Садыр Жапаров менен президенттик жарышта атаандашкан 16 саясатчынын тогузу кармалды. Алардын экөө тергөө абагында, бир нечеси үй камагында. Талапкерлердин бири түзөтүү мекемесинде каза тапса, башка бирөөнө издөө жарыяланды.
"Азаттык" Садыр Жапаровдун бийликке келгенинин үч жылдыгына карата анын атаандаштарынын тагдырын талдап көрдү.
Бактыбек Калмаматов
2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон Бактыбек Калмаматов беш жылча тыныгуу кармап, 2020-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин кескин сындоо менен саясий аренага кайтып келет. Ошол жылдын октябрында бийлик алмашкан соң ал кезексиз президенттик шайлоого катышууга арыз берет.
Калмаматов үгүт учурунда шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп жатканын сындайт. 2020-жылдын 28-декабрындагы дебатта “Баш мыйзам жаңыланса хан көтөрүлөрүн” айтса, 2021-жылдын 8-январындагы дебатта “фаворит талапкер” Садыр Жапаровду сындайт.
Президенттик шайлоодо жетиштүү добуш ала албаган соң Калмаматов 2021-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоого “Азаттык” партиясынын катарында ат салышат. Анын алкагындагы теледебатта саясий жарышта бийлик кайрадан эле өз партияларын парламентке алып келе жатканын белгилеп, муну үчүн өлкө башындагыларды айыптайт:
“Күчтүү президенттик башкарууда жашаган өлкөдө парламент азыркыдан артык боло албайт. Административдик ресурсту жең ичинен пайдаланганды токтотушубуз керек. Бүгүнкү бийлик дагы өткөн бийликтен сабак алган жок. Азыр дагы күтүрөтүп 4-5 партия жетелеп баратат. Ал партиялар ошол “кожоюндардын” күчү менен утуп чыкканы жатат. Биз буга чейин мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун “Биримдик” же “Мекеним Кыргызстан” партияларын сындап жүргөн болсок, алардын арасында кайсы бир деңгээлде мамлекетчилдер бар болчу. Бүгүнкү бийликчил партияларда “кудайга тообо кылдым” дей турган талапкерлер баратат. Азыр шайлоочулардын сапаты билинет. Себеби силер партияны эмес, талапкерлерди тандап жатасыңар. Бул парламент президенттин жана элдин жүзү болот. Негизи парламент бийлик балансын сактайт, жалаң бийликтин партиялары өтүп келе турган болсо парламент кошоматчы болот”, – деген Калмаматов 2021-жылдын 23-ноябрындагы дебатта.
2021-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоодо алты партия утуп чыгып, босого чекке жетпей калган башка партиялар – анын ичинде “Азаттык” партиясы да шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялайт. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында акциялар өтөт.
Бир айдан соң – 22-декабрга караган түнү Калмаматов Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылардан өлкөдөн чыгууга болбой турганын, ушундай буйрук берилгенин угат. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.
Саясатчы ошол эле күнү суракка кирип кармалат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып таккан. Буга экс-депутаттын социалдык тармактарда жасаган билдирүүсү себеп болгону маалымдалган.
Калмаматовдун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, алгач эки айга камалат. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, бийликке айткан кескин сын пикиринен улам куугунтукка кабылганын билдирген.
Президент Жапаров 2022-жылдын 17-январында “Вечерний Бишкек” сайтына берген интервьюсунда Калмаматовго "эч кандай саясий куугунтук болбогонун" айткан.
“Мен премьер-министр болгондо 2020-жылдын 7-8 октябрь күндөрү Бактыбек Калмаматовду "биринчи вице премьер-министр болуп иштеп бер" деп кабинетиме чакыргам. "Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам" деп кетип калган. Кийин карасам вицеликти тарта албайм деген Бактыбегим президент болом деп чыкты. Бул баланы артында турган карт бөрү карышкырлар "сен ушинтип кыйкырып чык" деп көкүтүп, сүрөп коюп жатышат. Алардын баары кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да”, – деген Жапаров анда.
Мамлекет башчынын интервьюсунан үч күндөн кийин – 20-январда Бишкек шаардык соту мурдагы экс-депутат Калмаматовду үй камагына чыгарган. Бир айдай тергөө абагында отуруп чыккандан бери Калмаматов коомдук иштерге аралашпай, билдирүү же интервью бербейт.
Абдил Сегизбаев
2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин УКМКны жетектеген Абдил Сегизбаев эки жылча саясаттан оолак болду. Бул маалда ал “Белизгейт” жана “Кой-Таш” иштерине байланыштуу билдирүү жасап, сурак берип жүрдү.
2020-жылдын октябрында президент Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетүүгө мажбур болгон соң Сегизбаев саясий аренага кайтып келип, ноябрда кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырат.
Үгүт маалында Сегизбаевдин шайлоо штабынын башчысынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, аткезчилик ишине байланыштуу суралат. Чоткараев Сегизбаев атайын кызматты башкарып турган маалда анын орун басары болчу. УКМК ошол эле иш боюнча Сегизбаев кызматта турган маалдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялайт. Сегизбаев муну “саясий басым” катары баалап, “шайлоо штабындагы кызматкерлердин жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу коркунучта” экенин жар салат.
Президенттике талапкер Сегизбаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) 30-декабрь күнкү теледебатта талапкер Садыр Жапаровду кескин сындап, экс-президенттин уулу Максим Бакиевге байланыштырган билдирүүлөрдү жасайт. 2021-жылдын 7-январындагы дебатта да Сегизбаев “Ысык-Көл Инвест” банкына, Жыргалаң шахтасына байланыштуу Жапаровду айыптайт. Жапаров өзү дебатка келбегени менен шайлоочуларга жолукканда атаандашына жооп берип, мунун баарын четке кагат.
