Былтыр ал сунуштаган мыйзам долбоордун негизинде талаш-талкууларга карабай мамлекеттик туу өзгөргөн.
"Гимнден башка көйгөй жетиштүү"
Нурланбек Шакиев парламент трибунасынан азыркы гимн эгемендиктин алгачкы жылдарында кабыл алынгандыктан аны өзгөртүү керектигин билдирди.
Гимн ырдаганга оор экенин, алтургай "куштарды үркүткөн учурлар болгон" деген окуяны укканын айтып берди.
"Биз Тууну өзгөрттүк, эми гимнди да өзгөртүшүбүз керек. Себеп дегенде гимн кабыл алынганда Советтер Союзунун курамынан чыгып, алгачкы азаттык кадамдары болгон. Ырдаганга дагы оор. Ар бир кыргыз бул гимнди ырдай албайт. Бул марш. Ошон үчүн бул Жогорку Кеңештин укугу, милдети. Биз жакында гимнди өзгөртөбүз. Учурунда биздин бир президентибиз, анын атын айтпай эле коёюн, бир чет өлкөгө барды дейт. Ошондо биздин гимнди ырдаганда, "таа-та-та-таң" дегенде дарактагы куштар учуп кетти дейт. Анан ошол тосуп алган өлкөнүн гимни ырдалганда куштар сонун болуп кайра конуп калды дейт", - деди Шакиев.
Президент Садыр Жапаров өзү бул демилге тууралуу азырынча комментарий бере элек. Анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов гимнди өзгөртүү спикердин гана идеясы экенин билдирди. Ошол эле маалда аны өзгөртүү демилгеси көтөрүлсө, жаңысы ачык сынактын негизинде тандап алынарын белгиледи. Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына көпчүлүк колдобосо, азыркы гимн өзгөртүүсүз каларын жазды.
"Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чаранын жүрүшүндө: “Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошон үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”, - деген билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. Эгерде Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлсө, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу зарыл. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо, азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт", - деп жазды Алагөзов.
Туура бир жыл мурда Шакиев Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоор жазган жана ал талаш-талкууга карабай кабыл алынган. Көп узабай эле Садыр Жапаров желекти өзгөртүү анын идеясы болгонун билдирген.
Азыркы гимнди 1992-жылы 18-декабрда эгемен тарыхта "легендарлуу парламент" деген ат менен менен калган Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы кабыл алган.
Ошол кездеги депутаттардын бири, академик Жамин Акималиев бир нече варианттын арасынан учурга төп келгени тандалып алынганын билдирди. Учурда өлкөдө гимнди өзгөртүүдөн башка маселелер турганын белгиледи:
"Гимнди, Гербди кабыл алып жатканда мен ага активдүү катышкам. Азыркы гимн өз талабына жооп берет. Азыр эми аны татаал деп деп айтып, "Кыргыз жери" өңдүү ырларды койсок, жашынан чоңуна чейин ырдап кетсин дегендей ою бар окшойт. Гимн деген жөнөкөй эле ыр эмес, бул мамлекеттик ураан. Азыркы гимндин сөзү деле жакшы, аны Жалил Садыков деген акыныбыз дагы бир акын (Шабданбек Кулуев - ред.) менен жазган. Музыкасына келгенде деле булардын кандайдыр бир нерсени талап кыла турган деле жагы жок. Аны Молдобасанов менен Давлесов жазган, симфониялык жагы эске алынган. Биз музыкасын төрт-беш варианттын ичинен тандап алганбыз. Экинчиден, бул жерде фольклор, элдин, Манастын духу бар. Биз бул гимнди ошон үчүн жактырганбыз. "Алгалай бер кыргыз эл, азаттыктын жолунда" деген сөздөрдүн эмнеси жаман? Жогорку Кенештин төрагасы салабаттуу, салмактуу болсо. Жогорку Кеңештин төрагасы, биринчиден, калыс болушу керек, экинчиден, алдыны көрө билиши керек. Азыр алдыбызда элдин турмушуна, элдин келечегине байланышкан орчундуу көйгөйлөр бар. Менин оюмча, ал Жогорку Кеңештин көңүлүн ушуга буруп, элге-жерге кандай кызмат кылууну ойлонушу керек. Парламент төрагасына популисттик сунуштар жарашпайт. Туу боюнча дагы аябай ызы-чуу болдук. Ошондо дагы төрага сунуштап чыккан. Канча талкуу болду, саясатташып да кетти. Ошентип аны дагы өзгөрттүк. Мен ушуну менен эле бул маселе токтоду деп ойлогом. Эми гимнди өзгөртөбүз деп чыкты. Бирок бул орчундуу маселе эмес да. Гимнди өзгөрткөндөн өлкөдө, биздин турмушта эч нерсе өзгөрүп кетпейт".
