Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:36

Депутат менен мэрдин тиреши парламентке жетти


Эрулан Көкүлов менен Максат Нусувалиев.
Эрулан Көкүлов менен Максат Нусувалиев.

Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевдин парламенттен кечирим сурашын талап кылууда.

Мындай билдирүүгө калаа башчы менен депутат Эрулан Көкүловдун тиреши себеп болгон.

Бул бийлик өкүлдөрү менен парламент депутаттары тирешкен бул жалгыз учур эмес.

Маселе мэр менен депутаттын ортосундагы келишпестик сыяктуу айтылып жатканы менен бул жерде парламенттин ыйгарым укугуна барып такаларын айткандар болууда.

"Кечирим сурап койсун"

Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин 23-октябрындагы жыйынында жети минуталык билдирүү жасап, Токмоктун мэри Максат Нусувалиевдин депутат Эрулан Көкүловго жасаган мамилесине нааразы болду.

Маматалиев депутат шайланып келгенден кийин элдин көйгөйлөрүн көтөрө турганын, Көкүлов да Токмок шаарына ушул максатта барганын айтты. Ал сөзүнүн акырында Нусувалиев парламенттен кечирим сурашы керектигин билдирип, мэрди башка аймакка которуу маселесин да көтөрдү.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Эрулан ал жерге ойноп барган жок да. Эл кайрылып, эл “ушул мектеп бүтпөй жатыптыр” дегенинен барды эле. Урматтуу төрага, урматтуу Алмаз Акунжанович, сиздерге айтып кетет элем. Биринчиден, интервью бергенди жакшы көрөт экен. Маек берип жалпы парламенттен кечирим сурап койсун, “мектепти бүтүрөм” деп койсун. Анан өзүн хан сезип алыптыр ал жерде. Колдон келсе Таласка алып барып коюшсун. Бат эле эсине келтиришет. Же башка жерге алып барышсын”, - деди Марлен Маматалиев.

Марлен Маматалиевге чейин, 18-октябрда Жогорку Кеңештин трибунасына ушундай эле өңүттөгү билдирүү менен Эрулан Көкүлов өзү да чыккан. Депутат алгач мэр Нусувалиевдин Көкүлов боюнча маегинен үзүндү көргөзүп, андан соң жалпы парламенттин аброю боюнча билдирүү жасаган эле.

Эрулан Көкүлов.
Эрулан Көкүлов.

“Башында келгенде “биз коллегиялуу органбыз” деп айттыңар эле. Менин бул мэрге суроом жок. Менин суроом парламентке. Биз коллегиялуу орган болсок, ошондой бололу. Болбосо жок. Бир ай атайын карап турдум. Вице-спикерлер биз силерди эмнеге шайладык элек? Эгерде силер депутаттын статусун коргой албасаңар эмнеге отурасыңар? Бул жерге алып баруучу болуш үчүн эле келдиңер беле? Бизди эл шайлап, анан биз силерди шайладык эле го. Ушул жерден бизди коргоп, колдосун деп. Урматуу спикер, сизге дагы суроо бар. Албетте жумушуңар көп, бир депутаттын аркасын жүрбөшүңөр керек. Бир ай күттүм. Бул окуя боюнча бир сөз жок”.

Депутат Көкүлов менен мэр Нусувалиевдин ортосундагы пикир келишпестик сентябрь айында болгон. Анда депутат Токмок шаарындагы спорт мектебинин оңдоп-түзөө иштери менен таанышуу үчүн барып, ошол жерден кер-мур айтыша кеткен.

Бул окуядан кийин Көкүлов да, мэр Нусувалиев да медиа аркылуу бири-бирин айыптаган маек беришкен. Ошентип депутат менен мэрдин тиреши ырбап, акыры парламенттин трибунасына чейин жетти.

Токмоктун мэри Максат Нусувалиев Көкүловдун жасаган мамилесине нааразы болууда. Убагында “Не сахар” долбоорунун арты менен белгилүү болгон депутат Көкүловго бул боюнча буга чейин дагы сын-пикирлер айтылып келген.

Максат Нусувалиев.
Максат Нусувалиев.

“Жаш кезимен бери мамлекеттик кызматта иштеп жүрөм. Жогорку Кеңештин депутаттары менен мамилем жакшы. Ишке келгенде депутаттар менен кандай иштешти билебиз. Эч качан жалпы Жогорку Кеңешке жаман пикир айткан эмеспиз. Баягы өзү кылган мамилеге жараша эле жооп кайтарылды деп ойлойм. Ал жерде Жогорку Кеңештин депутаты, статусу боюнча маселе көтөрүлгөн эмес”, - деди Нусувалиев.

Максат Нусувалиев парламенттен кечирим сурасын деген талаптар боюнча комментарий берген жок. Маселе мэр менен депутаттын ортосундагы пикир келишпестик сыяктуу айтылып жатканы менен бул жерде парламенттин ыйгарым укугуна барып такаларын айткандар болууда.


Депутаттар аткаруу бийлигинин мамилесине буга чейин да нааразы болушкан. Мисалы, төрага Нурланбек Шакиев Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин парламентке атайын чакыруу менен келгенин айтып, аны “бийликтин эрке баласы” катары сыпаттаган.

Саясат талдоочу, жарандык активист Нурсултан Акылбек окуя боюнча мындай пикирди карманып турат.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

"Азыркы башкаруу системасы ушундай. Ага ылайык, 90 депутат бириксе да аткаруу бийлигинен эч кимди кызматтан ала албайт. Мэрди депутаттар эмес, Токмоктун эли да кечирим сурата албайт. Азыр айыл өкмөткө чейин түз дайындалат. Анан "Ынтымактын" нааразылыгын да түшүнө албай турам. Негизи Токмоктун мэринин ишине Токмоктун шаардык кеңеши нааразы болушу керек. Бул жерде Көкүлов менен Маматалиевдин иши жок. Токмоктун депутаттары элдин атынан сүйлөгөнү туура болот. Жогорку Кеңеш ошон үчүн Жогорку Кеңеш да. Анын депутаттары мамлекеттин саясаты, мыйзамдын аткарылышы, жалпы өкмөттүн иши каралышы керек да. Анан кийин мэр менен болгон талаш-тартышын трибунага алып чыгуу туура эместей. Жалпылап алганда мэр менен болгон маселе азыркы парламенттин деңгээлин, аброюн көрсөтүп, мурдагы ыйгарым укуктарынын кыскарганын билдирет".

Былтыр сентябрь айында депутат Эрулан Көкүлов менен ошол учурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин пикири келишпей, анда да ызы-чуу парламентке чейин жеткен эле.

Чырга себеп болгон мектеп жаңыланып бүтө элек

Жогоруда айтылгандай Эрулан Көкүлов менен мэр Максат Нусувалиевдин тирешине Токмок шаарындагы жалгыз спорт мектебиндеги ремонт иштери себеп болгон. Быйыл анын имараттарын жаңылоо максатында Токмок мэриясы 17 млн. сом бөлүп, бирок иштин сапаты боюнча маселе жаралган. Депутат Эрулан Көкүлов оңдоп-түзөө иштери кечеңдеп жатканынан балдар жабыркаганын айтууда:

“Мектептин ремонт иштери май айында бүтүш керек экен. Бирок июнга, андан соң август айына жылган. Азыр октябрдын аягы болуп калды. Бирок ремонт бүтө элек. Бул бир гана Токмокто эмес, Кыргызстан боюнча көп иштер убагында бүтпөйт. Элдин талабы оңдоп-түзөө иштерин убагында аяктоо болуп жатат да. Менин мектептеги иштер бүтүп, 1200 бала машыга баштаса деген талабым бар. Мэр боюнча эч кандай талап жок”, - деди Көкүлов.

Азырынча спорт мектептин ремонт иштери бүтпөй, балдар башка мектептин имаратында машыгып жатканы белгилүү болду. Ал эми Токмок мэриясы ички иликтөө жүргүзүп, ишти кечеңдеткен компания боюнча материал топтоп жатканын маалымдашты. Мэр Максат Нусувалиев мындай деди:

“Сметага көп жумуштар кирбей калган экен. Анан августта иш бүттү дешти. Барып иштин сапатын көрүп, кабыл албай койгом. Анткени сапаты начар, көп нерсе жасалбай калыптыр. Анан жанагындай чыр чыгып кетти. Мэрия аталган обьектини кабыл ала элекпиз. Жакын арада, балким ушул айдын этегине чейин ишке беребиз. Кандай болбосун биз кызматтык иликтөө жүргүзүп, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берели деп жатабыз. Чындыгында эле курулуштун жүрүшү боюнча маселе бар. Анын чечилишине мэрия дагы кызыкдар. Болгону депутат Эрулан Көкүлов менен болгон маселеден кийин элдин көңүлү башкага бурулуп кетти”, - деди мэр Нусувалиев.

Максат Нусувалиев 2023-жылы май айында Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал ага чейин Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментин башкарган эле.

Эрулан Көкүлов 2021-жылы парламентке “Ынтымак” партиясы менен шайланып келген. Мурда блогер катары белгилүү болгон Көкүлов шайлоодо эң көп добуш алган депутаттардын бири болгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG