Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

16-октябрь: Орусиядагы мигранттар көйгөйү көтөрүлдү, Казакстан БРИКС уюмуна кошулууну көздөбөйт


Коллаж сүрөт
Коллаж сүрөт

16-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келатканын билдирди. Президент жакында эле Европа Биримдиги менен кызматташуу жөнүндө документке кол коюлганын, Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттер менен да тыгыз кызматташып жатканын кошумчалады. Садыр Жапаров бул тууралуу Ашхабад шаарындагы эл аралык форумда “Россия-1” телеканалынын журналистинин тышкы саясат боюнча суроосуна берген жообу боюнча комментарийинде айтты. 8-октябрда Садыр Жапаров “Россия-1” телеканалынын журналистинин Орусия менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн алакасына Батыштын көз карашы жөнүндөгү суроосуна жооп берген. Анда ал Батыш өлкөлөрү Орусия менен башка мамлекеттердин кызматташуусуна “көрсөтмө бербеши керек” деп айткан.

Жогорку Кеңеште Орусияда кысымга кабылган мигранттардын көйгөйү айтылды

Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы отурумунда айрым депутаттар Орусияда кыргызстандык мигранттар укук коргоо органдарынын басым-кысымына кабылып жатканын айтып, бул Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарын бузарын билдиришти. Депутат Эмил Токтошев “Орусияда бизге арызданган жарандарыбыз көп. Аларды кемсинтүү, басмырлоо, “Сахарово” борборуна алып барып кыйноо фактылары бар. Орусияга барганда аэропорттон кармап алып “эмнеге келдиң?” деп суроо берип киргизбей жатышат”, - деди. Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Быйыл 9 айда селден 22 адам каза болду

Кыргызстанда быйыл 9 айда селден 22 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) январь-сентябрь айларында аткарган иши талкууланган жыйында айтылды. Мекеменин маалыматына ылайык, сел 5354 турак жайды каптап, 102 үй авариялык абалга келген. 135 автоунаа зыянга учурап, 138 үйдү капиталдык оңдоого туура келген. Ушул жылдын баштапкы жети айында селден мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген.

Өкмөт 2024-жылы бирдиктүү салык декларациясын жоюуну көздөп жатат

2025-жылы Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясынын жоюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын маалыматына ылайык, учурда өкмөттө жарандарды бирдиктүү салык декларациясынан бошотуу маселеси каралып жатат. Эгерде талдоолор мунун жакшы жактары басымдуулук кыларын көрсөтсө, анда декларациялоодон толугу менен баш тартуу чечими кабыл алынышы ыктымал. Бирдиктүү салык декларациясы – бул салык отчеттуулугу. Анын максаты субъекттин салыктык милдеттенмелерин эсептөөгө тийиш болгон экономикалык ишмердиги, кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү тууралуу маалыматты берүү болуп эсептелет. Бирдиктүү салык декларациясын Кыргызстандын аймагындагы юридикалык тараптар жыл сайын 1-апрелге чейин, жарандар 1-майга чейин милдеттүү түрдө тапшырат.

Израил шаршембиде эртең менен Бейруттун жака белине сокку урду

Рейтер агенттиги маалымдагандай, анын алдында АКШ Ливандын борборуна масштабдуу чабуул коюуга каршы экенин билдирген. Курмандыктар өскөнү, региондогу жаңжал мындан ары курчуйт деген кооптонуулар күчөп жатат. Күбөлөр эки жарылуунун добушу угулганын, эки конуштан коюу түтүн каптаганын Рейтер агенттигине айтып беришти. Израил анын алдында жергиликтүү тургундарды эвакуацияланууга чакырып, бирок бир эле имарат сөз кылынган. Израилдин армиясы – ЦАХАЛ ливандык "Хезболла" уюмунун Дахия деген райондо жер астындагы кампада сакталган стратегиялык куралы бутага алынганын билдирди. Аскерлер карапайым элге зыян келтирбөө чаралары көрүлгөнүн кошумчалады. Ливандын түштүгүндөгү Набатие шаарында израилдик соккудан кеминде 6 киши, арасында мэр каза тапканын коопсуздук тармагындагы булактарга таянып Рейтер кабарлады.

