун пикиринде, Валенсиядагы трагедия климаттын 1,3 градуска гана жылыганы канчалык кооптуу экенин эске салды. Окумуштуу COP29га чогулган лидерлер абага зыяндуу заттарды, асыресе көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган жана абанын ысышына алып келген казылма отунду энергиянын таза булактарына алмаштыруу жаатында чечимдерди кабыл алууга тийиш деп белгилейт.

Жекшембиде Рим папасы Франциск дагы Бакудагы саммиттин катышуучуларын Жер планетасын коргоо багытында конкреттүү чара көрүүгө чакырды жана климаттагы өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин айтты:

"Жанар тоо атылганда жапа чеккен Индонезиядагы Флорес аралындагы элге тилектешмин. Курман болгондор, алардын үй-бүлөлөрү, жер которгондор үчүн дуба окуйм. Селдин кесепетинен жабыркаган Валенсиянын жана Испаниянын башка бөлүктөрүндө жашагандарды да унуткан жокмун".

Азербайжандын баш калаасына чогулган 200дөй өлкөнүн өкүлдөрү климаттагы өзгөрүүлөрдү, Париж макулдашуусунун аткарылышын талкууламакчы. 2015-жылы француз баш калаасында кабыл алынган документте планетанын орточо температурасынын ысышын 1,5 градустан ашырбоо каралган. Мындай кырдаалда энергиянын таза булактары биринчи планга чыгууда.

Бакудагы саммит. 11-ноябрь 2024-жыл
Бакудагы саммит. 11-ноябрь 2024-жыл

11-22-ноябрда өтүүчү саммитти ачып жатып, COP29дун төрагасы Мухтар Бабаев келечекти сактап калуу үчүн бүгүн инвестиция салуу зарылдыгын белгиледи:

"Көбүңөргө көрүнбөсө да, адамдар климаттагы өзгөрүүлөрдөн жапа чегүүдө. Алар көмүскөдө ажал таап жатат. Боорукерликтен жана документ кабыл алуудан да маанилүүрөөк иштер жасалууга тийиш. Ошол адамдар конкреттүү иш-аракетти талап кылышууда. COP29 – бул багытта жаңы кадамдарды белгилөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо учуру".

Муну менен катар саммитти өткөрүү менен азери бийлиги өлкөдөгү орчундуу маселелерден, асыресе адам укуктарынын начар абалынан алагды кылууга аракеттенүүдө деген сын да айтылууда.

Президент Илхам Алиев андай сын климаттагы өзгөрүүлөр менен күрөшүү миссиясын аткарууга залака тийгизбейт деп айтканы бар.

Буга чейин Дубайда өткөн саммитте 2030-жылга карай калыбына келүүчү энергия булактарын колдонууну үч эсе көбөйтүү максаты коюлган. Бирок адистер бул максатка жетүү кыйын болорун белгилешет.

Күн, шамал жана башка булактарын өнүктүрүүгө бут тоскон бир топ жагдайлар бар. Мисалы, шамал турбиналарынан тартып трансформаторлого чейин жумушчу күч жетишпейт. Айрым жабдыктардын баасы кескин өсүп кетти.

Климаттагы өзгөрүүлөрдүн кесепетин кыргызстандыктар да сезип келатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин октябрдагы маалыматына караганда, быйыл тогуз айда селден 22 адам каза болду.

Ысык-Көлдөгү сел. 2024-жыл, 18-август
Ысык-Көлдөгү сел. 2024-жыл, 18-август

Апрелден июлга чейинки убакта эле селден 17 адам набыт болгон, алардын он чактысы жашы жете элек балдар.

Ал арада бул күндөрү Пакистандагы Лахор шаарында ыштан улам чукул абал түзүлдү. Панжаб провинциясынын борборунда мектептер убактылуу жабылды, айрым ишканалар онлайн режимге өттү, калкка сыртка чыкпай туруу кеңеши берилди. Швейцариялык IQAir тобунун баамында, Лахор абасы булганган калаалар арасында дүйнөдө биринчи сапка чыкты.

14 миллион киши жашаган мегаполисте транспорттун көбү арзан дизель менен иштейт. Буга кошумча суук түшкөндө эл меш жагып, айыл чарба таштандыларын өрттөшөт. Муздак аба бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды жерге жакын кармап, калың ыш каптайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG