Бир катар абройлуу басылмалар менен агенттиктер өз булактарына таянып, АКШнын президенти Жо Байден америкалык алыс аралыкка атылуучу системаларын Орусиянын ичкери аймагына сокку уруу үчүн пайдаланууга уруксат бериши мүмкүн деген маалымат таратышты. Бирок аскердик аналитиктер узак аралыкка атуучу ракеталар украин армиясына майдандагы абалды өзгөртүүгө канчалык жардам бере алат деген собол салышат.
АКШнын Европадагы күчтөрүнүн мурдагы командачысы, отставкадагы генерал-лейтенант Бен Хожес “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон интервьюсунда чечим “Кошмо Штаттар Украинанын таштап кеткен жок, оокатыбызды жыйыштырып, Трампты күтүп отура бербейбиз деп, Кремлге жасалган ишараты”, - деп айтты.
Эскалация коркунучу
Вашингтондун артынан Британия жана Франция ушундай чечим кабыл алышы мүмкүн. Киев украиналыктардын жүрөк үшүн алган бомбалоочу учактар менен истребителдер жайгашкан Орусиянын аэродромдоруна сокку урууга уруксат алуу үчүн айлап Байден администрациясын көндүрүүгө аракеттенүүдө.
Бир нече убакыт мурун Зеленский Орусия Украинага айына 3 миң башкарылган бомба таштап жатканын билдирген.
Согуш башталгандан бери эле Ак үй Орусия менен эскалациядан чочулап Украинаны кубатуу курал-жарак менен камсыздоого өтө этият мамиле кылып келген. Британиянын Storm Shadow ракеталарында америкалык тетиктер пайдаланылгандыктан, Лондон да Киевге андай уруксат бербеши керек деп каршы болгон.
Айрым эксперттер Байден администрациясы Орусиянын аймагына сокку урууга чектөөнү алып салса, Трамптын командасы 5-ноябрдагы президенттик шайлоо алдында аны электоратты масштабдуу согуш менен коркутуу үчүн пайдаланат деп чочулаганын болжолдошот. Трамп шайланса, урушту дароо токтотууга убада берип келди.
Ак үйдүн чечими тууралуу маалыматтар Украина жапырт чабуулга туш болгон күнү жарык көрдү. 17-ноябрда украин шаар-кыштактары согуш башталган 2022-жылдын февралынан берки мсаштабдуу аба соккусуна кабылды. Киев өлкө аймагы 120 ракета, 90 дрон менен аткыланганын билдирген.
Мындан тышкары Москва Курск облусун кайтарууга даярдык көрүп, 50 миң аскерин жана түндүк кореялыктарды Украина менен чектеш аймакка жайгаштырганы кабарланган.
Аскердик аналитиктердин пикиринде, Путин болочок сүйлөшүүлөрдө позицияларын бекемдеш үчүн 20-январда Трамп кызматына киришкиче облусту толугу менен өз көзөмөлүнө алууга аракеттенип жатат.
Ыктымал таасири
Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат берилсе анын майданга тийгизген таасири бир нече маселеден көз каранды болмокчу. Биринчи кезекте 300 км алыс учуучу ATACMS жана башка ракеталардан Украинага канча даанасы берилет жана аларды колдонууга кандай чектөө коюлат.
The New York Times жана Washington Post украин армиясына Курск облусунда гана сокку урууга уруксат берилерин жазды.
Байден администрациясынын чечими тууралуу маалыматтар чыккандан кийин француздардын Le Figaro гезити Британия менен Франция дагы Орусиянын ичкери аймагын өздөрүнүн Storm Shadow жана SCALP ракеталары менен аткылоого уруксат бергени жатканын кабарлады.
Муну менен Украинага Taurus ракеталарын берүүдөн баш тартып келаткан Германия кыйын абалга кептелмекчи.
ATACMS тууралуу жазып жүргөн канадалык аскердик аналитик Колби Бадхвар былтыркы декабрга карай АКШнын кампаларында узак аралыкка учуучу 2400 ракета бардыгын маалымдаган. Алардын жарымынын мөөнөтү өтүп кеткен. Аналитиктин айтымында, быйыл 500дөн ашуун ATACMS кошулган, бирок Пентагон Украинага көп сандагы ракетеларды берүүгө анча дилгир болгон эмес.
Аскер жетишпейт
Генерал Хожес Украина Орусиянын Курскидеги контр чабуулун бир топ сандагы ракеталар менен токтото аларына ишенет.
“Штаб, логистика жана артиллерияны жок кылууга кудуреттүү таамай атуучу куралыңар болсо түмөн аскерди жеңе аласыңар”, - деп айтты Хожес.
Буга чейин АКШ ATACMS ракеталарын Орусиянын аймагында колдонууга уруксат берет экен деген имиштер тараганда Кремль армиясынын бир бөлүгүн америкалык курал жетет деген жерлерден чыгара баштаган.
Бирок ATACMSтын соккулары канчалык ийгиликтүү болгон күндө да Украинанын майдан талаасындагы негизги көйгөйүн чечүүгө жардам бербейт. Кеп аскердин саны тууралуу жүрүүдө. Бул жагынан НАТО жана Батыш да аларга көмөктөшө албайт.
Украина армияга алууну кеч баштап, эми гана орус аскерлеринин чабуулдарына туруштук берүү үчүн жетиштүү сандагы жоокерлерди чакырып, машыктырууга жан үрөп аракеттенүүдө.
Орусия күнүнө 1500 кишини жоготсо да Кремль армиянын катарын толуктай алат.
Шерине