2021-жылдын 10-январындагы шайлоодо Садыр Жапаров утуп чыгат. Сегизбаев жарышта административдик ресурс колдонулганын, талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн билдирет. Мындан он күнчө убакыт өтүп, 22-январда Башкы прокуратура Сегизбаевге кылмыш иши козголгонун жарыялайт.
Мурдагы башкы чекистке “Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы 2,2 гектар жайыт жерди башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуш жүргүзгөн” деген айып тагылган. Расмий кабарда, ошондой эле УКМКнын экс-төрагасынын жакын туугандары каза болгон, чет жакта жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18,46 гектарлык 92 жер тилкесин жасалма документтер менен менчикке өткөрүп алганы белгиленген.
Сегизбаев басма сөз жыйынын өткөрүп, кылмыш ишин "Жапаровго ачык каршы чыкканы үчүн саясий өч алуу болуп жатат” деп сыпаттаган:
"Биринчиден, тапшырманы аткарып атышат. Жазга чейин эмне болсо да мени камап, тынчытыш керек болуп атат. Андан кийин отчетун беришет да. Камалды деп. Экинчиси, эртең-бүрсүгүнү да бирдеме алып чыгабы деп коркуп атышат. Дебатта көп нерсе айтылып кетпедиби. Болгон нерселердин баарын айттым. Кандай коррупция, кандай ишмердүүлүк болгонун. Бийликке келгендердин. Дагы бирдемени чукуп чыгат деп коркуп атышат. Үчүнчүдөн, бул- саясий өч алуу", – деген Сегизбаев 2021-жылдын 22-январындагы басма сөз жыйында.
Мындан эки күндөн соң УКМК “Белизгейт” ишине байланыштуу Сегизбаевге "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айып тагат. Ошол эле күнү сурак берип, эки айга камалат. Кийин ага жалпысынан алты берене менен айып тагылат.
Ортодо Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген журналисттер, активисттер, блогерлер Мээрим Асанова, Кутман Мукашев, Нурзада Токтогулова жана Юлия Барабина сурак берип чыгат. Штабы тинтүүгө алынат. Барабина өлкөдөн чыгып кетип кутулат.
Президент Жапаров ошол жылдын мартында “Азаттыкка” берген интервьюсунда Сегизбаевдин ишин мындайча комментарийлеген:
“Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да”, – деген Жапаров.
Сегизбаев тергөө абагында бир жылдан ашык отурат. Ортодо ооруп, ооруканага которулуп, кайра абакка келет. 2022-жылдын апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Сегизбаевди Кылмыш кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, ага 4 миллион сом айып пул салып, аны төлөгөнгө чейин үй камагына чыгарган. Сот анын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараевди актаган.
Сегизбаевдин шайлоо учурунда Жетим-Тоо кени боюнча пикири айтылган эски видео 2022-жылдын августунда Фейсбуктагы "Полит Узник" деген баракчага жарыяланган. Баракчанын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалып, Сегизбаев бул ишке байланыштуу милицияга көрсөтмө берет. Сегизбаев ошондон бери коомчулукка чыга элек.
Садыр Жапаров УКМКны Сегизбаев башкарып турган маалда – 2017-жылы кармалып, 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген. 2020-жылдын октябрь айларында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, иши шашылыш каралып, кайра кароого жиберилген. Көп өтпөй иш кыскартылган.
Курсан Асанов
2019-жылдын 7-8-августунда суракка келүүдөн баш тарткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын операция өтүп, киши өлүмү менен коштолот. Кийин чыккан видеолорго ылайык, Атамбаевге ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кирип чыккан соң, мурдагы президент каршылык көрсөтпөөгө макулдук берет. Атамбаев 9-августта кармалат.
13-августта Асанов “операция маалында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти” деген жүйө менен кызматтан алынат. Ага “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тагыраагы “иш боюнча далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деген айып тагылган.
Бул ишке байланыштуу алгач ИИМдин кызматкери, кийин Асановдун айдоочусу, жардамчысы, кийин өзү камалат. Уулуна издөө жарыяланат. Асанов ортодо үй камагына чыгып, сот иштери уланып турат.
Ушундай жагдайда Асанов 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен катышат. 5-6-октябрдагы тополоңдордон кийин ал өзүн ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу деп жарыялап, министрликтин атынан билдирүүлөрдү жасап турат. ИИМдин жеке курамы Асанов менен кызматташуудан баш тартышканы кабарланып, убактылуу министрлик милдет министрдин орун басары Алмаз Орозалиевге жүктөлөт.
Колдоочулары абактан чыгарып алган Алмазбек Атамбаев баштаган топ 9-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн соң ал жана аны менен чогуу жүргөн саясатчылар четинен кармалат. Анын ичинде 10-октябрда Курсан Асанов да кармалып, эки айга камалат. Ноябрда ал үй камагына чыгып, президенттик шайлоого катышууга арыз берип, БШКдан каттоодон өтөт.
Үгүт иштери маалында Асанов мелүүн позицияны карманып, атаандаштарын кескин сындаган эмес. 2020-жылдын 30-декабрындагы теледебатта ал бардыгы мамлекет башчыдан көз каранды экенин белгилеп, кантсе да “хандык башкарууга жол бербеш керек” деген позициясын шардана кылган. 2021-жылдын 6-январындагы дебатта болсо өзү жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч болуп жатканын жарыялаган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу билдирүүсүндө ал шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган:
"Санын айта албайм, бирок жок дегенде Ош шаарынан көп добуш алышыбыз керек эле. Ал жерде болгону 309 добуш дейт. Кайсы бир жеринде эки добуш дейт. Андай болбойт. Ошондой эле Чүй облусунан, Бишкек шаарынан дагы атайлап бурмалоо, кээ бир талапкерлердин атайлап деңгээлин түшүрүү. Ошондуктан, мен шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин. Көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатат. Мен мурда да айтып келгем. Азыр да чындык үчүн мыйзамдүү түрдө сөзсүз күрөшөбүз. Баары мыйзамдын негизинде болот",– деген Курсан Асанов 11-январдагы сөзүндө.