Украин президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага "жеңиш планын" сунуш кылды

Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген "жеңиш планынын" долбоору ага чейин АКШ президенти Жо Байденге таанышуу үчүн берилген. Зеленский согуштун жыйынтыгы дүйнөнүн алдыдагы 10 жылдагы окуяларына таасир этерин белгиледи. Президент "кылмышкерлер коалициясына" эми Орусия гана эмес Түндүк Корея да кирип калганын айтып, Иранды Орусияга курал берип жатканы, Кытайды орус президенти Владимир Путиндин чырагына май тамызганы үчүн айыптады. Беш пункттан турган планда Украинаны согуш аяктагычы эле НАТОго кабыл алуу, орус аймагында операцияны улантуу менен "урушту Орусияга кайтаруу", Украинага ядролук эмес стратегиялык курал жайгаштыруу, өлкөнүн стратегиялык-экономикалык дараметин арттыруу каралган. Зеленский дагы үч жашыруун жобо бар экенин, бирок алардын мазмунун ачык айтпасын билдирди. Анын айтымында, Батыш өнөктөштөрү долбоордун деталдары менен таанышып жатат. Батыш азырынча Зеленскийдин долбоорун расмий комментарийлеген жок.

Ооганстанда башкарган "Талибан" Өзбекстандан Термезде концерт өткөрбөөнү өтүндү

Маалыматка караганда, талибдер концерттерди өткөрүү маданий жана диний нормаларга каршы келет деп эсептешет. Соода түйүнүндө өзбек артисттеринин катышуусунда концерттер уюштурулуп келет. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги “Талибандан” эч кандай кат албаганын билдирди. "Термез" эл аралык соода борбору августта ачылган. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен ага “эркин экономикалык аймак” деген макам берилген. Эки тараптын макулдашуусунда Ооганстандын жарандары борбордо визасыз 15 күн кала алат, соода кылып, мекенине кайтат деп каралган. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Бирок Ташкент Борбор Азияда биринчи болуп “Талибандын” элчисин кабыл алды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Тегеранда кармалды

АКШ жана Ирандын жараны Реза Вализаде бир топ жыл чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн. Маалыматка караганда, үч жума мурда кармалган журналист фарс тилиндеги чет элдик медиа менен кызматташканы үчүн айыпталууда. Ирандын расмий өкүлдөрү Вализаденин кармалышын азырынча комментарийлеген жок. Ал "Фарда" радиосунан ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фарс тилиндеги кызматы) эки жыл мурун кеткен жана бир нече убакыт чет өлкөлөрдө жашап жүрдү. Х социалдык тармагындагы 13-августтагы акыркы постунда Вализаде 16-мартта Тегеранга барганын жазган. Журналист Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматы менен сүйлөшүүлөр "жарым-жартылай аяктаганын" маалымдаган. Бирок 14 жыл бозгунда жүргөндөн кийин өз эрки менен Иранга кайткан. Пост кандай шартта жазылганы белгисиз.

Казакстан жакынкы келечекте БРИКС уюмуна кошулууну көздөбөйт

Бул тууралуу казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. Tengrinews.kz. маалымдагандай, бул - уюмга кошулуу арызы көпкө каралганы, андан тышкары анын “өнүгүү перспективаларына байланышкан” маселелер менен түшүндүрүлөт. Уали президент Касым-Жомарт Токаевге БРИКСке кошулуу сунуштары түшкөн, бирок улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен ал “эл аралык актуалдуу маселелер талкуулана турган универсалдуу уюм катары БУУга артыкчылык” берерин айтты. Акордонун расмий өкүлү президент эмки аптада БРИКСтин Казандагы саммитине катышарын бышыктады. Быйыл уюмга Орусия төрагалык кылууда. БРИКСти 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка негиздеген. Быйыл ага Иран, Бириккен Араб Эмирлиги, Эфиопия жана Египет кошулду. Ошондой эле мүчө болуу арызын Малайзия менен Азербайжан жолдоду. Bloomberg өз булактарына таянып, бир нече ай мурун Түркия да БРИКСке кирүү ниетин билдиргенин жазган.

XS
SM
MD
LG