Бакиевдин маалымат катчысы
Парламент төрагасынын алгач тууну, андан кийин гимнди өзгөртүү тууралуу айтып чыкканы өзү тууралуу талкууларга жем таштады. Ал саясатка журналистикадан келген.
Нурланбек Шакиев 47 жашта, Константин Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1996-жылы ошол маалда анча белгисиз, негизинен шоу-бизнести жазган "Обон" деген гезиттен баштаган.
Бир жылдан кийин "Учкун" гезитинин редактору болгон. 1999-2004-жылдары өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп турган. Ошол жылы кыска убакыт Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы болгон. Андан кийин, 2005-2006-жылдары "Эркин-Тоо" гезитине башкы редактор болуп дайындалган.
Курманбек Бакиев президент болгон кезде, 2006-2009-жылдары анын басма сөз катчысы кызматында турган. 2009-2010-жылдары ЭлТР телеканалын башкарган. 2010-2011-жылдары маданият жана маалымат министри болгон. Кызматтан кеткенден кийин саясатка аралаша баштаган жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болгон, бул партиянын тизмеси менен шайлоого аттанган. Партия босого чектен өтө албады деп парламентке киргизилбей калганда, Шакиев нааразылык акцияларга катышкан.
Шакиев андан кийин "Ата-Журт" партиясына ыктаган жана анын ошол кездеги лидери Камчыбек Ташиевдин кеңешчиси болуп жүргөн.
Шакиев 2017-2021-жылдары New ТВ телеканалын жетектеген. Ошол маалда аталган телеканал экс-президент Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына арналган, аны мактап-жактаган видео материал көрсөткөн. Тасмага байланыштуу ал УКМКга суракка дагы чакыртылган.
Шакиев 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, бир мандаттуу Аксы округунан шайланып келген.
Парламенттин азыркы чакырылышында "Ата-Журт" фракциясынын лидери болгон жана 2022-жылы Талант Мамытов спикерликтен өз эрки менен күтүүсүз кеткенде, бул орунга жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, көпчүлүк добуш менен шайланган. Ошол маалда андан Бакиев тууралуу пикирин сурагандарга "коомчулук кандай көз карашта болсо мен дагы ошол көз караштамын" дегендей жооп узаткан.
Парламенттеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев - Шакиевдин гимнди өзгөртүү сунушун колдогон депутаттардын бири. Ал төраганын оң сапаттарын да санап берди.
"Нурланбек Шакиев - жаш кезинен саясатка бышкан инсан. 29 жашында эле президенттин басма сөз катчысы болгон, 34 жашында министрлик кызматты аркалады. Саясатка эрте бышты. Депутат, төрага катары да көтөргөн демилгелери талкуу жаратат, коомдо дискуссия болот, саясатчы катары стандарттан тыш кадамдарга баргандан кайтпайт. Саясатчылар, депутаттар адатта элге жаккан пикир айтканга, элге жагынганга аракет кылышат, Шакиев талаштуу маселелерди коомго алып чыккандан тайсалдабайт, өз идеясын талашып-тартышып болсо да аягына чыгарганга аракет кылат. Популизмден алыс, реалист. Кыргыз тилинин нагыз күйөрманы. Эгемендик, тил, улут тууралуу айткан ойлору да айрым өлкөлөргө жакпайт. Бир топ прогрессивдүү мыйзамдарды колдоп жатат. Төрага алып чыккан демилгелер жалпы эл шайлаган депутаттардан көз каранды. Өзү бир нече телеканалдарды башкарып, менежерлик сапатын көрсөткөн. Гимн боюнча да СССРдин күүсү менен жазылган гимн эмес, эгемен, эркин эл, улут катары жаңы гимнибиз болсун деген ойду таштады".
Былтыр журналист Бекен Назаралиев жергиликтүү гезиттердин бирине төраганы сындаган узун макала жарыялаган. Анда Шакиевди убагында басма сөз тармагына алып келүүгө көмөктөшкөнүн эске салган. Парламенттин спикери болгондон кийин "төрөпейил мүнөз күтүп калды" деген мазмунда айыптаган. Назаралиев Шакиевди журналистикага алып келгендердин бири болгонун ырастады, бирок ооруканада жатканын айтып, кыска комментарий берди:
"Азыр гимнден башка деле маселе толтура да. Элдин турмушуна ылайыктуу мыйзамдар чыгарылса жакшы болмок. Ар бир төрага деңгээлине жараша иш алып барат да".
Шакиев Назаралиевдин макаласына үн каткан эмес. Бирок материалды журналисттин Жогорку Кеңеште иштеген жубайы иштен алынгандан кийинки ызасына байланыштыргандар да болгон.
"Шакиев сөз эркиндигин коргошу керек эле"
Азыркы чакырылышта бир катар депутаттарга кылмыш иши козголуп, айрымдары ар кандай себептерден улам мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева туу жана гимнди өзгөртүү маселесинде бийлик коомчулук менен эсептешпей жатканын сынга алды:
"Эгемендик алганыбызга 33 гана жыл болду. Ошондон бери эсептесек, өлкөнү өтө жаш десек да болот. Президент дагы, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы биздин Конституцияда "бийликтин ээси - эл" деп жазылып турганын эсинен чыгарбашы керек. Орчундуу маселелерде эл менен эсептешүүсү керек. Туу өзгөргөндө бул жагдай эске алынган жок. Азыр эми гимн деп жатышат. Эгер өлкөнүн атрибуттарын өзгөртөм дешсе, анда баарын референдумга салыш керек болчу. Эл менен эсептешүү алардын түздөн-түз милдети. Эл аларды үнүбүз жетсин деп шайлаган. Нурланбек Шакиевди мен жакшы билбейт экем. Ал спикер катары көп маселеде позициясын, принцибин катуу кармашы керек. Канчалаган депутаттардын мандаттары алынды, канчасы камалды. Ал ошолорду коргой алган жок. Азыр коомду ойлонтуп, тынчсыздандырган маселе - бул азык-түлүктүн кымбатташы, аны эч ким ооздуктай албай жатат. Жумушчу орундар түзүлүүдө дегени менен, бул маселе толук чечиле элек. Насыялардын үстөк пайызы чоң. Кыш келатат, көбүн көмүр маселеси ойлонтуп жатат. Электр энергиясы, жол кире дагы кымбаттап жатат. Өкмөт азыр салык боюнча план коюп, ишкерлер дагы кыйналып калды. Ошондуктан элдин өкүлүбүз деп отургандар гимнди өзгөртөлү, Гербди өзгөртөлү дегендин ордуна ушундай элдин көйгөйүн көтөрүп чыгышса жакшы болмок. Коомчулукта катуу талкууланган журналисттер болобу, блогерлер болобу, же жөнөкөй жарандар болобу, соцтармактарда өзүнүн пикирин айтып койсо, аларга 200 миң сомго чейин айып пул салабыз деген мыйзам долбоор биздин өлкөнүн демократиялык деген кадыр-баркын чийип салат. Шакиев өзү убагында журналист болуп туруп, башынан жакшы-жаман өткөн адам катары ушундай сөз эркиндигин чектөөгө жол бербеши керек эле. Биздин эл табиятынын адилеттүүлүктү, калыстыкты, акыйкатты карманат. Ушундай мыйзамдардын айынан көптөгөн инвестициялар келбей калышы мүмкүн. Убагында "Кыргызстан - демократиянын аралчасы" деген макамдан улам бизге көп жеңилдетилген насыя, грант келген. Бул өлкөгө аябай зыяны тие турган мыйзамдар".
Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда Баш мыйзам өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга өткөн. Аны менен катар парламенттин ролу жана ыйгарым укуктары кыйла азайган. Парламенттин азыркы чакырылышы коомдо кыйла талкуу жараткан бир катар мыйзамдарды көпчүлүк учурда талкуусуз кабыл алды. Мындан улам Жогорку Кеңеш сөз эркиндигинин, жарандык коомдун кыйла чектелишине жол ачты, оюн эркин билдирүү укугуна кедергисин тийгизди деген сын-дооматка кабылды. Шакиев мындай дооматтарды бир нече жолу четке каккан.
Шакиевдин өкмөткө айбаты
Шакиев жакындан бери өкмөттү, айрым өкмөт мүчөлөрүн батыл сындай баштады. Өткөн айда спикер маселен парламентке чала иштелген мыйзамдар келип жатканын айткан жана өкмөткө мындан ары кайсы бир мыйзамдарды буга чейинкидей талкуусуз кабыл албоо керектигин эскерткен:
"Акыркы жылдары өкмөт алып келген, Министрлер кабинети демилгечи болгон бардык мыйзамдарды учур талабына, зарылдыкка, муктаждыкка байланыштуу колдоп келдик. Анын негизинде өкмөт дагы, президент дагы айтып жатат, өлкөбүздө бир топ жылыштар болду. Көп мыйзамдарды талкуусуз өткөрүп, колдоп берип жаттык. Бирок силер ушул жагдайды эске алган жоксуңар. Мындан ары андай болбойт. Эгерде мыйзамдар чийки болсо, бул жерге келген баяндамачылар онтолоп, тантырап отурса, анда мыйзамдар өтпөйт. Мындан ары Жогорку Кеңешке болгон мамилеңерди өзгөрткүлө. Парламент саясий туруктуулукту, экономикалык өсүштү камсыздоого салымын кошту. Мындан ары ар бир мыйзам долбоорун тыкыр карап, парламент өз ишин астейдил жасайт".
Парламент өткөн айда мурдагы президент Аскар Акаевге "экс" деген макамды кайтарып берүү маселесин кароону четке каккан.
Анда Шакиев: “Кыргызстан көз карандысыздык алган жылдарда бир топ кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын болду. Мына ушуга биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү бар”, - деп айткан.
Акаевге карата негизинен кан төгүү менен коштолгон Аксы окуясына байланыштуу сын-доомат айтылган. Ошол окуялар маалында Шакиев өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитинде жетекчилик кызматта турганын, бул каргаша тууралуу бир беткей материалдар кеткенин да эстегендер болгон.
Былтыр жазында "ПолитКлиника" сайты Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо тууралуу башкы прокурорго жазган каты делген документти жана ал материалды "толуктоо" максатында деген жүйө менен кайра алган.
Басылманын редактору Дилбар Алимова Башкы прокуратурадан жооп күтүп жатышканын билдирген. Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев кат жасалма экенин, төраганы "жаманатты кылуу үчүн" таратылып жатканын айткан.
Шакиев кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу маал-маалы менен айтып келет. "Кыргызстандагы халал индустриясы жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланганда, Шакиев документти кыргызча "адал" деп атоого чакырган. Соңку кездери ымыркайларга кыргызча ысым ыйгарылбай жатканын, бул тил маселесине терс таасирин тийгизерин билдирген.
Интернетте балдар үчүн даярдалган чет тилдеги контенттин баарына бөгөт коюуну сунуштап чыккан. Садыр Жапаров дагы, УКМКнын төрагасы Капмчыбек Ташиев дагы буга байланыштуу комментарий берип, аны колдобой турганын билдирген.