Ошол күнү Асановдун кылмыш ишине байланыштуу анын жубайы Күлнара Үсөнканова УКМК суракка чакырылып, ошондон кийин ооруканага түшкөнү кабарланат. Үсөнканованын адвокаттары ал инсульт алганын, жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтышкан.
Президент Жапаровдун инаугурациясына эки күн калганда – 26-январда Курсан Асанов кайрадан кармалып, эки айга камалат. Бул ирет ага Октябрь окуяларында “Имаратты жана мекемени басып алуу” боюнча айып тагылат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Асановго тагылган айыпка байланыштуу 2021-жылдын 9-февралында “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындай аргументтерди келтирген:
“Баарына бирдей баа бербеш керек. Курсан Асанов эч кандай буйругу жок барып ички иштер бөлүмүндө команда берип… Көрдүңүздөр го. Бул басып алуу болот. Эки-үч күндөн кийин жамааты чыгарып коюп жатат. Ошондуктан буга баа берилип, сурап жатат. Прокуратурага келип, отуруп алгандар боюнча тергөө жүрүп жатат, бирок алар барган, отурган, кайра чыгып кеткен. А Курсан Асанов буйругу жок эле команда берип, көптөгөн иштерди кылды. Бирок бул Асанов күнөөлүү, соту болот деген сөз эмес. Тергөөсү жүрсүн, эртең айыбын бекитүүгө келгенде биз ар бир факт боюнча карап чыгабыз”, – деген Зулушев.
Бул ишке байланыштуу тергөө уланып жаткан маалда Асанов 2021-жылдын апрелинде үй камагына чыгат. Алты айдан кийин – 14-сентябрда "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыпталып, дагы кармалган. Буга ошол учурда Асановдун үнүнө окшош адамдын аудио жазуусу социалдык тармактарда тараганы себеп болгон. Камалгандар аны "фейк" деп аташкан. Ишке байланыштуу бир топ саясатчылар суракка алынган.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары бул ирет Кыргызстандагы тартиби катаал жайлардын бири деп саналган №50 колонияга камалат. Төрт айдан ашыгыраак убакыт отурган соң 2022-жылдын 3-февралында үй камагына чыккан.
2022-жылдын июнунда Атамбаев баштаган саясатчылар, анын ичинде Асанов да Октябрь окуясы боюнча акталган.
Бир жылдан кийин – 2023-жылдын июнунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Курсан Асановго козголгон калган үч иш боюнча өкүм чыгарып, эки айып боюнча аны актаган. Бир иш боюнча айыптуу деп табылган жана адвокаттары апелляция берген.
Адахан Мадумаров
Жогорку Кеңеште бир нече жолу депутат болгон Адахан Мадумаров партиясы менен эки жолку парламенттик шайлоодо жеңишке жетпей, 2020-жылкы шайлоого да катышат. БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын алгач каттабай коюп, саясий топ соттун кийлигишүүсүнөн соң кайра жарышка түшүүгө уруксат алат. Шайлоодо бийликчил үч партия жана оппозициячыл аталган партия гана босогодон өтүп, бирок тополоңдон улам бул ирет да парламентке келе албай калат.
Октябрь окуяларында Мадумаров бир нече саясий партия түзгөн Координациялык кеңешти жетектеп турат. Бул кеңеш абактан чыгып премьерлик милдетти колго алган Жапаровдун талапкерлигине каршы чыкканы менен, бийликти талашпай турганын жарыялайт. Мадумаров өз интервьюларында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып, кезексиз президенттик шайлоого талапкер катары катталат.
Үгүт башталганда Мадумаров 2020-жылдын 28-декабрындагы дебатта бийликти “административдик ресурсту колдонуп жатат” деп айыптаса, 6-январдагы телетаймашта Жапаровдун дебатка келбегенин сындайт. Жапаров УТРКда өткөн эки ири дебатка тең катышкан эмес, мунун себебин ал шайлоочулар менен жолугушууда “телеканалдардагы беттештер “ушак дебат” болуп калганы” менен түшүндүргөн.
Жапаров шайлоодо 79-80% добуш алат. 6-7% добушка менен экинчи болуп келген Мадумаров “шайлоо реалдуулуктан өтө алыс өткөнүн”, “баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилбегенин” билдирип, референдумдун жыйынтыгын “жомок” деп атайт.
2021-жылдын сентябрында президент Жапаров мамлекет башчы катары өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында Тажикстан менен чек араны тактоодо жолтоо болгон себептерди атап жатып, Баткендеги Төрт-Көчө тилкесине токтолот. Ал так ушул тилке боюнча 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы катары Мадумаров кол койгон протоколду расмий Дүйшөмбү бетке кармап жатканын билдирет. Анда кыргыз тарап Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алары жазылып калган.
Мадумаров муну өз интервьюларында четке кагып, “протокол жөн гана ниетти түшүндүрөрүн жана юридикалык күчкө ээ эмес экенин” айтып чыккан.
2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы тиешелүү чектен өтүп, Жогорку Кеңешке келет. Жаңы чакырылыш 2022-жылдын 12-январында ишин баштаса, эки күндөн кийин – 14-январда Мадумаров Башкы прокуратурага чек ара боюнча документке байланыштуу сурак берип чыгат.
17-январда Мадумаров кайрадан сурак берсе, президент Жапаров ошол эле күнү протоколго байланыштуу кайрадан аны айыптайт.
“Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, "Төрт-Көчө көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен пртоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун протоколу күчүндө турат. Мен дароо эле "Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, Төрт-Көчөнү кайра карап чыгалы" дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Төрт-Көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу – бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер!”, – деген Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына берген интервьюсунда.
Депутат Мадумаров “президент өзү тергөөчү, башкы прокурор, сот болуп алды” деп сындап, өз дарегине айтылган айыптоолорду төгүндөйт. Мадумаров 18-25-январь күндөрү дагы сурак берип, башкалар менен беттештирилет. Ортодо аталган ишке байланыштуу башка саясатчылар да суралат.
2022-жылдын 10-февралында Башкы прокуратура кеп болуп жаткан протоколго байланыштуу Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылат. Саясатчыга “Чыккынчылык” беренеси менен иш козголгону маалым болот. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын изилдөөсүнөн кийин – 9-мартта парламент Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү же бербөө маселесин карап, прокуратуранын өтүнүчүн четке кагат.
Ошол тушта “Азаттыктын” кабарчысына берген кыска интервьюсунда депутат тагылган айыпты “жомок” деп атаган:
“Кеп ал протокол жөнүндө эмес, кеп Мадумаров жөнүндө болуп жатат. Болбосо андай протоколдор жүздөп саналат". Депутат Балбак Түлөбаев “пандора жашыгын ачпагыла” деп айтып кетти. Анткени бул өтө коркунучтуу эскертүү. Ким ыңгайсыз болсо, аны протоколго такап туруп, алып кете бергенге жол ачылып жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жумушчу топтун протоколун ушундай деңгээлге чыгаруу - бул жеткен сабатсыздык. Болгондо да Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 2011-жылы муну толук жокко чыгарып, 2012-жылы өкмөт аны толук чакыртып алган. Ошондуктан бул 100% эмес, 1000% куугунтук”, – деген ал.
Парламенттин 2-июндагы жыйынында УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутат Мадумаровду "бийликти басып алууга аракет кылууда" деп айыптаса, Мадумаров анын өзүн “кезинде төңкөрүш жасаган” деп күнөөлөйт.
Ал арада Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери талаш-тартыш жаратып, Мадумаров мында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жер тилкеси коңшу өлкөгө өтүп кетип жатканын сындап чыгат. Депутат буга байланыштуу октябрдын башында, ортосунда жана аягында Өзгөндө өткөн нааразылык акцияларына катышат.
2022-жылдын 22-октябрында Бишкекте “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлүп, Мадумаров менен депутат Исхак Масалиев да ага кошулат. Алар комитеттин ошол күнкү жыйынына да катышат. Эртеси, 23-октябрда бул комитеттин мүчөлөрүнүн көбү кармалат.
Нааразылыктарга карабай Жогорку Кеңеш ноябрь айында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жактырат. Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев 2023-жылдын январында Бишкекте ратификациялоо грамоталарын алмашты.
Мындан беш айдан соң – 31-майда Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартуу өтүнүчү менен экинчи жолу Жогорку Кеңешке кайрылат. Мында ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликтен аша чабуу” беренеси боюнча иш козголгону маалымдалган. Депутаттык комиссия кайрадан изилдөө жүргүзүп, анын чечими менен парламент 22-июнда Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берет.
2023-жылдын 2-сентябрында депутат Мадумаров кармалып, камакка алынат. Мында саясатчыга “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болот. Анын артынан партиянын бир нече мүчөлөрү кармалган. Мадумаровдун өзүнүн иши былтыр октябрда сотко өтүп, процесс ошондон бери уланып келатат. Депутат дале тергөо абагында.
Баса, депутат Мадумаровго кеп болуп жаткан маселеден сырткары Өзбекстан менен чек араны тактоодо талаш жараткан Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегиндеги каршылыктарга байланыштуу да айып бар. Бирок парламент эл өкүлүн бул боюнча жоопко тартууга уруксат берген эмес.
Равшан Жээнбеков, Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова
Кемпир-Абад демекчи, кыргыз бийлиги Өзбекстан менен чек арасын тактоо иштерин жандантып, анын ичинен Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу өлкөгө берилери айтылган 2021-жылдан тартып Бишкекте жана Өзгөндө ар кандай формадагы нааразылыктар чыгып турган. 2022-жылдын сентябрында жана октябрында суу сактагыч жайгашкан Өзгөндө бир катар акциялар өттү.
2022-жылы 15-октябрда Өзгөн районунда бул маселеге байланыштуу курултай болуп, 21-октябрда ал жүрүш менен коштолот. Ага катышкан саясатчылар 22-октябрда Бишкекте чогулуп, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүшкөнүн жаздык. Комитетке киргендердин катарында соңку президенттикке катышкан Равшан Жээнбеков, Канатбек Исаев жана Клара Сооронкулова да башкалар менен чогуу ошол күндүн эртеси, 23-октябрда кармалган болчу.
Жээнбеков 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп, андан кийин оппозицияда жүргөн. Ал 2019-жылдын августундагы “Кой-Таш окуясына” байланыштуу ошол эле жылы декабрда камакка алынган. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо абакта жатып “Социал-демократтар” партиясынын атынан шайлоого катышат. Шайлоодон кийинки тополоңдордун шарты менен абактан чыгып, башка саясатчылар кайра камалган чакта ал үй камагында калат.
Саясатчы ушундай шартта кезексиз президенттик шайлоого катышат, бирок сот аны аймактарда үгүт жүргүзүүгө уруксат бербейт. Теледебаттарда жалпы президенттик башкарууну айыптаганы менен анын башында тургандарды жана негизги талапкерди кескин сындабайт. Соңунда “шайлоонун жыйынтыгын реалдуу натыйжа катары кабыл аларын” жарыялайт.
2021-жылдын апрелинде Жээнбековдун бир тууганы Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбековага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен иш козголуп, саясатчы өзү УКМКга сурак берип чыгат. Экс-депутат карындашына айып тагылуусун өзүнүн “Next TV” каналында чыккан материалдарга байланыштуу кысым катары баалайт.
Жээнбеков 2021-жылдын августунда “үй камактын шартын бузду” деп айыпталып, кайра камакка алынат. Ошол жылдын ноябрындагы шайлоодо бир мандаттуу округдан ат салышканы менен сот абактан чыгарбайт. Декабрда гана жаңыдан күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык камактан бошойт.
2022-жылдын мартында Жээнбеков ээлик кылган “Next TV” телеканалына иш козголуп, анын директору Таалай Дүйшембиев камалат. Уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынып, жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага дагы кылмыш иши козголгон.
Жээнбеков өзү жогоруда айтылгандай, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, дээрлик бир жарым жылдан бери абакта отурат. Бул арада абакта жатып Бишкектеги Ленин округунда кайра шайлоого катышууга да үлгүрдү. 2023-жылдын май айында аялы Салкынай Алимбаева “Коррупция” беренеси менен шектелип, камакка алынат. Алимбаева үч айдай абакта жатып, саламаттыгы оорлогонуна байланыштуу июлдун аягында үй камагына чыгарылган.
Канатбек Исаев 2011-2014-жылы Жогорку Кеңеште “Республика” партиясынан депутат болуп, андан соң бир жылча Чүй облусун жетектеген. 2015-2021-жылдары “Кыргызстан” партиясынан параментте депутат болуп, кийин фракцияны жетектейт.
Депутат катары 2016-жылы Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, Башкы прокуратура анын бир нече жыл мурун Токмокто мэр болуп тургандагы аракети боюнча козголгон кылмыш ишин кайра териштире баштаган. 2017-жылы “Бийликти басып алуу” беренеси менен айып тагылып, камалган. Мурунку президент Атамбаев менен ошол учурдагы президент Жээнбековдун тирешинин фонунда 2018-жылы алгач үй камагына чыгып, кийин парламенттеги ишине кайтып келет. Жогорку Кеңеште ал Атамбаевди жоопко тартуу комиссиясына кирет.
Исаев 2020-жылы “Кыргызстан” партиясынын лидери катары шайлоого катышат. Партиянын документтери кечиккендиктен БШК алгач аны каттабай, соттошуудан соң гана жарышка түшөт. Шайлоодо утуп чыкканы менен тополоң чыгат. Октябрь окуяларынан кийин, 13-октябрда саясий күчтөрдүн келишими менен спикер болуп шайланат.
Бирок Жээнбеков кызматтан кеткен соң Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, ал милдетти ошол маалда премьерликке бекиген Садыр Жапаров алат. Ноябрдын башында Исаев кызматтан кетип, президенттик шайлоого аттанат. Ал эми спикерликке Талант Мамытов келет. Садыр Жапаров да шайлоого аттангандыктан Мамытов президенттин милдетин аткаруучу болуп калат.
Исаев үгүт маалында жана дебаттарда атаандаштарына, анын ичинде Жапаровго кескин сын-пикир айткан эмес. Бир гана Жапаровдун Кытайдан келген депутат Адыл Жунус уулу менен байланышындагы күмөндүү жагдайларга басым жасаса, Жапаров өзү эл менен жолугушууда андай айыптоолорду толук четке каккан.
Исаев президенттик шайлоодон кийин 2021-жылы депутаттык мандаты аяктаган соң кайра шайлоого катышкан эмес. 2022-жылдын октябрында “Кемпир-Абад иши” боюнча кармалып, бирок анын иши сотто өзүнчө каралган. Кийин ага башка беренелер менен айып тагылганы белгилүү болгон. Эки айдан ашыгыраак абакта жатып, 2023-жылдын январында үй камагына чыккан. Былтыр августта иши боюнча соттук кароо башталган.
Клара Сооронкулова 2010-2011-жылдары БШКнын мүчөсү болгон. 2011-2015-жылдары Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болгон. Ал жарандардан "биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз" деген пикирин айтканы үчүн судьялыктан мөөнөтүнөн мурда алынган.
2015-жылы парламентке “Ата Мекен” партиясынын катарында ат салышып, мандатка кезеги жеткен эмес. 2020-жылы “Реформа” партиясы менен шайлоого катышат. Партия саясий жарышта босого четкен өтпөйт, бирок шайлоо жыйынтыгы саясий кризистен улам жокко чыгат. Бул окуялардын фонунда Сооронкулова Садыр Жапаровдун бийликке келүү ыкмасын сындаган.
Экс-судья өзү да кезектеги президенттик шайлоого аттанат. Үгүт маалында жана теледебаттарда талапкер Садыр Жапаровдун аракеттерин, шашылыш акталып чыгышын жана башка жагдайларына токтолгон. Сооронкулова шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан таанышарын, бирок укуктук жактан мыйзам бузуулар болгонун билдирген.
Сооронкулова 2021-жылы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна өзүнүн “Реформа” партиясы менен, Жогорку Кеңештин шайлоосуна “Ата Мекендин” катарында катышат. Партиялар эки шайлоодо тең өткөн эмес.
Саясатчы ортодо Октябрь окуялары боюнча суракка алынат. 2022-жылдын октябрында башкалар менен чогуу “Кемпир-Абад ишине” байланыштуу кармалат. Абакта саламаттыгы начарлап, ооруканага да жатып чыкты. Алты айча абакта отурган соң – 2023-жылдын апрелинде үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы “Кемпир-Абад иши” боюнча кармалгандарга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Бирок кармалгандардын бири да күнөөсүн мойнуна алган эмес. Алардын баары муну “саясий куугунтук” дешет.
Сооронкулова “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” чогулушу өткөн Бишкектеги “Casa Italia” кафесинде отурган жеринен “Азаттыкка” мындайча маек курган болчу:
“Момундай коомдук жайда, кафенин ичинде кайсы келесоо төңкөрүш жасоону сүйлөшмөк эле? Баары ушул жерден башталган, ошого ушул жерге байланып калдык окшойт. Жума сайын эле ушул жерден жолугуп калабыз. Биз кылмыштуу аракет үчүн абакта отурган жокпуз, биз идея үчүн отурдук. Негизги мүдөө – мамлекеттин көз карандысыздыгы, суверенитети жана аймактык бүтүндүгү. Биз мына ушул идея менен чыктык да. Кемпир-Абад деген бул бир гана кейс, жалпысынан биз улуу идея үчүн күрөш жүргүздүк”.
Бийлик өкүлдөрү ар кайсы билдирүүлөрүндө Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандарды айыптаган риторикасын кайталады. Президент Жапаров да, УКМКнын төрагасы Ташиев да аларды “чагымчы” деп атап, "суу сактагычты шылтоо кылып тополоң уюштурууга аракет кылган" деген мааниде сөз сүйлөшкөн.
Президент Жапаров 2022-жылдын декабрында "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде камалгандар "Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылышкан" деп түшүндүргөн:
"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90% жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм", – деген президент.
“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган иштин алкагында кармалгандардын бир бөлүгү 5-6 ай отуруп, айрымдары 9-10 айдан соң үй камагына чыгарылды. Башкача айтканда, 2022-жылы кармалгандар 2023-жылы бошотулду. Бирок бул ишке байланыштуу кармалган 27 кишинин 12си ушул күнгө чейин дале тергөө абагында жатат жана соттору жабык өтүүдө.
Белгилүү болгондой, ушул тапта Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов жана Таалай Мадеминов тергөө абагында отурат.
15 жаран – Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов үй камагында. Булардын ичинен Нарматова менен Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
Арстанбек Абдылдаев жана Имамидин Ташов
Алгач ишкерлик менен алектенип, саясатка кийин аралашкан Арстанбек Абдылдаев коомчулукта Арстан Алай деген ат менен таанымал. Ал кезинде "Кыш болбойт", "Путин биоробот" деген сыяктуу лакапка айланган сөздөрдү айтып, өзүн "Жаңы кудай" деп атаган коомдук ишмер 2011-жылы, 2017-жылы жана 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан.
Абдылдаевге бул өңдүү билдирүүлөрүнө байланыштуу 2019-жылы Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козголуп, иликтөө жүргөн. Ал өзү мындай айыптоону четке каккан. Тергөө бир жылча жүрүп, “кылмыштын курамы табылган жок” деген негизде 2020-жылы териштирүү токтотулган.
Абдылдаев 2021-жылкы шайлоонун алкагында өткөн
теледебаттарда адаттагыдай эле ординардуу эмес билдирүүлөргө акцент жасаган. Бирок беттешке келбей калган Садыр Жапаровго теледен кайрылып, “башчы боло албайсың” деген маанидеги сөздөрдү айткан. Шайлоонун жыйынтыгында атаандашынын утушун “кырсык” алып келет деп баалаган. Абдылдаев андан берки интервьюларында да азыркы бийликке карата сын-пикирлерин жарыялап турган.
2023-жылдын 14-декабрында Абдылдаев Бишкекте дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыгат. Свердлов райондук милициясы издөө жарыялайт.
15-декабрда УКМК Абдылдаев "диний кастыкты козутууга айыпталып" кармалганын кабарлайт. Расмий маалыматта, ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып тагылган. 16-декабрда сот аны бир айга камайт.
Жарым айча убакыт өтүп-өтпөй, 2024-жылдын 5-январында Абдылдаевдин сөөгү Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде асынып турган жеринен табылат. Ал 7-январь күнү Бишкек шаарынын четиндеги Сокулук районуна караштуу Орок айылында жерге коюлду.
Жаза аткаруу кызматы расмий билдирүүсүндө ал психотикалык дарт менен жабыркап жүрүп, өз өмүрүнө өзү кол салганын, электр чайнегинин зымына сүлгүну улап, асынып алганын маалымдаган. Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган.
2023-жылдын 27-октябрында Имамидин Ташовду УКМК комитети кармаган. Атайын кызмат аны Бишкекте бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курган деп айыптаган. Ташов 10 батир жана 52 жарым миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берип, былтыр 8-декабрда үй камагына чыккан.
2024-жылдын 9-январында Ташов коомчулукка видео кайрылуу жасап, УКМКнын "куугунтугуна жана опузасына кабылганын" айтып чыккан. Ишкер атайын кызматтын адамдары аны 27-декабрда кайрадан кармап, сегиз күн эч кимге кабар бербей, белгисиз жерде камап турушканын, чоң сумма акча сурашканын жарыялаган. Видео кайрылуу качан жана кайда тартылганы белгисиз.
“Ошол маалда тууну алмаштырууга каршы флешмобдор, тынч митингдер уюштурулуп жаткан. Мен дагы ошого өз салымымды кошсом деген ниетим үчүн мени кармап жатышты. Муну менен эле токтоп калбай, ар кандай нерселер менен коркутушту. Компанияга кол салып, бардык мүлкүн камакка алабыз, жакындарыңа залака тийип калышы мүмкүн деп коркутуп көрүштү. 52 миллион сом төктүрүп, ал аз келгенсип “сол чөнтөккө 100 миллион бересиң” деп араң чыгарышты. Өзүңүздөр билгендей, биздин канчалаган кесиптештер, куруучулар камалып, “кусуп” чыгышты”, – деген Ташов ал видеодо.
10-январда УКМКнын төрагасы Ташиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ишкер Ташовдун кайрылуусуна да комментарий берди. Ал коюлган айыптоолорду төгүндөп, Ташовдун өзүн "мамлекетте төңкөрүш жасоого даярданып жаткан" деп өзүн күнөөлөдү.
“Ал 52 миллион сомду бизге эмес, Бишкек шаарына төлөп берди. Ал кайрылуусунда "100 миллион сомду атайын кызматтын кызматкерлери сурады" деп жатат. Биз соттун чечими менен анын башкалар менен сүйлөшкөнүн жаздырып алганбыз. Ташов тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүп, Кыргызстанда төңкөрүш кылууну пландап жатышат. Бир канча күн сүйлөштү. Ага карабай 52 млн сом төлөгөндөн кийин Ташовду чыгарып, байкап жаттык. Кийин ушул видеосу жарыяланып жатат. Биздин кызматкерлер сүйлөшүүнү жаздырып алган экен, ал жерде Куренов “100 миллион деп коё бер, эл ишене берет” деп жатат”, – деген Ташиев.
Буга улай эле УКМКнын басма сөз кызматы ишкерге издөө жарыяланганын билдирди. Атайын кызмат Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын тактаган.
Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен биргеликте "бийликти басып алууну пландаган" деп шетелүүдө. УКМК бул үчүн жетиштүү далилдер бар деп ырастады. Ташов өзү кийин муну комментарийлеген эмес жана учурда кайда экени белгисиз.
Сөз болгон Тилекмат Кудайберген уулу социалдык тармактарда Тилекмат Күрөңов деген ат менен таанымал активист. Ал Кыргызстандын бийлигин сындап, кармалып кайра бошогон соң чет өлкөгө чыгып кеткен.
12-январда Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиодогу” маегинде KG Group компаниясына берилген лицензияны жокко чыгаруу маселеси каралып жатканын билдирген. Ал мунун себеби компания Бишкекте курган 9 объектинин үчөө гана пайдаланууга берилгенин, калганынын документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына электиги менен түшүндүргөн.
Президент Жапаров 15-январда "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда Имамидин Ташов менен активист Тилекмат Кудайберген уулунун ишине да кайрылып, алар "бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылышканын", бирок өлкөдө "бийликти күч менен алмаштырууга негиз жоктугун" айткан.
Калган талапкерлер
Президенттик шайлоого катышкан калган талапкерлердин саястй сапарына сереп салсак.
Үч ирет Жогорку Кеңештин депутаты болгон Каныбек Иманалиев 2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан эмес. Бирок андан кийинки саясий кризисте бийлик мажбур түрдө алмашып жатканын кескин сындап, ал кырдаалда “криминал утушка ээ болуп жатканын” айткан. Ал ошол күндөрү Конституцияны өзгөртүүнү, президенттик башкарууга өтүүнү да айыптаган.
Иманалиев президенттик шайлоого аттанып, андагы билдирүүлөрүндө “Садыр Жапаров мамлекет башчысы болуп шайланып калса, Кыргызстанды Түркмөнстанга эмес, Ооганстанга айландырат” деген билдирүүлөрдү жасаган. Атайын дебаттарда негизги атаандаштын дарегине ачуу сындарды жаадырган.
Шайлоого бир нече күн калганда – 2021-жылдын 6-январында УКМК “Эркин Тоо” басмаканасына байланыштуу кылмыш ишин кайрадан иликтөөгө киришкен. “Эркин Тоо” басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча соңку ишти прокуратура 2016-жылы козгогон. Анда Каныбек Иманалиевдин аты аталган. Үгүт маалында ал муну "шайлоодогу кысым" катары мүнөздөгөн.
Бирок бул ишти тергөөнүн аягы эмне менен бүткөнү белгисиз. Эки жылдан кийин – 2023-жылдын февралында Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалып, кайра ошол эле жылы сентябрда кызматтан алынган. Президент кол койгон жарлыкта, мунун себеби “тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн” деген негиз менен түшүндүрүлгөн.
2011-2015-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болгон, 2018-2020-жылдары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болгон Улукбек Кочкоров 2020-жылкы парламенттик шайлоого ошол маалдагы “Биримдик” партиясы менен ат салышкан. “Биримдик” утуп чыкканы менен, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Октябрь окуяларынан соң Кочкоров кезексиз президенттик шайлоого аттанган.
Шайлоо учурунда Кочкоров артынан атайын кызматтын кызматкерлери аңдууга алганын билдирип, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан. Ал дебаттарда атаандаштарын кескин сындаган эмес. Кочкоров андан берки шайлоолорго катышкан жок, бирок саясаттан да таптакыр кеткени байкалбайт. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу, же атайын интервьюларда, талкууларда чек ара, камоолор, Кумтөр жана башка маселелер боюнча пикирин ачык айтып келатат.
2021-жылкы президенттик шайлоого катышкан ишкер Аймен Касенов менен экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров аз өтпөй Бишкек шаардык кеңешине “Реформа” партиясы менен катышкан.
Бирок партия өтпөй калган. Касенов андан бери саясатка көп аралашпай калса, Абакиров 2021-жылдын күзүндө "Альянс" саясий партиясы менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан. Эгер аталган фракцияда орун бошоп калса, ал жакын арада мандат алышы мүмкүн.
Мурдагы экономика министри, соңку шайлоодо президенттикке талапкер болгон Жеңишбек Байгуттиев менен ишкер Бабур Төлбаев дале финансы тармагында ишкерлик менен алектенет.
