Кыргызстандын парламентинде мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды. Бул маселенин тегерегиндеги талкуулар улам кызып бараткандай. Соңку аптада социалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө каршы флешмобдор өтүүдө. Бишкекте жекшембиге пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти.
Биз 1990-жылдардын башында мамлекеттик тууну кабыл алган “легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев менен ушул маселе боюнча маек курабыз.
-Жамин агай, "легендарлуу парламентте" мамлекеттик тууну кабыл алууда кызыл чеке талаш-тартыш болуп, сынакка түшкөн жүздөгөн эскиздердин ичинен азыркы тууну тандап алгансыздар. Азыркы өзгөртүү демилгесине жеке өзүңүз кандай карап жатасыз?
-Мен буга караманча каршымын. Анын себеби мен легендарлуу парламенттин депутаты болуп калып, ошол тууну кабыл алгандыгымда эмес. Кеп ошол туунун өзүндө. Азыр айтып жатышпайбы, туунун автору беш киши деп. Туунун автору толугу менен ошол легендарлуу парламент - 350 киши. Биз муну жарым жылдан ашык талкууланганбыз. Атайын комиссия түзүп, миңге жакын эскиздер келген. Комиссиянын башына белгилүү жазуучу Казат Акматовду шайлаганбыз. Ызы-чуу түшүп, талашып-тартышып жатып ал кезде үч символду элдин катышуусу менен кабыл алганбыз. Бардык чечимдерибизди элге чыгарып турдук. Ал кезде гезиттер күчтүү болчу. Гезиттер аркылуу таратып, эл чогуу эле катышып калды. Ошондуктан жалпы эл дагы автор десек болот. Биз элдин пикирин, оюн угуп, мүдөөсүн аткардык. Легендарлуу парламентте үч символду кабыл алдык. Ошол депутаттардын арасында чыгармачыл кишилер көп болду. Мына, Төлөгөн Касымбеков, Камбаралы Бобулов, Болот Шамшиев, Жалил Садыков, Эстебес Турсуналиевдей кыргыз деп күйүп, тарыхты жакшы билген инсандар бар эле. Ушулардын баары отуруп алып, талкуулаганбыз.
-Азыркы тапта туунун айрым авторлору баштапкы вариантта башкачараак эле, күн нурлары тик болгон, ошого кайтабыз деген таризде түшүндүрүп жатат. Түп нускасы башында азыркыдай эле болгонбу? Бара-бара өзгөрүп кеттиби?
-Күндүн нуру деп кырк урууну алганбыз да. Азыр айтып жаткан “желектин нурлары тик болсун” деген сунуш айтылган адегенде. Бирок ошого чыгармачыл адамдар каршы чыккан. “Бул эмне найза болуп калганбы? Күн ушинтип тийеби? Күн деген жалбырттап тиет да. Күндүн нуру чачырайт да!” - деп, кырк нурдун желбиреп калганы ошондон. Чынын айтканда, экөөнү салыштырып көрөлүчү, тик болгон менен желбиреп турганын. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей болуп жатпайбы. Мындай чыгарма чоң кишилердин айтканы менен кабыл алынган. Туубузду мактап жатканбыздын дагы бир себеби, бул жерде биздин бабабыз Манастын духу чагылдырылган. Азыр мен окумуштуу катары ойлоп көрсөм, күн түптүз тийиши мүмкүн эмес. Күндүн четиндеги температура 6000° экен. Ичинде 15 миллион градус. Тик тийсе, жердин баарында кургакчылык болуп күйүп кетпейт беле. “Нур деген балбылдап, жалбырттап турат” деген соң, биз алардын тилин алганбыз.
-Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов мамлекеттик туу кантип кабыл алынганын эскерүүсүндө деталдуу жазыптыр. Менин байкоомдо, ошол талкуунун көбү, талаш-тартыш “Туунун түсүн кандай кылабыз? Көкпү же кызылбы?” дегендин тегерегинде жүрүптүр.
-Тууга аябай чоң көңүл бурганбыз. Гербдин, Гимдин дагы мааниси чоң. Бирок, менимче, биринчи орунда Туу турат. Туу өзүнчө бир бийик максатка шыктандырган, улутту бириктирген символ болгон да. Бул Тууда кыргыз элинин улуттук идеологиясы жана Манастын духу турат. Күндүн нурун алтынга окшоттук. Анткени “алтын”, “баалуулук”, “байлык” дегенди түшүндүрдү. Кырк нурдун болгону Манас атанын кырк урууну бириктирип, мамлекет түзгөнүн түшүндүрдү. Түскө келгенде, туура, аябай талаш болду. Ал жердеги негизи талаш, чындыгында, түс боюнча болгон. Биз түндүктү тапканыбызга ушунчалык сүйүндүк. Тапкандан кийин дароо кабыл алганга шаштык. Анткени “казактар дагы өздөрүнүн желегинде түндүктү коюп алыптыр. Бирок алардыкы көк болот экен” дегенди угуп калдык. Түндүк деген эми ыйык нерсе да. Боз үйдүн түндүгүнөн түтүн чыксын. Түтүндү аалам менен байланыштырып, “ааламга жол айылдан башталат” деп жатпайбызбы. Эл бата бергенде “түндүгүңдөн түтүн чыксын” дешчү. Эң жаман кишилерге, өзгөчө эл саткан, жер саткан кишилерге, душманга сатылган чыккынчыларга “түндүгүң түшүп калсын” деп каргыш айтышчу. Мына, түндүктүн мааниси. Түндүк деген боз үйдүн борбору да. Ошондуктан мындан эч кандай талаш болгон жок. Өңүнө келгенде экиге бөлүндүк.
