Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

Мексика аркылуу АКШга өтө албай тургандардын маселеси көтөрүлдү


Мексика аркылуу АКШга өтүүгө аракет кылган мигранттар. Архив сүрөт.
Мексика аркылуу АКШга өтүүгө аракет кылган мигранттар. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 21-октябрдагы жыйынында Мексика аркылуу барып, АКШнын аймагына кире албай турган жарандардын маселеси көтөрүлдү.

Жыйында Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулу Болот Борбиев маалымат берип, депутат Алтынбек Кылычбаев Мексикада көптөн бери кармалып турган кыргызстандыктар бар экенин айтып, аларга көңүл бурууга чакырды.

“АКШга кире албай, азыр да Мексикада турган жарандарыбыз бар. Бул боюнча сүйлөшүүлөрдү элчилик жүргүзгөнү үчүн бизде толук маалымат жок. Бизге караштуу 31 штатка кирип жаткан жарандарыбыз тууралуу тиешелүү кызматтардан маалымат түшүп турат. Алар атайын борборлорго келип, белгилүү жараяндар жүргөндөн кийин АКШнын аймагына киргизилет же Кыргызстанга жөнөтүлөт”, - деди Болот Борбиев.

Жыйында берилген маалымат боюнча Чикагодогу консулдук тейлеген АКШнын 31 штаты боюнча соттолуп, абакта кармалган жарандар жок. Бир жаранга байланыштуу тергөө иштери жүрүүдө. 2023-жылы сегиз, быйыл беш кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында жашайт жана алардын саны расмий эмес маалымат боюнча 40 миңден ашат.

5-июнда АКШ президенти Жо Байден Мексика тараптан өтүп барган мыйзамсыз мигранттардын башпаанек алуу эрежелерин катаалдаштыруу тууралуу буйрук берген. Эми аларды артка кайтаруу мурдагыга караганда оңой болуп калмакчы.

Соңку 2-3 жылдын ичинде АКШга мыйзамсыз барып иштөөгө умтулган кыргызстандыктардын саны көбөйдү.

АКШга барам деп алданып, ара жолдо калган мигранттар да болууда. Америкага жол тарткандар арасында Мексиканын чек арасынан өтө албай артка кайткандар да бар.

XS
SM
MD
LG