Байгуттиев “Толубай банктын” Директорлор кеңешинин кеңешчиси болсо, Төлбаев өзү негиздеген “Мол Булак Финанс” микроредиттик компаниянын башкы директору.
Улуттук биринчи каналда, ЭлТРде көп жылдар бою журналист, баяндамачы жана редактор болуп иштеген Мыктыбек Арстанбек акыркы жылдары диний багытта ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Ал Адал индустриясын өнүктүрүү борборун жетектеп, жарандарга сабактарды өтүп жүрөт. Арстанбек 2021-жылы “Азаттык” партиясынын катарында Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан, партия уткан эмес.
Соңку президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон
Рашид Тагаев шайлоого 10 күнчө убакыт калганда жарыштан чыкканын жарыялаган. 2020-жылдын 30-декабрында ал социалдык түйүндөр аркылуу шайлоочуларына кайрылуу жолдоп, “талапкерликти мындан аркы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербеген жеке ишенимдерге байланыштуу токтотууга мажбур болгонун” билдирген.
Коомдук жана саясий ишмер Тагаев көп жылдар бою милиция системасында иштеген, 2005-2010-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. Тагаев президентти шайлоодон бери саясий талаада көрүнбөйт.
2021-жылкы президенттик шайлоого катышкан саясатчылардын теңинен көбүнө айып тагылып, кармалып, камалып чыккан. Талапкерлердин дагы бири түзөтүү мекемесинде каза болсо, дагы бирине издөө жарыяланганын да жаздык.
Бийликтин жообу
Мунун баары жөн гана дал келүүчүлүкпү? Же азыркы президенттин шайлоодогу атаандаштарына атайылап чабуул жасалган болушу мүмкүнбү? Ушундай суроо менен мамлекет башчынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге кайрылдык:
“Менимче, бул камоолордун эч кандай президенттик шайлоого тиешеси жок. Муну дал келүүчүлүк деп деле атаганга болбойт. Болгону ошол адамдар мыйзамды бузушту, ошонун жоопкерчилигин тартып жатышат. А эмне мыйзам бузганын укук коргоо органдары билдирип жатат, деталдарын ошолордон сурап алсаңар туура болот. Анан, оппозиция деген нерсе бул мыйзам бузуу жолу менен, мамлекетке зыян келтирүү менен оппозиция болбойт да. Оппозиция деген бул өлкөдөгү кемчиликтерди айтып, мыйзамдуу жол менен, шайлоодон утуп чыгып, бийликке барууну пландаган топ. Анан “төңкөрүш кылабыз”, “бийликти кулатабыз”, “баланчанчы датада митингге чыгабыз, баарыңар чогулгула” дегенди айткан, бул оппозиция эмес. Бул радикалдуу топ. Мен баары деп атай албайм, бирок ошо кармалгандардын ичинде ушундай аракеттерге кандайдыр бир негизи болгону үчүн укук коргоо органдары аларды кармап атса керек. Калгандарына болсо ар биринин өз аракетине жараша айыптар тагылган”.
2020-жылы президенттин милдетин аткарып турган маалда өткөргөн басма сөз жыйынында президент Жапаров журналисттерди коргоого убада берген. Ал “иликтөөчү кабарчылардын өмүрүнө коркунучтар жаралса, керек болсо мамлекет тараптан сакчы берилерин” айткан.
Шайлоодон утуп чыккандан кийинки басма сөз жыйынында да Жапаров журналисттердин “сизди сындаган маалымат каражаттарын кысымга албайсызбы?” деген суроосуна “андай болбойт, сөз эркиндиги толук корголот” деп жооп берген. Ал ошол эле маалда журналисттердин жоопкерчилигин эскерткен.
Жапаров ант берип жаткан учурда Кыргызстанда сөз эркиндиги камсыздаларына ишендирген. Ал “президенттик башкаруу адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес” деп кесе айткан.
Жарандык коомдун реакциясы
Саясий талдоочу Руслан Акматбек "бийликтин дарегине сын айтуу - кооптуу көрүнүшкө айланганын" белгилейт:
“Бул камоолордун баары биздин өлкөнүн авторитардык режимге багыт алганынын көрсөткүчү. Авторитардык режимдин негизги принциби – бийликке таптакыр зыян келтирбөө. Биз күч структураларынын колу менен башкарылып жатканыбыз үчүн, алардын түшүнүгүнөн сырткары чыккан, айталы, бийликке сын айтуу, суроо салуу, күмөн саноо, митинг өткөрүү сыяктуу нерсенин баарынын тамыры кыркылып турат. Ушундай чаралар көрүлгөн өлкөлөрдүн баарында кармоо жана камоо улам-улам болуп атып, аягында оппозиция калбай калат. Мына ошол шайлоого катышкан кишилер оппозиция боло алмак, болуп деле келишкен да. Бул топтогу кишилер шайлоо учурунда деле, андан кийин деле түрдүү маселелерде бийликке сын пикирлерин айтып келишкен да. Аларга чара көрүлдү, оозу басылды, натыйжада оппозиция жок калды. Азыр болсо оппозициянын ролун журналисттер аткарып жатышат. Аларга да жасалган мамилелерди болсо көрүп жатасыңар”.
Үч жыл ичинде түрдүү айыптар менен саясатчы-активисттердин жоон тобу, журналист-блогерлер кармалды. Быйыл январда 11 журналист жапырт кармалды. Мунун баары коомчулукта сөз эркиндигинин кысымга кабылышы катары каралып келатат. Ага кошумча президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин көбү өздөрүн бийликке оппозиция катары да көрсөтүп жүргөнү белгилүү.