Ал кезде коммунисттик доор болчу. Коммунисттер чогулуп, мурун дагы коммунисттик идея болгондугу үчүн “кызыл тууну алабыз” дешкен. Жаштар, демократ кыймылдар “көк, көгүлтүр кылалы”, “көгүлтүр Ысык-Көлдөй болсун”, “көк - бул тынчтык, туруктуулук” дешти. Анан биз “окумуштууларды чакыралы” деп, Улуттук илимдер академиясынан чакырттык. Бүбүйна Орузбаева деген мыкты академигибиз бар эле. “Манасты” мыкты изилдеген Самар Мусаев деген аксакалыбыз бар болчу. Парламентте Самар Мусаев суроолорго жооп берди. “Манас бабабыздын Туусунун өңү кандай эле? Ошол жөнүндө талаш-тартыш болуп жатат” деп сурадык. Анан ал киши “Манас атабыздын Туусу кызыл болгон. Ошон үчүн “көк асаба, кызыл туу” деп айтылып калган” деп жооп берди. “Манастын үстүнөн чыккан турбайбызбы. Манастын туусу кызыл болгон турбайбы” деп, анан талаш токтоду. Көк тууга каршы чыккандар түштүк облустарынан келген депутаттар болду. Өзгөчө аял депутаттар чыркырады. “Бизде түштүктө “көк” деген аза күтүүнүн белгиси” дешти. “Муну уккан эмеспиз, билбейбиз” деп туруп калдык. Анын ушунун негизинде аягында добуш бергенде көпчүлүк добуш менен кызыл туу өтүп кеткен.
-Эгемендикти алгандан кийин, ар бир чакырылышта мамлекеттик символдорду өзгөртүү керек деп чыккандар болот. Же Гимндин кайсы бир саптары жакпай калат, же тууну “күн карамага окшош” деп чыгышат. Эмне үчүн мамлекеттик символдорго кол тийгис таберик катары карай албай жатабыз?
- 90-жылдары, тууну кабыл алгандан кийин Нью-Йоркко, Бириккен Улуттар Уюмуна барып калып, эки жүзгө жакын мамлекеттин туусун карап чыкканым эсимде. АКШнын, Англиянын, Жапониянын туусун макташат. Бирок салыштырганда, туубуз ушунчалык терең мазмундуу экен. Көпчүлүгү туунун сырткы көрүнүшүнө, формасына караган, а биздики мазмуну боюнча терең экен. Ошол жерде тургандардын баарына, элчиликтин өкүлдөрүнө эмне үчүн Күн болуп калгандыгын, эмне үчүн кырк нур болуп калгандыгын айтып бергем. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей эле, символдорду өзгөртөбүз деген бизде адат болуп калды. Улам кийинки келген депутаттар ушинтип саясий пиар уюштурушат. Ал кезде, туу кабыл алынган мезгилде биз пиар дегенди билчү эмеспиз. Символикага асылып, өзгөртөбүз деген бир илдет болуп калды.
Мына, Гимнди өзгөртөбүз деп чыгышкан. Ал үчүн атайын комиссия түзүшүп, ызы-чуу болушкан. Гимндин обонун Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, сөзүн Шабданбек Кулуев, Жалил Садыков жазган. “Бейкут” деген сөзгө асылып туруп алышкан. “Бейкуттук” дегендин эмнеси жаман экенин билбейм. Юдахиндин сөздүгүн карасам, “туруктуулук”, “стабилдүүлүк” деп жазылыптыр. Ошондо бир топ талашып отуруп, аягында “бейкуттукту” алып салышты. Же анын ордуна сөз таба алышпайт... Герб, Гимн боюнча гералдика жана вексиллология деген илимдер бар. Андагы талап боюнча Гимн үч куплеттен кем болбошу керек. Биздин гимн ошого туура келбей калды. Биринчиден, бул өткөндү сыйлабагандык. Ошол кездеги легендарлуу парламенттегилердин эмгегин сыйлап коюш керек да. Андан кийин Тууну өзгөртөбүз деп чыгышты. Алдыбызда орчундуу иштер турат, экономикалык-социалдык көйгөйлөр турат, кымбатчылык болот, турмушту оңдош керек десек, спикер баш болуп ушул маселени көтөрүшүп, элдин башын айлантып жатышат. Биринчиден, бул өзү саясий пиар. Экинчиден, элди алаксытуу үчүн жасалган ыкмабы деп ойлоп калам. Болбосо, чачтан көп башка жумуш толуп атса, мунун эмне кереги бар?
Бул жерде принципиалдуу талаша турган деле эчтеке жок да. Күндүн нуру менен байланышкан иш барбы? Эгерде Манастын туусу кызыл экендигине, нурлары кырк дегенге каршы чыкса, анда бир жөн. “Тик болуш керек. Күнкарамага окшош” дегендери эми саясий оюн го деп ойлойм. Бул азыркы биздин коомдун деңгээлин көрсөтүүдө. Канчалык өстүк? Аң сезим кандай болду? деген сөз. Ачык айтайын, кээ бир кишилерге таң каламын. Муну адегенде Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев көтөрүп чыккандай болгон. Ызы-чуу болуп турган кезде, президентибиз Садыр Нургожоевич интервью берип жатып, “туунун өзгөрүшүн каалайм. Бул өзү күнкарамага окшоп калыптыр” деди. Андан УКМК башчысы Ташиев айтты “бул позицияны колдойм” деп. Ошондон кийин карасак эле, депутаттардын өңдөрү, ойлору өзгөрүп кетти. Демек, жогору жактагы кишилер айтып койсо эле, ошол боюнча боло береби? Жогорку Кеңеш бийликтин өзүнчө мыйзам чыгаруучу бутагы болсо. Кыскасы, мыйзам чыгаруу бийлигине киришүүгө болбойт. Киришкен күндө дагы, мыйзам чыгаруучу бийлик, парламент өзүнүн жүзүн, принцибин көрсөтүп, өзүнүн сөзүн айтышы керек. Анан эле талкуулабай туруп, кол көтөрүп, макул болуп жатышпайбы. Ушуну көрүп алып, абдан капа болдум. Биздин парламент кайда баратат? Ээрчиме болуп калганбы? Чөнтөкчүл болуп калганбы? Жакшы жигиттер келди деп, аларга биз ишенип жатсак, ушундай болобу деп, бир топ кейип, азыркы коомдун аң сезиминин төмөндүгүнө абдан капа болдум.
- Тууну өзгөртүү маселесинин өзү парламенттин эркин сынай турган көрүнүш болуп жатат окшойт?
- Сөзсүз. Анын үстүнө булар ойлошу керек да, “калк айтса калп айтпайт” деген кеп бар. Эл тараза, мезгил тараза. 1992-жылы мартта кабыл алганбыз. Андан бери 31 жыл өттү. Эртең менен кабыл алдык, түштөн кийин кечке жуук батыраак тууну жасатып, азыркы Ак үйдүн жогору жагына көтөрүп, аянтка миңдей киши чогулуп, ошондо “ушинтип Туулуу болдук” көзүбүздөн жаш алганбыз. Ушунун баарын сыйлабай, бул ишке баргандыгы коомго, элге дагы жаккан жок. Нурдун түз же желбиреп калганынан башка деле толгон токой маселелерибиз бар. Ошолор менен иштеш керек.
Эгемендик элдин миңдеген жылдар бою көксөгөнү болду. Кээ бирлери ойлойт ал өзүнөн-өзү келди деп. Жок, бул үчүн канча кан төгүлдү, башкасын айтпасак дагы, 1916-жылды алалы. Ошентип эркиндик алдык, туубузду көтөрдүк. Ошол биздин тагдырыбыза туш келип калды. Биз тарыхый ишке абдан орчундуу көңүл бурдук. Бул жерде Туу жөнүдө сөз кылганда, бизди бириктирген түндүк болгон. “Туубуз мыкты болду” деп ойлогонбуз. Кийинки күндөрү карап көрсөңөр, көп эле делегацияларга баруудабыз, “тууңар жаман” деген бир сөздү уккан жокмун. Жаман сөздү ичибизде өзүбүз айтып жатабыз.
- Сиздер кабыл алгандан кийин эл кандай кабыл алган эле?
- Үч символду - Тууну, Герби, Гимни кабыл алдык. Эң көңүл бургандары, эң жакшы көрүлгөнү туу болгон. Эл арасында Манас эч убакта унутулбайт экен. Ошон үчүн “Манасты” жөнөкөй эле бир жомок, легенда катары эмес, өзүбүздүн каарманыбыз, кыргыздын улутун, мамлекетин түзгөн киши катары баалашыбыз керек. Совет доорунда Чыңгыз хандын атын айттырчу эмес, “душман, феодал” деп. Ал эми азыр Монголияга барсаң, Чыңгыз хандын туусун көтөрүп алып, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына чыгабыз дешет. “Туу”, “ата-баба” укмуштуудай ыйык нерселер экен.
- Азыркы талкууга келсек. Балким, Тууну өзгөртүүнү референдум аркылуу чечиш керектир. Сиздин пикир кандай?
- Депутаттар жоопкерчилигин, келечегин ойлонушуп, 2-3-окууга келгенде, алып ташташар деп ойлойм. Элдин тилин албасак, элдин агымы менен жүрбөсөк, анда бийликке дагы кыйын болуп калат. Эл арасындагы талкууну эске алуу менен 2-окууда бул сунушту алып коёр деген үмүттөмүн.