Быйыл июнь айында Нарын шаардык кеңеши калаадагы дарактарды кыюу токтомун кабыл алган.
Токтомдо канча дарак кыйыла турганы жана анын так себептери көрсөтүлгөн эмес.
Долбоордун максаты – борбордук көчөнү 15 метрге чейин кеңейтүү болчу. Бул иш-чаралар шаарды модернизациялоо максатында көрүлүп жатканы менен түшүндүрүлгөн.
Долбоор үчүн республикалык бюджеттен 727 млн сом бөлүнгөн.
Нарын шаардык мэриясы жаңы көчөттөрдү отургузуу азырынча планда жок экенин билдирди:
"Бак-дарактардын кыйылганы чын, бирок кайра көчөт отургузуу жана анын мөөнөтү белгилене элек. Жол жасалып бүтсө, декоративдик көрк берүүчү көчөт тигебиз деп турабыз".
Биздин болжолдуу маалыматтар боюнча быйыл сентябрь айында Ленин көчөсүн бойлой миңден ашык бак кыйылган. Planet спутниктен тартылган сүрөттөр 30-августтан 28-сентябрга чейин көчөдөгү айырманы көрсөтүп турат.
5-октябрда Ленин көчөсү менен жүрүп отуруп, ошол күнү кыйылган бактарды санадык. Мурдагы бак-дарактын 1242 дүмүрү калган экен. Эң көбү шаардык МАИнин аймагында болсо, азыраагы шаардын башкы аянтында.
Sentinel-Hub ачык базасындагы спутниктен тартылган сүрөтттөр аркылуу NDVI алгоритмин колдонуу менен биз шаарда жашыл зона азайганын аныктадык.
Адатта, өсүмдүктүн жалбырактары курамындагы хлорофиллдин эсебинен инфракызыл нурларды чагылдырат. Өсүмдүктөрдүн сандык жана сапаттык көрсөткүчү NDVI алгоритминин жардамы менен ченелет. Бул нормалдаштырылган өсүмдүктөрдүн индексин билдирет. Ал спутниктен алынган сүрөттөрдүн ар кандай каналдарын колдонуу менен эсептелет жана өсүмдүктөрдүн инфракызыл нурларды чагылдыруусунан көз каранды. NDVIди эсептөө үчүн көрүнгөн кызыл (КЫЗЫЛ) жана жакын инфракызыл (NIR) спектрин чагылдырган сүрөттөр колдонулат.
NDVI формуласы
Өсүмдүктөр канчалык таза болсо ошончолук инфракызыл нурларды чагылдырат жана NDVI мааниси бирге жакындайт. Ал эми өсүмдүктөрү жок жерлерде, адатта, 0 көрсөтүлөт.
NDVI көбүнчө жашыл зонаны жана токойлордун аймактарын аныктоо үчүн колдонулат. Кыйынчылыктар бак-дарактын аянтын аныктоодо пайда болот, анткени жашыл шибер инфракызыл нурларды да чагылдырат.
Бирок бул учурда Ленин көчөсүнүн эки тарабында жашыл газондор жок. Ал эми көчө бойлоп, инфракызыл нурларды чагылдыруучу негизги агент өз дарактары болуп саналат.
Нарын шаарынын борбордук аянтындагы онлайн веб-камерадан ар кайсы күндөрдүн видеолорунда бак-дарактар убакыттын өтүшү менен кантип жок боло баштаганын көрүүгө болот.
Биз буга чейинки тартылган сүрөттөр менен быйыл, бак-дарактар кыйылгандан кийинки сүрөттөрдү салыштырып көрдүк.
Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин доценти Алмагүл Кендирбаева кыйылган дарактардын негизги бөлүгү жакшы өскөнүн белгилеп, шаардын жашоосу үчүн чоң жоготуу экенин айтты.
“Менин пикирим боюнча Нарын шаарынын борбордук көчөсүнүн эки тарабагындагы бак-дарактарды кыйбай, балким башка альтернативдүү багыттарды да иштеп көрүп, болбосо бир тарабын калтырып койсо деле, балким максатка ылайык болот беле”, - деди доцент Кендирбаева.
Алмагүл Кендирбаева айткандай, абаны тазалап, шамалды тосуп, шаарга өзгөчө көрк берип турган бул дарактардын кыйылышы экологиялык жоготуу болуп саналат.
"Миңден ашык дарак кыйылганын кантип негиздешет? Ошону менен таанышкым келет, ал жөнүндө маалымат ала элекмин, маалыматты коомчулук кандай кабыл алат? Анан, ал ошол кыйылган бак-дарак ордуна кандай көчөттөр отургузулат? Ал көчөттөр Нарындын катаал шартына чыдап, тамыр жаябы? Ошол маселелер дагы бизди ойлондурат. Бизди эмес эле Нарындын жашоочуларын ойлондура турган көйгөйлөрдүн бири”, - деди Кендирбаева.
Алмагүл Кендирбаева бак-дарак азайган сайын абанын сапаты начарлайт деп түшүндүрөт. Андай шартта ар кандай дем алуу органдарынын оорулары көбөйөт. Кыйылган бактардын көбү 50 жыл мурда отургузулгандыктан, аларды жок кылуу шаардын экологиясына терс таасирин тийгизет.
“Ал дарактады ошол деңгээлге чейин жеткизип, көрктөндүрүү үчүн дагы Нарын шаарынын тиешелүү мекемелери көптөгөн эмгек кетирген да. Эми дагы мээнет жумшалып, ошондой жакшынакай абалга келгенде анан, жолдун эки тарабын тең кыйып салганы туура эмес”.
Автор: Салима Алмазбекова, Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенти
Шерине